Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

БУУ: Ооган согушунда өлгөн жайкын тургундар көп


Кабулдагы жанкечтинин жардырусуунан кийинки көрүнүш. 11-июнь, 2013
Кабулдагы жанкечтинин жардырусуунан кийинки көрүнүш. 11-июнь, 2013

БУУ Ооганстанда набыт болгон жайкын тургундардын саны дээрлик 25% өстү деп билдирди. Жакында өлкөдө коопсуздукту камсыздоо милдети чет өлкөлүк аскерлерден жергиликтүү армияга өткөрүлүп берилген.

Быйылкы жылдын алты айында Ооганстандагы атышууларда жана козголоңчулардын чабуулдарында жөнөкөй тургундардан 1 миң 319 адам өлгөн, 2 жарым миңден ашууну жаракат алган.

Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Георгетте Гагнон шаршембиде Кабулда журналисттерге сүйлөп жатып: "2013-жылдын биринчи жарымында куралдуу конфликттен жапа тарткан ооган тургундарынын саны артты. Набыт болгон же жаракат алган жайкын элдин саны, былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырганда, 23% өстү", - деди.

Куралсыз, бейкүнөө элдин өлүмүнө эң оболу козголоңчул топтордун бомба чабуулдары себеп деп айтылат Улуттар уюмунун баяндамасында. Жоочулар менен өкмөттүк аскерлердин калктуу аймактардагы атышуулары экинчи башкы себеп катары аталат.

Документте айтылгандай, жайкын тургундар өлгөн учурлардын 74 пайызы козголоңчулардын чабуулдарынан, 12 пайызы жаатташкан тараптардын атышууларынан жана 9 пайызы өкмөттүк аскерлердин аракеттеринен болот. Бирок айрым учурларда элдин өлүмүнө эмне себеп болгонун аныкташ кыйын.

Изилдөөчүлөрдүн тыянагынын башкы табылгаларынын бири – Ооганстандагы 12 жылдык согуштун курмандыктарынын арасында соңку кездери аялдар менен жаш балдар көп каттала баштаган. Маселен, былтыркы жылдын биринчи алты айына салыштырганда, быйыл өлгөн жаш балдардын саны 30% өстү.

Түрдүү куралчан жикчилер азыр өкмөттүк аскерлер менен иштешкен карапайым элге көбүрөөк чабуул коё баштаганы да белгиленди.

Георгетте Гагнон Улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын соңку баяндамасы азыр конфликтке тартылган бардык тараптарга, алардын ичинде талибдерге да, берилгенин айтты.

"Биз азыр согушуп жаткан тараптарды эл аралык мыйзамдардын алкагында өз милдетин аткарууга, жайкын элди аскерий операцияларда коркунучтан коргоп, аларда жоготуулар болбошу үчүн колдон келген аракетин жасоого чакырат элек", - деди Гагнон.

Келерки жылы өлкөдөн НАТОнун жетекчилигиндеги чет өлкөлүк аскерлер чыгарылышы керек. Ошондуктан жумуриятта коопсуздукту камсыздоо милдетин өткөн айда ооган армиясы өзүнө алган. Андан бери Ооганстандын ар кайсыл бурчунда талибдердин чабуулу күчөдү.

Бириккен улуттар уюму бул баяндамасында “ооган күчтөрү азыр бүтүн өлкө боюнча аскерий операцияларды башкарып жатканына карабай, катардагы жарандар алардан жабыркап өлгөн учурларды иликтөөнү” туруктуу иштей турган жолго коюша элек деди.

Шаршембиде Ооганстандагы эл аралык аскер күчтөрүнүн башкармалыгы “согушка тартылбаган жөнөкөй калк ичиндеги жоготууларды болтурбаш үчүн талыкпай аракеттене берээрин” билдирди. Алар өз билдирүүсүндө “өлкөдөгү согушта карапайым калк окко учкан учурлардын 90% талиптердин адам өмүрүн такыр баалабаган аракетинен болуп жатат” дешти.

Талибан болсо Улуттар уюмунун соңку баяндамасын “бир жактуу” болуп калган деп сындап, аны “козголоңчуларга каршы пропаганда аракети” катары сыпаттап жатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG