Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары катуу суукка байланыштуу аралыктан окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгы маалымдады. Буга аба ырайы суук болуп, температура -35 градуска чейин түшкөнү негиз болгон.
Азырынча аралыктан окуу 18-январга чейин жүрөт.
Кыргызстанда мектеп окуучулары эки жумалык кышкы эс алып, бүгүн, 12-январь күнү окууга кайтышты.
Нарын облусунда суук катуу болуп жатканын айтышкан тургундар жыл башында өкмөткө кайрылып, электр энергиясын керектөөнүн лимитин жогорулатып берүүнү суранышкан.
Энергетика министрлиги 9-январда Нарын облусунда лимит мурдагы 189 648 кВт сааттан 264 312 кВт саатка чейин жогорулатылып, электр энергиясы көбүрөөк көлөмдө бериле баштаганын билдирген. (ZKo)
Шерине