Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

11:06 8.4.2021

11:12 8.4.2021

11:18 8.4.2021

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясына милициянын кайдыгерлигин айыптады. Депутат кызды күчтөп унаага салып жаткан учур так, даана түрдө видео тасмага түшүп калган калса дагы милиция ыкчам чара көрбөгөнүн сындады:

"Милиция иштебей жатат. Камералар менен издеп, унаанын багытын аныктап, тез эле тапса болмок. "Коопсуз шаар" айдоочулардан айып пул чогултуу максатында гана иштейби? Бул долбоор эң ириде элдин коопсуздугуна иштеши керек. Бир чабан таап албаса, милиция таба алмак эмес экен да. Кыргызстан жакында дүйнөдөгү эң кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Жетекчилер жооп берсин!"

Бул окуяга байланыштуу 8-апрелдеги отурумга ИИМ жетекчилиги келип, маалымат берүүсүн бир нече депутат талап кылышты.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

11:25 8.4.2021

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекова менен анын өмүрүн кыюуга шектүү "кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүн" милиция бир нече жолу белгиледи. Бирок Би-Би-Си маалымат агенттигине кыздын жакын санаалаш эжеси Айзада шектүүдөн качып жүргөнүн айтып берди. Ал Айзада айласы кеткенде ушундан кутулуу үчүн Түркияга кеткени жатканын айтып берген.

"Ооба, өткөн жылы жолугуп жүрүшүптүр. Андан кийин ал баланын психикалык саламаттыгынан күмөн санай баштаганда "болду, жаныма жолобо" деп эле качып жүргөн. Ал эми тиги бала болсо артынан ээрчип, аңдып жүрүп алды. Алар шаардан эле таанышып калышкан. Айзада аябай жакшы кыз эле. Ал баладан канча качып жүрдү, артынан биз канча жолу үйүнө чейин жеткирип, тиги бала көрүп калбасын, билип калбасын деп ал баладан качырып жүрдүк. Бир жолу ала качып кетерине аз калганда жумушубуздагы жетекчибиз көрүп калыптыр. Ал машина менен аркасынан кууп барып, алып калган. Ошондон кийин "Айзада сен мындан кутула албайсың, башка жакка кетчи. Орусиягабы, Түркиягабы кет" деп келгенбиз. Өзү Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүткөн эле. Түркия менен келишим түзүп, он алтысында учуп кетмек. Билети да колунда болчу", - деген маркумдун таанышы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG