Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

10:31 8.4.2021

10:39 8.4.2021

Милиция: Машине табылган аймактын тегерегин балдар карап чыккан. Кыз менен жигит сүйлөшүп жүргөн деген маалыматтан кийин үйлөрдөн, гараждардан издешкен. Машине чычырканак өскөн аймакта токтоп калган экен. Карап чыкканда машиненин эшик-терезеси бек болгон. Маркумдардын телефону жанында болгон. Айзаданын СИМ-картасы телефондун чехолунда калган. Андан тышкары машинеден кагаз кескен бычак табылган. Шектүү аны менен өзүн үч жолу сайган. Сөөк азыр экспертизадан өтүп жатат, алдын ала маалыматта ал шектүүнүн футболкасы менен муунтулган.

10:40 8.4.2021

Сүйүн Курманова

НААДАНДЫК

Аялдарды коргоого байланыштуу мыйзамдар кандай "иштеп" жатканын кечээки төбө чачты тик тургузган окуя даана көрсөттү. Ушундан кийин кыздуу үй бүлөлөрдө тынч уйку болбой калды окшойт.

Таламандын дал түшүндө элди каратып туруп чырактай кызды чыркыратып, машинеге тыгып кеткен зөөкүрлөрдү көзү көр, буту шал милиция эки-үч күн "таппай" коюптур.

Энеси бечара кызын бура бастырбай жаткан зөөкүр туурасында билдирсе укпай коюптур.

Зөөкүрдүн кызды жулкулдатып сүйрөп жатканын, жанындагы шүмшүктөр чуркап келип, машинеге кошо салышканын наркы-терки өткөндөр, ошол жерде соода сатык кылгандар "байкабаптыр".

Буга чейин кызды издеген жакындары соц. тармакка кайрылса айрымдардан " ала качып кетсе бара берсин да, жашы келип калган турбайбы" деген мыскылдуу "жооп" болуптур. Аягы-бул.

Эмне деген "эл", эмне деген "мамлекет"болдук !!!

Башкалар астыга кетип атса биз артка- кайра үңкүргө киргени калдыкпы? Адамча жашоого качан жетебиз???

Айбанды айбан дебесек, адамга кол салып жатса аңкайып карап отурсак, милицияң шал болсо, бийлигиң өзүнөн башканы ойлобосо -кандай коом, кандай жашоо болот?

Кыз ала качуунун кылмыш экенин аялдар укугун коргогон уюмдар кан кашап жүрүп, коомчулуктун мойнуна коюп, мыйзамдуу бөгөт койгонсуган, атайын мыйзам кабыл алынып, ооздукталгансыган.

Азыркы, анархиялык абалда ал мыйзамды уруп да койбой калышканын кечээки Айзадага жасалган жырткычтык аракет далилдеди. Бул- мал кайтарып жүргөн адамдын билдирүүсүнөн кийин ачыкка чыгып калган факт. Билинбей жасалып жатканы канча дейсиң!

Буга мамлекеттик бийликтен тартып. коомчулукка чейин күнөөлүү! Элеттик милиция кыз ала качып келгендерге көз жумду мамиле кылса, молдосу кадимкидей нике кыйып, жоолукту күчтөп салган катындар жабалактап, босогого жата калчу кемпирлер деле өз "ролунда".

Соц тармаекта болсо "кыз ала качууга тыюу салып коюп көп кыздар күйөогө чыга албай жүрүшөт" деген жылжытма кеп анда- санда жылт эте калат.

Бечара Бурулайдын окуясынан кийин "ала качуу" боюнча маалыматка милиция өзгөчө мамиле кылыш керек эле- ал жетпептир.

Бул маселеге мамлекеттик бийлик тараптан өтө олуттуу мамиле жасалбаса коомдогу социалдык чоң жарылууга себепкер болот. Ансыз да аялдарга карата зомбулукту ооздуктачу укуктук аракеттердин солгундугу, мыйзамдык алсыздык миңдеген аялдардын тагдырына балта чаап, кешигин кедейтип жатат.

Мамлекеттин коомчулуктун кандай экени аялга карата жасалган мамиле менен өлчөнөөрүн эстен чыгарбоо керек.

Бул мамлекеттик органдар ак уруп үндөп жаткан Референдумуңдан да, атүгүл ал түртүп жаткан Конституциядан да маанилүү.

Элементардык укугуң корголбой жатса кайдагы Конституцияны колдомок элең!

10:45 8.4.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG