Аксыда 2002-жылдын 17-мартында бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Быйыл кандуу окуяга 19 жыл болду.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду. Ошондой эле ал Аксы окуясынын 19 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду.
"Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары кирди. Эзелтен эркиндикти туу туткан элибиз өлкөбүздө кландык башкарууга жол бербестигин ачык-айкын далилдеди. Чындык үчүн күрөшүү — чындыгында аябагандай опурталдуу да, оор да иш экенин мен жакшы түшүнөм!
Сиздердин эрдигиңиздер, майтарылбас эркиңер эч качан унутулбайт!
Адилеттик, эркиндик деп, өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүнбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин эстелигине таазим кылабыз.
Аксылыктарды колдоп, Бишкектен ачкачылык жарыялап, каза тапкан Шералы Назаркуловду эскеребиз.
Жарат алган, жаныбызда жүргөн Аксы окуясынын каармандарына тереӊ ыраазылык билдиребиз!", - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.
Аксы окуясынын 19 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чарасы Аксы районунун Боспиек айылында да өттү.
“Шейит мазарда” өткөн эскерүүдө өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Аксы окуясында жакынын жоготкондор, ошол апааттан жабыркаган жарандар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулду.
Абсаттар Сыргабаев чогулгандарга президент Садыр Жапаровдун Аксы окуясына байланыштуу кайрылуу катын окуп берди.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында Аксы окуясы бийликтин куралсыз элге биринчи ок атышы катары калганы белгилүү. 19 жыл ичинде Аксы окуясына укуктук баа берүү маселеси бир нече ирет көтөрүлүп, бирок иш аягына чыккан эмес.
Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кылмыш ишти кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.
19 жыл катылган “жашыруун маалымат”
Аксы окуясынын арты президенттик, үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланганы айтылып келет. Ошол эле учурда ага эмдигиче укуктук баа берилбей, кыргыз бийлиги да, коомчулук да сабак албаганы тууралуу пикирлер басымдуу.
2002-жылы Үзөңгү-Кууш Кытайга берилгени үчүн ошол кездеги президент Аскар Акаевге Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Азимбек Бекназаров импичмент жарыялаган. Бийлик буга аны камакка алуу менен жооп узаткан. Буга бир топ укук коргоочулар, активисттер каршы чыгып, ачкачылык кармаган.
Алардын бири - Аксы окуясына баштан аяк катышып, акыйкаттык издегендер менен Ош, Бишкек шаарларына жөө жүрүшкө чогуу чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулова.
«Аксы окуясына саясий гана баа берилген. Бирок ал туура берилген жок. Аксылыктарды экиге бөлүп, бирине акча берип, бирин куугунтуктаган саясат болгон ал кезде. Мен аксылыктардын укугун коргоп, жети жыл жүрдүм. Жогорку сотко эки жолу келгенбиз. Бирок ошол убакта да, азыркы кезде да буга укуктук баа берилген жок».
Азиза Абдирасулова көп жылдардан кийин Аксы окуясы тууралуу бардык маалыматтар менен таанышып чыккан.
Учурунда “мамлекеттик сырды" эч жакка чыгарбоого кол коюп берген укук коргоочу, куралсыз элге ок атылышына эмне себеп болгонун минтип айтты.
«Акыркы жолу ошондой маалыматтар менен 2014-жылы таанышып, “беш жыл ичинде эч жакка таратпайм” деп кол коюп бергем, мөөнөтү бүттү. Эми айта берсем болот. Ошол кезде атайын кызмат тарабынан да бийликке туура эмес маалыматтар жетип турган. Бекназаров камалгандан кийин аксылыктар нааразылык билдирип, райондун борборуна бармакчы болгонунан тартып, “аларда курал бар, бийликти басып алууга аракет кылып жатат” деген жалган маалыматтар берилген экен. Конвертке эле “ушундай маалымат келди” деп жазып туруп, бийликке берип коюшкан. Анын чын-бышыгы сүрүштүрүлгөн эмес.
Дагы бир тасма көрдүм. Анда адамдын бети көрүнбөйт, бир машинада бара жатып эле бирөө “элде курал бар, алар 17синде басып алышат, 16сында чыгышат” деп айтып жатат. Ушуга окшогон материалдарды негиздеп гана элди тосуп, атып жиберишкен. “Мамлекеттик сыр, муну таркатпайм” деп кол коюп бергенден кийин ошол тасманы көрүп, “ушуга негиздеп эле алты кишини атып, жыйырмадан ашуунун жарадар кылдыңарбы? Дагы кандай документтериңер бар?” деп сурагам».
“Аксы окуясынын негизги максаты унутулду”
“Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова дагы Азимбек Бекназаров камалганда ачкачылык жарыялаган. Ал бул кандуу окуяга тиешеси бар бир да аткаминер жазага тартылган жок деп эсептейт.
«Кыргыз бийлиги бүгүнкү күнгө чейин окуяга укуктук баа берген жок. Айыптуу, күнөөсү бар аткаминерлердин бири да тиешелүү жазасын албады. Аксы трагедиясын саясатчылар, бийлик чайкоочулукка айландырып, улам бийлик алмашкан сайын, убада беримиш болуп, бирок анын өтөсүнө чыкпай келет. Эл болушкан депутат (Бекназаров -ред.) да ошолордун бири катары бийликке келгенден кийин, ага көңүл бурган жок. Баласын, өкүл баласын кызматка отургузуп, бийликти гана эңсеп жатат.
Бийлик Аксы трагедиясына кабылган адамдарды – балдарын жоготкон энелерге, атасынан ажыраган балдарды, өмүрүн тобокелге салып жарадар болгондорду ойлогон жок. Эскерүү болот, тегерек үстөл жана башка иш-чаралар өтөт, бүттү. Кайра бир жылга чейин унутулат. ИИМде да, сотто да, эч бир күч түзүмүндө реформа болгон жок. Ошонун кесепетинен былтыр октябрда кан төгүлүп, адам өлдү».
Аксы окуясынын тергөө, сот иштеринде баштан-аяк жүрүп, жактоочулук кылган Сартбай Жайчыбеков да бул ишке Кыргызстанда акыйкат баа берилген жок деген жүйө менен БУУнун адам укуктары комиссариатына чейин кайрылган.
Адвокат трагедиядагы жабырлануучулар менен кошо эле учурунда “куралсыз элге ок аткан” Аскар Акаев бийликтен кетсе эле акыйкаттык орноп, аксылыктардын көксөөсү сууйт деген ишеничте болгон.
«Баарыбыз эле ошентип үмүттөнгөнбүз. Акаев кетсе эле юридикалык баа берилет, акыйкаттык болот” деп күткөнбүз. Тилекке каршы андай болгон жок. Акаев кетсе артындагылар бар экен. Кылмышкерлердин акчасы бар экен, көбүн сатып алды. Териштирип аягына чыгайын деген деле эч ким болбоду. Бийликке жеткенче “кыйратам” дегендер да убадасын аткарбады. Канча президент келди, бири да аягына чыккан жок. Мен такыр ишенбей калдым. Аксыдагы балдардын өлүмүнө кыргыздын жери Кытайга берилип кетиши себеп болгон. Бирок азыр аны эстеген эч ким жок, “аксылыктар өлгөн” деп коет. 17-мартта чогулушат, бапылдаган дүжүрлөрдү чакырып, сүйлөтүп бир жылкыны жеп алып, кийинки 17-мартка чейин кете беришет».
“Күнөөлүүлөр аныкталган, соттолгон”
Аксы окуясынын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтык чыгарышкан.
2002-жылы Аксы трагедиясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүтүмүнө ылайык, негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленген. Кийинчерээк алардын айрымдары сот жообуна тартылып, көп өтпөй мунапыс менен бошоп кеткен.
Комиссиянын бир мүчөсү - Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку соттун мурдагы жетекчиси Курманбек Осмонов комиссия күнөөлүүлөрдү жазага тартууга сунуш бергенин айтты:
«Жергиликтүү, облустук, райондук бийлик күнөөлүү. Аларды республикалык масштабда башкарып турган жетекчилердин да күнөөсү бар. Тынч келе жаткан элди Боспиек деген ээн жерде тосуп чыгууга муктаждык жок болчу. Аларга курал колдонуу - аша чапкандык болгон” деп биз ачык жазып, бардык маалымат каражаттарына жарыяланган. Ага да ыраазы болбой аксылыктар Ошко, Бишкекке жөө жүрүшкө чыкканда да Каракөлгө сүйлөшүүгө баргам».
Курманбек Осмонов кийинчерээк Жогорку сотто төрагалык кылып турган учурда соттук коллегия Аксы окуясын караган. Бирок "кылмыш ишти кайра тергөөнүн зарылдыгы жок" деген чечим чыгарылган. Осмонов ал чечимге төрага катары эч кандай тиешеси жоктугун бекемдеп келет.
«Мен Жогорку сотто турганда мага эч ким, эч кандай көрсөтмө бере алчу эмес. Аксы окуясы боюнча чечимди соттук коллегия чыгарган. Ал чечимге менин тиешем да, таасирим да жок. Ал иш боюнча мага басым-кысым жасамак тургай, көрсөтмө бере алмак эмес. Анткени, бул дүйнө коомчулугунун көзүндөгү иш эле. Мен Аксы окуясы боюнча БУУ баштаган эл аралык уюмдарда ошол эле Бекназаров, Дырылдаев (укук коргоочу), Төлөкан Исмаилова менен чогуу барып, өкмөттүн атынан баяндама жасап жүргөм».
Алты өмүрдү кыйган “Тайфун”
Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечимин 2006-жылы июнда чыгарган. Ишти Башкы прокуратура Аксы окуялары боюнча кылмыш ишинде жаңы жагдайлар бар деген негиз менен сунуштаган.
Башкы прокуратура бул иш боюнча мурдагы тергөөдө бийликтин жогорку тепкичиндеги жетекчилердин аракеттерине, «Тайфун» жана «Буран» операцияларына укуктук баа берилбегенин белгилеген.
Аталган операциялардын артында ошол кездеги президент, 2002-жылы премьер-министр болгон Курманбек Бакиев турганы жөнүндө маалыматтар чыккан.
Акаевдин бийлигин кетирүү үчүн мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев менен биригип, кийин анын бийлиги тушунда баш прокурор кызматын ээлеп турган Азимбек Бекназаров «Тайфун» жана «Буран» операцияларына Курманбек Бакиевдин кол койгону тууралуу маалыматтар кийин ачыкка чыкканын, ошонун негизинде суракка чакырганы үчүн кызматтан алынганын “Азаттыкка” айтты:
«Бакиевдин Аксы элине карата , «Тайфун» жана «Буран» операцияларына кол койгону тууралуу документ 2005-жылы баш прокурор болуп, Аксы окуясы тууралуу кайра тергөөнү жанданткан учурда табылган. Жашыруун документ болгону үчүн араң алганбыз. Ошондон баштап “сиз бул документке кол койгон экенсиз, сурак беришиңиз керек” десем, “макул сурак берем” деп убакытты созуп жүрүп, беш айдан кийин мени иштен алып койгон. Тергөө токтогон. Бирок Бакиев бул иши үчүн жазасыз калган жок. 2010-жылдан кийин мен Убактылуу өкмөттө турган учурда бул ишти кайра жандантып, дал ошол кылмышы үчүн Курманбек Бакиевге айып тагылып, ал сыртынан соттолгон. Ал иште ошол 17-мартта окко учкан Элдияр Үмөталиевдин атасы жабырлануучу катары өткөн».
Саясатчы Эмилбек Каптагаев болсо бул трагедиянын жабырлануучуларынын көксөөсү суугандай акыйкат тергөө Акаевден кийинки бийликтердин биринин да тушунда болгон жок деген пикирде.
«Бекназаров 2005-жылы Аксы окуясы боюнча кылмыш ишин козгоп, тергей баштаган. Бирок ага иштин аягына чыгуусуна мүмкүнчүлүк берген жок. Аны кайра эле сентябрда иштен алып коюшту. Ошондон тартып, 2010-жылдын апрелине чейин бош жүрдү. Убактылуу өкмөттүн курамында да үч эле ай жүрдү. Ага эч мүмкүнчүлүк берилген жок. Ошондуктан, аны кызыкдар болгон жок деп айыптоо негизсиз. Аксы окуясына саясий-укуктук баа берүүгө кийинки бийликтер деле кызыкпады. Андан сабак алган жок. Негизи Аксы окуясы биздин мамлекеттин тарыхындагы орчундуу – окуя. Андан кийинки бийликти алмаштырган март, апрель, былтыр октябрдагы окуялардын баарынын тамыры бир. Ошонун баары Аксы окуясынан сабак албай, андан тыянак чыгарбаганы, бийликке келери менен аны чыңдап, кармап калууга аракеттенгени үчүн улам эл көтөрүлүп жатат».
Аксы жергесинен башталган саясий күрөш президенттик үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланып, 2005-жылы мартта ал кездеги президент Аскар Акаевдин бийлигин кулатууга негиз берген.
Муну эскерген укук коргоочу Азиза Абдирасулова Аксы окуясынан бийлик гана эмес, эл, коомчулук да сабак алган жок деп эсептейт:
«Аксы трагедиясынын тушунда, андан кийин март окуясынын алдында элде “үй-бүлөлүк башкаруу куласа, Акаев айланасындагылар менен чогуу бийликтен кетсе эле, демократия орноп, акыйкаттык өкүм сүрөт” деген чыныгы ишеним болгон экен. Биз ошол үмүт менен март окуясын ишке ашырдык эле. Бирок андай болбоду, үмүттөр акталган жок. А ны Бга, Бны Вга алмаштыруудан эч нерсе, система өзгөрбөй турганын аңдаган эмес экенбиз. Мен азыр ошол март окуясынын чыгышына салым кошконума өкүнөм. Аксы окуясынан бийлик гана эмес, коомчулук да сабак албаганы үчүн бүгүн Кыргызстан Борбор Азиядагы эң артта калган өлкөгө айланып отурат».
Аксы окуясында Кадыркул Сапаралиев окко учканда анын жаңы туулган кызына кырк күн боло элек болчу. Ата мээримине гана эмес, жытына канбай калган ымыркай бүгүн 19 жашка чыкты.
Кийинки муун, жаштар арасында Аксы окуясына Азимбек Бекназаров негизги себепкер деген пикирлер арбын. Бекназаров өзү да ушул күнгө чейин Аксы трагедиясында адамдардын каны төгүлүүсүнө моралдык жоопкермин деп эсептейт.
«Бул окуяга кандайдыр бир деңгээлде моралдык жоопкерчилигим бар экенин билем. Күнү бүгүнкүгө чейин бул жоопкерчилик көөдөнүмдү кысып келет. Атасыз өсүп жаткан балдарды, балдарын жоготкон ата-энелерди көргөндө, ошондо Үзөңгү-Кууш үчүн жан сабабай койсом болот беле?” деп өзүмө суроо салам. Бирок бир нерсени билем, мен Аксынын эли шайлаган депутат катары Жогорку Кеңеште отуруп, Үзөңгү-Кууштун Кытайга мыйзамсыз кетип жатканын билип туруп, унчукпай кое алмак эмесмин».
Аксы окуясында, тагыраагы 2002-жылдын 17-мартында беш киши октон, бир адам таяктан өлгөн. Ага чейин Азимбек Бекназаровдун боштондугун талап кылып, ачкачылык кармап отурган Шералы Назаркулов каза тапкан.
Аксы окуясы боюнча иликтеген парламенттик жана мамлекеттик комиссиялар экөө тең анда мамлекеттик кызматкерлер, ошол кездеги президент, президенттик аппараттын жетекчилери жана дагы бир топ кишилер күнөөлүү деген тыянакка келген.
Жалпы 39 кишинин фамилиясы аталып, кимдин кандай деңгээлде күнөөсү бар экени такталган. Жыйынтыгында ошол 39 адамдын үчөө гана жоопко тартылган.
Аксы окуясына Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комиссиясы баа берип, “кайра каралышы керек” деген тыянак чыгарган. Адвокаттар ал комиссиянын жыйынтыгын эч бир бийлик көңүлгө албаганын айтып келишет.
Ушу күндө Аксы окуясында жабырланып, жарадар болгондор 3500 сом жөлөк пул алат. Анда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө утурумдук акчалай жардам берилгени менен өкмөттөн атайын акча бөлүнгөн эмес.
Аксы окуясында каза болгондордун ысымдары мектепке, көчөгө, көпүрөгө берилип, алардын атынан спорт комплекстер ачылган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясы жыл сайын 17-мартта анда шейит кеткендерди эскерүүчү спорттук иш-чаралар өтө турган күн болсун деп жарлык чыгарган.