Алматыдагы Украинаны колдогон митинг
Казакстандын Алматы шаарында 6-март күнү Украинадагы согушка, Орусиянын агрессиясына каршы митинг өтүп, жүздөгөн адам чогулду. Алар Украинанын желегин көтөрүп, “Жашасын, Украина!", "Согушка жол жок!", "Путин, Гаага, түрмө!" - деп кыйкырып турушту. Иш-чарага Алматынын акимчилиги уруксат берген. Видео "Азаттыктын" казак кызматына таандык.