Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:54

Австрия: Чуулгандуу видео өкмөттү жарга такады


Австриянын кызматтан кеткен вице-канцлери Хайнц-Кристиан Штрахе, 18-май, 2019-жыл.
Австриянын кызматтан кеткен вице-канцлери Хайнц-Кристиан Штрахе, 18-май, 2019-жыл.

17-майда чыккан тасмада вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе орусиялык аял менен сүйлөшүп, шайлоону каржыласа, кийин Австрия өкмөтү аларга бир топ кирешелүү бизнес келишимдерди бериши мүмкүн деген өңүттө сөз болгон.

Бул видео эки жыл мурун тартылган. Анда Австриянын ашынган оңчулдардын "Эркиндик" партиясынын лидери Хайнц-Кристиан Штрахе өзүн "орусиялык баймын" деп тааныштырган Алёна Макарова аттуу келин менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Макарова Штрахеге шайлоодо каржылык жана саясий колдоо көрсөтүп, бул үчүн өз бизнесин илгерилетүүгө жардам күтөрүн айтат.

Чуулуу видео кезексиз шайлоого түрткү болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Вице-канцлер Штрахе дароо эле видео тасмадагы айтылган сөздөрдүн чын экенин мойнуна алганы менен, ал кийин иш жүзүндө эч кандай мыйзам бузбаганын жүйө келтирди:

"Мен анда кызуу болуп алып, татынакай ишкер айымга жагынуу үчүн ашкере мактанып, өзүмдү жаш баладай алып жүрүптүрмүн. Мен бул кылыгым менен жубайымдын да көңүлүн ооруттум. Филиппа, мен сени сүйөм. Кылганыма чын жүрөктөн кечирим сурайм".

Вице-канцлер 18-майда кызматынан чегинип, мыйзамга ылайык өзүнүн актыгын далилдегенге даяр экенин айтты.

Александр Ван дер Беллен, Австриянын президенти
Александр Ван дер Беллен, Австриянын президенти

Штрахе кызматтан кеткенден көп узабай Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен канцлер Себастьян Курц менен жолугуп, ушул жылдын сентябрь айында кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды.

Президенттин айтымында, бул шайлоо чуулгандуу видео тасмадан жапа чеккен Австрия өкмөтүнө болгон элдин ишенимин кайтарыш керек.

“Мен азыркы болуп жаткан көрүнүш Австрия үчүн жат нерсе экенин айттым. Мындай федералдык өкмөткө толук ишене албайм. Андыктан биз канцлер мырза менен ушундай бүтүмгө келдик. Австрия үчүн ушул тапта жалгыз туура жол – кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү” - деди президент.

Европадагы таасирдүү лидерлердин бири Ангела Меркель да бул окуяны жалпы Еврошаркеттеги маселе катары баалап, “саясатчыларды сатып алуу” жана популизм менен күрөшүү зарылдыгына токтолду:

“Европа – бирдей баалуулуктарды туу туткан өлкөлөрдүн биримдиги. Азыр биз ушул баалуулуктарга жана Европа биримдигине каршы болгон популисттер менен күрөшүп жатабыз. Биз чечкиндүу туруп, алсыз азчылыктарга жардам беришибиз керек. Жалпы адам укуктарын басмырлоодо сатылма саясатчылардын ролу чоң. Биз буга каршы күрөшүп, алдыга умтулушубуз керек”.

Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль үйлөнүү тоюнда президент Владимир Путин менен бийлеп жатат.
Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль үйлөнүү тоюнда президент Владимир Путин менен бийлеп жатат.

Бул азыркы Австрия өкмөтүндөгү Орусияга байланыштуу биринчи чыр эмес. Буга чейин ушул эле ашынган оңчул "Эркиндик" партиясы көрсөткөн тышкы иштер министри Карин Кнайсль үйлөнүү тоюна жакын достору менен бирге Орусиянын президенти Владимир Путинди чакырганы да бир топ талаш-тартыш жараткан.

Австрияда 2017-жылдын 15-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо Себастиан Курц жетектеген Элдик партия жеңишке жеткен. Эки айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Курцтун партиясы ашынган оңчулдардын "Эркиндик" кыймылы менен коалиция түзүп, 31 жаштагы саясатчы өкмөт башчылыкка дайындалган.

  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG