Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Айзаданын өлүмү: зомбулукка каршыларга чабуул болду

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин отставкасын талап кылып, ИИМдин алдына митингге чыккандар 15-апрелде белгисиз топ тарабынан куулду. Ал арада бир үйдүн жалгыз кызы, ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалыматтар чыгууда.

16:07 8.4.2021

14:42 8.4.2021

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүргөн деп шек саналган Замирбек Теңизбаев аны мурда да бычак такап, коркутуп жүргөнү белгилүү болду.

Бул тууралуу Айзада котормочу-технолог болуп иштеген трикотаж фабрикасынын жетекчиси Жолдош Шаршенов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, маркум Түркиядагы ишканалардын бири менен тейлөө тармагында иштөө үчүн келишим түзүп, 15-апрелден кийин кетүүгө даярданып жүргөн:

"Айзада алтын кыз эле. Менин оң колум болчу. Мурда да Түркияда иштеп келген. Кайра эле кетем деп, жумушчу виза алган. Билетти эле күтүп жаткан. Анткени, мага жанагы досубу же кимиси эки жолу бычак такап коркутканын айткан. Бизде анын курбусу иштейт. Анын күйөөсү тиги балага барып сүйлөшкөн. Ошол бойдон жолобой калган. Аны көрө элек болчумун. Айзада Түркияга ошол бала тынчтык бербегени үчүн кете турганын айтып берген. Күндө эртең менен күн сайын саат 07.20да аны Медеров-Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен жумушка алып кетчүмүн. Кечигип атса чалып койчу. Ошол күнү келген жок. Чалсам алган жок. Мени башка жумушчулар да күтүп жаткандыктан, кыздарга Айзаданы табууну табыштап кетип калгам", - деди Жолдош Шаршенов.

Маркумдун сөөгү бүгүн Балыкчыга коюлганы жатат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

14:06 8.4.2021

Президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу үн катты. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына 27 жаштагы Айзаданын уурдалып киши колдуу болгонун "терең кайгыруу менен кабыл алганын" билдирди. Жапаров кыргыз милициясын мыйзамдуулук менен тартипти биринчи орунга койбогону сындады. Жапаров Айзаданын жакындарына көңүл айтып, бул окуяга жооптуулар катуу жазаланарын билдирди:

"Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн чоң трагедия. Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат".

Жапаров бир нече жыл мурун ушундай ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайды да эскерген.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Cөөгү бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди.

27 жаштагы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 1985-жылы туулган Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

14:02 8.4.2021

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары милициянын ишине нааразылык билдиришүүдө.

Маркумдун энеси Назгүл Шакенова "Азаттыкка" 5-апрелде Айзада уурдалгандан кийин 13.30 чамасында Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын айтып берди.

Андан кийин Айзада өзү телефон чалып, таежеси менен байланышканын, анын үнүнөн коркуу байкалганынын, бирок милиция өз убагында реакция кылып кызды таппаганын билдирди.

"Сиңдиме чалып, "Бакуля эже, мени Ош тарапка алып кетип жаткан. Бирок кайра Кара-Балтага кайтып келип жатабыз" дептир. Андан кийин өзүм сүйлөштүм. "Мама, баары жакшы. Азыр барам" деди. Аман-эсен келсең болду, башка эч нерсенин кереги жок дедим. Ошондон кийин телефону өчүп калды. Милицияга, тергөөчү Уларбекке чалдык. Эмне болгонун сурап. Иштеп атабыз деген. Уларбек деген тергөөчү "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлдү".

Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-апрелде Балыкчыга коюлат. Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG