Азыр түндүк Арал кайра тайыз болуп, суу ээн калды, бирок Тастубекте жашоо кадимкидей уланууда: ата-бабаларынын эзелки жолун улантып, балыкчылар күн сайын талыкпай тор жайып, аз болсо да балык кармашат.
Сыр-Дарыя – Борбордук Азиядагы эң чоң дарыя – төрт өлкөнү: Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанды аралап өтүп, аягында Арал деңизине куят. “Азаттыктын” кабарчысы жана фотосүрөтчүсү Пётр Троценко Сыр-Дарыяны жээгинде жашаган карапайым калктын – балыкчы, соодагер, дыйкандардын жашоо-тиричилиги аркылуу дарыянын азыркы абалы жөнүндө баяндап берүү үчүн дарыянын жана анын куймаларын бойлой саякатка чыкты. Ал ошондой эле Сыр-Дарыя бассейнинин көйгөйлөрүн изилдеп, аларды чечүү жолдорун издеген адистер менен да баарлашты.
Таң эми эле агарды, күндүн көзү көрүнө элек, купеде таңкы күүгүм. Арал деңизине чектеш талааны эскирип, тамтыгы чыккан поюз менен аралап баратам. Терезеде бир нече саат бою опокшош көрүнүш: жалаӊ гана бозоргон саргылт талаа, бетондон тургузулган электр мамылары, бекеттердеги чаң баскан чөптү беймарал оттогон төөлөр.
Мен Кызыл-Ордодон бир кезде ушунчалык чоң болгондуктан деңиз деп аталып калган көлдүн жээгиндеги Арал шаарчасына баратам. Темир жол бекети азыр деле “Арал деӊизи” деп аталат, бирок бул жерде качандыр бир кезде суу көп болгонун эстегендер аз.
Мен түшкөн вагондогу купе ушунчалык эскирип бүткөн – Арал деңизинин толкундары пристанга согулуп, портто балык уулоочу кемелер байланып турган мезгилде да киши ташыган окшойт. Андан бери жарым кылымдан ашык убакыт өттү. Азыр порттун какыраган түбүнө талаанын ысык шамалы келип, туздуу чаӊды сапырууда.
Менин сапарым Арал шаарчасынан бүтпөйт. Андан ары он километрдей тартылып кеткен деңиз жээгине жетиш керек. 1980-жылдардын аягында тездик менен тайыздана баштаган Арал деңизи түндүк жана түштүк деген эки бөлүккө ажырап калган. Сыр-Дарыя куйган, азыр Кичи Арал деп аталып калган түндүк бөлүгүнө, дарыянын агып түшкөн жерине суунун түштүк Аралга агып кетишине жол бербеген дамба куруу чечими кабыл алынган.
Адегенде дамба кум менен чоподон үйүп жасалган, ал борпоӊ болгондуктан эки жолу жырылып кеткен. Андыктан Дүйнөлүк банк талаптагыдай бетондоп курууга акча бөлүп, 2005-жылы 13 чакырымдык Көк-Арал дамбасы жасалды, бирок ал деле ойдогудай болгон жок.
Биринчиден, бийиктиги жетишерлик эмес – алты метр гана болгондуктан, Кичи Аралдагы суу ушул деңгээлге көтөрүлгөндө, ашыкчасын дээрлик какшып калган түштүк бөлүгүнө агызууга туура келет. Суу менен кошо кеткен балык да өтө туздуу чөйрөдө кырылат. Плотина Сыр-Дарыядан суу келбей калган түштүк Аралдын соолушун да тездетти. Азыр Кичи Аралдагы суунун көлөмүн көбөйтүү үчүн дамбанын деңгээлин алты-сегиз метрге көтөрүү зарыл деп жатышат, бирок буга деле көп каражат керек.
2000-жылдардын ортосунда Кичи Аралды сактап калуу долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды деп эсептелген: суу сактагыч толуп, туздуулук азайып, балык көбөйө баштаган эле. Арал деңизи кайра калыбына келет деп дагы эле сөз кылып калышат, бирок буга ишенгендер аз: Сыр-Дарыя байыган сайын көл ого бетер тартылары анык.
Бирок адамдар соолуп бараткан деңизге жакын жашап, кылымдар бою ата-бабалары аркалап келген балык улоо кесибин таштабай улантууда.
ТАСТУБЕК
Арал шаарына жеткенде поюздан түшүп, машинге отурам. Арал деңизинин катаал климатына жана өӊгүл-дөӊгүл жолдоруна ылайыктап чыгарылгандай жапониялык чоң жол тандабас мени шаардан жүз чакырым, деңизден беш чакырым алыстыкта жайгашкан Тастубек айылына алып баратат. Ал жерде балыкчылар, малчылар жашайт. Тастубекте туруп алектенгидей башка эч нерсе деле жок.
Машинени кырк жаштардагы Серик айдап баратат. Арал шаарында туулуп-өскөн. Ал өз жеримди жакшы көрөм, эч жакка кетким келбейт дейт. Серик шаардын жанында бир кезде деңиз болгонун Арал менен мамыр-жумур жашап өткөн ата-энесинин эскерүүлөрүнөн улам гана билет.
– Апам "Аралрыбпром" балык заводунда 25 жыл иштеген. Ири завод, шаардын жашоосун камсыздаган ишкана болгон экен, – дейт Серик. – Аралда суу бар кезде балык заводунда үч миңге жакын адам иштеп турган. Атам кеме куруучу заводдо эмгектенчү. Бирок суу тартылып, бул ишканалардын баары жабылып калыптыр.
Сериктин Аралда чакан бизнеси бар: ал туристтерди Арал чөлкөмүнүн эң белгилүү жерлерине алып барат. Балыкчылардын ээн калган кыштактары, Кичи Арал, Көк-Арал дамбасы... Бир кезде кургакта калган кемелерди көрүүгө болор эле, бирок жергиликтүү тургундар аларды эчак бузуп, темир сыныгы катары акчага өткөрүп ийишкен. “Туризм, – дейт Серик, – кирешелүү, бирок сезондук бизнес, анткени кышында бул жерлерге чоочун адамдар сейрек келишет”.
Асфальт төшөлгөн тилке күтүүсүздөн эле түгөнүп, эски шагылдуу жолго өттүк. Чаң тозуп, машина титирей баштады. Серик терезелерди жаап, кондиционерди иштетет, ансыз бул жерлерде, айрыкча биринчи ирет баргандар чыдабайт. “Бирок жергиликтүү тургундар үчүн, – дейт Серик жылмайып, – ысык, чаң жана шамал – баары күнүмдүк көнүмүш эле нерселер”.
– Мурда адамдар көп ооручу экен: шамал соолуган деңиздин түбүндөгү тузду сапырып келип, дээрлик ар бир экинчи адамдын өпкөсү жана бөйрөгү илдетке чалдыккан дешет. Бирок азыр андай эмес, анча оорубай калдык окшойт. Көнүп бүткөндүктөн го, балким. Мына, Кичи Арал сууга толуп, туз көп чаӊыбай калды.
Сүйлөшүп отуруп, Жаланаш айылынан да өттүк. Анда деле мурда балыкчылар жашаган экен, бирок кийин деңиз тартылып кетиптир. Бул жагынан Көк-Арал дамбасы курулганына байланыштуу Тастубектин балыкчы тургундары бактылуу экен.
1990-жылдары Арал ушунчалык тайыз болуп калгандыктан, ансыз деле кичинекей айыл (30 жыл мурун Тастубекте 90го жакын үй болгон) дээрлик жок болуп кеткен. Ал жерде башка барар жери жок жети-сегиз үй-бүлө гана жашап калган. Плотина курулгандан кийин Арал деңизинин түндүк тарабына суу кайра толо баштаганда эл кайра Тастубекке агылган. Булар негизинен балык уулоо менен тиричилик кылабыз деп үмүттөнгөн жумушсуз жаштар эле.
Азыр Тастубекте 120дай, балким, андан да аз адам жашайт. Так санын мага эч ким айта алган жок. Айылда төрт жылдык мектеп, электр жарыгы, бир жылдай мурун тартылган зымдуу интернет бар. Интернет начар тартат, бирок WhatsApp аркылуу сүрөттөрдү жөнөтүү жана Tik-Tok видео көрүү үчүн жарайт. Тастубекте уюлдук байланыш жок, ошондуктан интернет пайда болгонго чейин туугандардын абалын, дүйнөдө эмне болуп жатканын билүү үчүн айылдын сыртына чыгууга туура келчү.
Биз ата кесибин уланткан ага-ини балыкчылар Сержан менен Нуржандыкына келдик. Улуусу Сержан көптөн бери эле Аралда турат, бирок туулган жерине тез-тез келет. Нуржан өмүр бою Тастубекте жашайт, кетейин деген ою жок. Балык уулоо жана мал чарбачылыгы менен алектенет: төө, жылкы багат. Жубайы Айкөркү мектепте мугалим болуп иштеп, күйөөсү экөө төрт баласын тарбиялайт.
Шамалдан, күндөн тотугуп калган жапалдаш бойлуу, аз сүйлөгөн Нуржан өзү жөнүндө учкай эле кеп кылат:
– Бул жерде атам, чоң атам балык уулап өтүшкөн, мен алардын кесибин улантып жатам. Тастубекте жашаган жагат – жайлуу, тынч. Деңиз да жагат, балык бар. Башка жерге каалаган убакта көчүп кете алам, бирок каалабайм, анткени бул менин мекеним. Жайында кымыз, шубат жасайбыз, күзүндө бышкан эт сатабыз, кышында, жазында балык кармайбыз.
Нуржандын чоң жаңы үйү бар. Там оңдолуп бүтө элек болгондуктан, дагы эле жайкы ашканада турушат. Эшик алдында төө камаган кашаа жана бир нече малкана бар. Кечинде Айкөркү төөлөрдү саап, сатуу үчүн шубат бышат. Босогодо тайгандар жатат. Нуржандын айтымында, күзүндө жээктеги камыш арасынан өрдөктөрдү, талаадан коёндорду атууга болот.
Балык уулоо да – сезондук иш. Негизинен кышында жана жазында кызыйт. Суукта балык тынчыбай, ары-бери көп сүзгөндүктөн торго бат-баттан түшүп калат. Кармалган балык бузулбай, шаарга коромжусуз жеткирилет. Жайында күн ысыганда баа төмөндөйт. Балык салкынга качып, суунун түбүнө кетет да, аны кармоо кыйын болуп калат. Албетте, жайкысын айыл тургундары да балык кармашат, бирок көбүнчө өздөрү жеп, анча-мынча ашканын сатуу үчүн эле тор жайышат. Ал эми балыктын көп кармалышы суунун тереӊдигине жараша болот.
– 2019-жылы Сыр-Дарыяда суу тартылганда бул деӊиз тайыздай баштады, – дейт Нуржан. – Балык да азайды. Күнүнө 80–100 килограммдан кармаган жылдар болгон, азыр мындай болушу өтө кыйын.
Кеч кирип калды. Нуржан менен Сержан да балык уулоочу шаймандарды чогултуп, эски УАЗдын моторун текшерип, анан айылдагы ой-чуӊкурлуу жол менен деңизге жөнөштү. УАЗдар – Тастубектеги унаанын эң таанымал, ал тургай бирден-бир түрү, бул жерде башка эч кайсы машинени көрбөдүм. Сержан мунун себеби жөнөкөй эле дейт: бул аймакта жол жок болгондуктан, жөнөкөй, арзан жана төрт дөӊгөлөгү теӊ тарткан ушул унаа жарайт экен.
Деңиз жээгинде эскилиги ар кандай болгон бир нече УАЗ бар. Балыкчылар суусу тайыз жерлерде күймөнүшөт: кайыктарды даярдап, шаймандарын сүйрөп жүрүшөт. Сержан менен Нуржан да тору менен моторун алышты – 20 мүнөттөн кийин деңизге чыгабыз.
Кайык ылдамдап, күн батыш тарапка сызып баратат. Жээк да көрүнбөй, кайыктын артынан жашыл суу көбүктөнөт. Нуржан арт жагында отуруп, бир колу менен моторду башкарат. Тор жайыла турган жерге түз баруу үчүн экинчи колу менен GPS багыттоочун кармап алган.
Мына, кайык акырындап калды. Сержан менен Нуржан шаймандарды даярдай баштады, эми GPS багытоочунун так координаттарын аныкташат. Биз токтогон жер анча тереӊ эмес: тунук суунун түбүнөн балырлар көрүнөт.
– Биз тереңдикти өлчөгөн жокпуз, бирок деңиз тайызданып баратканы көрүнүп турат, – дейт Сержан, торду жайып, агасына узатып. – Быйыл жакшы, суу бир аз тереӊ, балык дагы көп.
Эми жээкке кайтабыз. Бир туугандар Аралда сазан, жере, көк балык, чортон, күмүш сазан сыяктуу балыктар кармалат дешет. Нуржандын айтымында, 1980-жылдардын аягында Азов деңизинен апкелинген камбаланын чабактары соолуй баштаган Арал деңизине коё берилгенде, алар күтүүсүздөн бул жерге көнүгүп, көбөйүп кеткен экен. Кийин интернеттен окусам, суунун туздуулугу артканда камбалага жагымдуу болуп, жакшы көбөйөт экен. Көк-Арал плотинасы курулгандан кийин Арал деңизинин туздуулугу бир топ азайганда камбала да жок болуп кеткен.
Тастубекке жеткенде күүгүм кирди. Балыкчылардын үйүндө төөнүн этинен жасалган бешбармак даяр экен. Сыртта укташат – жайдын кыска түнү тез эле өтүп кетет. Күн чыга электе торлорду текшерүү керек.
ТАҢ АТКАНДА
Эми эле уктаганда ойготкуч шыңгырап калгандай болду. Көзүмдү араң ачып, саатты карайм: 3:30 болуптур. Балык уулоого жөнөй турган убакыт. Тастубекте короодогу иттер менен түнкү канаттуулар уктап жаткан таң ата электегидей тунжураган жымжырттык өкүм сүрүүдө. Жарганаттар гана азыгын издеп айылдын үстүнөн шоокум салбай учуп жүрүшөт.
Эски УАЗ бизди баягыдай эле тааныш жолдо силкилдетип баратат. Азырынча эч ким ойгоно элек. Мындайда бирөө менен сүйлөшкүӊ деле келбейт, ошондуктан машиненин саргыч нур чачкан жарыгы менен талаага көз чаптырып унчукпай баратабыз. Артыбыздан тазы иттер ээрчип алган – жаңыдан кармала турган балыктан үмүттөнүшөт окшойт. Жээкке балыкка келген бир нече УАЗ тизилип турат. Алар кечээтен бери жээктен алыстай элек окшойт.
Бир туугандар моторун алып чыгып, сазда жүргөнгө ылайык ултарылган кончу бийик өтүктөрүн кийишти. Кайык менен сүзүп жөнөдүк. Он мүнөттөн кийин биринчи торго жетип токтодук: таң алдында күүгүмдө желим бөтөлкөдөн жасалган белгилерди көрүүгө болот. Сержан кайыктын тумшугуна туруп, торду суудан кылдаттык менен, бирок тез эле тартып чыгара баштады. Нуржан анын жанында туруп, балыкты тордон алып кайыктын түбүнө ыргытып жатты. Биринчи торго орточо чоӊдуктагы 18 сазан түшүптүр.
Экинчи торго аз түшүптүр: он чакты майда сазан жана эки лещ чыкты.
– Жай мезгилинде ушундай эле болот, – дейт Сержан, бирок үнүнөн анча көӊүлсүз экени сезилет. Бир аз алысыраак жерде дагы бир кайык термелип турат. Сыягы, бүгүн башкалар деле анча көп кармай албагандай.
Төбөдө чардактар чарк айланып учуп жүрөт – кармалган балыктан илип кетмекчи окшойт. Бирок жакындап келүүдөн коркот: кайыктагы адамдар өтө көп. Бир туугандар торду жайып коюп, кайра жээкке жол тартышты. Элет жериндеги турмуштун бүгүнкү түйшүктөр эми гана башталат: жылкы, төө багуу, мотору кайрадан такылдай баштаган эски УАЗды дагы бир ирет текшерип көрүү керек.