Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

10:22 8.4.2021

10:23 8.4.2021

10:25 8.4.2021

Милицияга "эмнеге блогерлерди бат эле таап, автомат менен барып кечирим суратасыңар. Бул жерде адамды уурдоо, ала качуу болуп атса унчукпайсыңар?" деген суроо берилди.

10:30 8.4.2021

Бишкекте уурдалып, кийин Чүй облусунан сөөгү табылган кызды өлтүрүүгө шектүү адам мурда Орусияда соттолуп чыккан деген маалымат бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык криминалдык милициясынын башчысы Уланбек Айтпаев 8-апрелдеги брифингде билдирди.

"Шектүү Замирбек Теңизбаев Орусиядан 2017-жылы келген. Инисинин сөзү боюнча, ал Орусияда кылмышка соттолуп алты жарым жыл отуруп чыккан. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Кыргызстанга келгенде такси айдап, батир жалдап жашап жүргөн. Бирок акыркы айларда да такси айдап, машиненин ичинде жашап-түнөп келген. Бул - туугандарынын айтымы. Маалымат текшерилип жатат", - деди Айтпаев.

Бишкек шаардык милициясынын жетекчилери учурда кылмыштын чоо-жай тууралыы журналисттерге басма сөз жыйын өткөрүп жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG