Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

АКШ генералынын иши тергөөдө


Жон Аллен жана Дэвид Петреус
Жон Аллен жана Дэвид Петреус

Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командачы генералы Жон Аллендин үстүнөн иликтөө жүрүп жатат.

Буга карабастан президент Барак Обама Аллен өз ишин уланта бере алат деген ишенимде экендигин Ак үй бышыктады. Мунун алдында Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчиси, мурда Аллендин ордунда Ооганстанда иштеген Дэвид Петреус "ала жипти аттагандыгы" анык болгондон кийин өткөн аптада кызматынан чегинген эле.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карней 13-ноябрда кабарчыларга генерал Жон Алленди президент Обама Ооганстанда өз милдетин ойдогудай аткарып жатат деп ишенээрин билдирди:

Президент Обама генерал Алленге ишенет, ал Ооганстандагы эл аралык күчтөрдү башкарууда ойдогудай кызмат өтөп жатат деп эсептейт.

Ошол эле убакта Карни Жон Алленди АКШнын Европадагы күчтөрүн башкарууга көрсөтүүнү койо туралы деген коргоо министри Леон Панеттанын сунушун президент Обама кабыл алгандыгын кошумчалады.

Аллендин иши ЦРУнун мурдагы директори Дэвид Петреуска байланышкан жаңжалга тиешеси бар аял менен "адептүүлүккө жатпаган" алакасы үчүн тергелип жаткандыгы айтылууда.

АКШнын Коргоо департаментинин өкүлдөрүнө ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө Аллен менен Жилл Келли деген аялдын ортосунда 2010-2012-жылдары миңдеген беттен турган кат алмашуу болгондугу аныкталган. Кабарларга караганда, Петреустун үй-бүлөлүк досу болгон Жилл Келли Петреус менен ойнош болгон Паула Броудуэлден коркуткан электрондук кат алып турган имиш.

Петреус Паула Броудуэл менен мамилеси билинип калгандан кийин, өткөн жума күнү Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчилигинен өз арызы менен кеткен эле.

Жон Аллендин европалык күчтөрдүн жетекчилигине бекитүү маселеси АКШнын Сенатында 14-ноябрда колго салынмак жана анда Аллен кеңири колдоого ээ болот деп күтүлүп жаткан. Дал ушул мезгилде ага каршы айыптоолор менен иликтөөнүн башталып кеткени кокустукпу жокпу деп суроо салгандар жок эмес.

Жон Аллен Петреустун ордуна Ооганстандагы америкалык аскер башчысы болуп былтыр жайда дайындалган болчу. Ирак согушуна катышкан Аллен ага чейин АКШ армиясынын борбордук командачысынын орун басары болуп турган. Алленге кандай кине коюлуп жатканы айкын эмес. Расмий өкүлдөр анын жашыруун маалыматты бирөөгө берип-бербегенин айтуудан баш тартышты.

Ал эми 37 жаштагы Жилл Келли АКШ армиясынын Флориданын Тампа шаарынан алыс эмес АКШ Аба күчтөрүнүн МакДилл бекетинде коомдук байланыштар боюнча волонтерлук ишти аткарган экен. Аталган базада убагында Петреус да, Аллен да кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG