Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

10:51 8.4.2021

Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында бир катар депутаттар Бишкектен уурдалып өмүрү кыйылган кыз тууралуу маселе көтөрүштү. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешев ички иштер министри Уланбек Ниязбековду чакырууну сунуштады. Муну "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко да кубаттады.

"Жогорку Кеңеш мамлекеттик жогорку кызматта отурган жетекчилердин ишине баа бериши керек. Бул кайгылуу окуяга кайдыгер карап, четте турбашыбыз зарыл", - деди Никитенко.

Никитенконун фракциялашы Айсулуу Мамашева бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасынан күн тартибине киргизүүгө чакырды:

"Талант Турдумаматович, уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын маселесин күн тартибине сиз - спикер биринчилерден болуп киргизүүгө тийиш элеңиз. Тилекке каршы андай болгон жок. Кыздардын маселесине кайдыгер карабайлы, Айсулуу карапайым адамдын кызы болгону үчүн саясаттын көлөкөсүндө калбашы керек".

Мамытов бул маселени көтөрүү мүмкүнчүлүгү депутаттарга берилгенин белгилеп, киши колдуу болгон кыздын окуясы коомдун трагедиясы экенин айтты.

10:54 8.4.2021

10:54 8.4.2021

11:03 8.4.2021

Милиция: 5-апрелден бери эле Айзаданын да, шектүү Замирбек Теңизбаевдин туугандары менен байланышып турдук. Алардын туугандары экөө "үйлөнөбүз" деп жүргөнүн айтып жатышат. Чоң көчөлөрдөгү бардык камераларды карап чыктык. Ал жактан таппагандан кийин жаңы конуштардан карап чыктык.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG