Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Күн системасындагы тогузунчу планета


Жаңы табылган планетанын Күн системсындагы орду. (NASA / JPL-CALTECH)
Жаңы табылган планетанын Күн системсындагы орду. (NASA / JPL-CALTECH)

Жаңы планетанын массасы Жерден 10 эсе чоң. Күн системасындагы эң алыскы планета Нептундан да ыраак жана андан 4,5 миллиард чакырым алыста айланат. Бирок жаңы планетаны азырынча эч ким телескоптон көрө элек.

Күн системасында дагы бир чоң планета бар экенин америкалык астрономдор Майкл Браун менен Константин Батыгин суперкомпьютерди пайдаланып түзүлгөн математикалык моделдин жардамы менен теориялык жактан далилдешти.

Эки окумуштуу Күн системасындагы Коплердин кемери деп аталган мейкиндикте жети объект бир багытта баратканын астрономиялык байкоолорду математикалык моделдин негизинде суперкомпьютердин жардамы менен анализдеп жатып байкашкан.

Коплердин курундагы учуп жүргөн миллиарддаган объекттер негизинен метан, аммиак, суу (анын ичинде Плутон планетасы да бар) сыяктуу учма заттардан турат.

Калифорния технологиялык университетинин изилдөөчүлөрү Майкл Браун (Michael E. Brown) менен Константин Батыгиндин (Konstantin Batygin) далилдешинче, алардын баары тең чоң бир планетанын гравитациялык талаасында кармалып турат. Алардын жаңы планета тууралуу “Күн системасындагы алыскы чоң планетанын бар экенинин далилдери” (Evidence For A Distant Giant Planet In The Solar System) деп аталган теориялык макаласы АКШнын Астрономдор коомунун Астрономия журналында (The Astronomical Journal) 20-январда чыкты.

Калифорния технологиялык университетинин астроному Майкл Браун. 20-январь, 2016
Калифорния технологиялык университетинин астроному Майкл Браун. 20-январь, 2016

Профессор Браун Рейтер агенттигине курган маегинде айткандай, алар алдагы планетаны телескоптон көрүшкөн эмес. Бирок анын биз жашаган Күн системасына таасири күчтүү экенин байкадык дейт Браун.

- Биз галактиканын четиндеги берегидей таңкалычтуу процесстерге жападан жалгыз түшүндүрмө таптык: ал жакта массасы Жерден 10 эсе чоң планета бар. Ал Күндөн Нептундан да алыс жайгашкан жана эллиптикалык орбитада айланып жүрөт. Азырынча биз аны көрө элекпиз, бирок анын биздин Күн системабыздын бир бөлүгүнө гравитациялык жактан таасир эткенин байкадык.

Жаңы “табылган” планетанын массасы Жерден 10 эсе чоң. Ал Күн системасындагы эң алыскы планета Нептундан да ыраак жана андан 4- 5 миллиард чакырым алыста айланат.

Америкалык илимпоздордун боолгошунча, ал 4,5 миллиард жылдай мурда Күн системасын газ булуттар курчап турган кезде пайда болгон.

Жаңы планета Күндөн аябай алыс болгонго байланыштуу Күндү 10-20-миң жылда бир тегеренет деп жазат Science илимий журналы. Азырынча астрономдор теориялык жактан бар деп табылган чоң жылдызды “Х планетасы” деп аташты. Аны аалам коюнунан телескоп менен табууга дагы көптөгөн жылдар кетет деп жоромолдошот илимпоздор.

Күн системасындагы планеталар
Күн системасындагы планеталар

Константин Батыгиндин “Лента.ру” сайтына берген маегинде айтышынча, ааламдын узаккы кыйырындагы Х планетасын Subaru телескобу менен издөө керек. Береги 8,2 метрлик оптикалык телескоп Жапониянын Улуттук астрономиялык обсерваториясына таандык жана Subaru Гавай аралдарында 4139 метр бийикте орнотулган. Анын күзгүсү аалам коюнун көрчү дүйнөдөгү эң чоң күзгү болуп эсептелет.

Эскерте кетчү нерсе, Нептун планетасын француз математиги Урбен Жан Жозе́ф Леверье астрономиялык байкоолорду математикалык моделдин негизинде анализдеп, 1846-жылы ачкан.

Азыр Күн системасында сегиз планета бар: Меркурий, Венера, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун.

XS
SM
MD
LG