Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

Баграмдагы түрмөнү оогандар башкарат


Ооганстан -- Ооган аткаминерлери Баграм түрмөсүн өткөрүп алуу салтанатында өлкө туусун көтөрүүдө. 10-сентябрь, 2012.
Ооганстан -- Ооган аткаминерлери Баграм түрмөсүн өткөрүп алуу салтанатында өлкө туусун көтөрүүдө. 10-сентябрь, 2012.

10-сентябрда Кошмо Штаттар Баграм түрмөсүн Ооган өкмөтүнө расмий түрдө өткөрүп берди.

3 миңден ашуун адам отурган абакжайды өз ээлигине өткөрүп берүүнү Ооган тарап өлкөнүн эгемендигинин чоң жышаанасы катары көрөт. Серепчилер муну НАТО башындагы эл аралык күчтөрдүн 2014-жылдын аягына Ооганстандан биротоло чыгып кетүүсүнүнө даярдыктын жүрүшүндөгү зор кадам катары баалашууда.

Баграм түрмөсү Ооганстандын байтакты Кабылдан 50 чакырымдай түндүктө жайгашкан. Түрмөнүн Ооган өкмөтүнүн юрисдикциясына өтүүсү - АКШнын ээлигиндеги Баграм авиабазасын да 2014-жылы өлкөдөн эл аралык күчтөр чыгып кеткен соң Ооган тарап толук башкарып калат дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн президент Хамид Карзай Баграм абак жайына Ооган өкмөтү жооптуу болуусу - өлкө күнкорсуздугунун маселеси деп эсептээрини билдирген.

“Бүгүн 3182 арестант бизге өткөрүлдү”,- деп билдирди 10-сентябрдагы салтанатта Ооганстандын аскердик полициясынын командири Сайфулла Сафи.

Ал эми Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Инаятулла Назари:

- Бүгүнкү зор салтанатта бардык ооган түрмөлөр үчүн жоопкерчилик чет элдик аскерлерден Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө өткөнүнө биз абдан кубанычтабыз, - деди жыйында сүйлөп.

1979-89-жылдары советтик аскерлер Ооганстанды ээлеп турганда, Баграмда СССРдин деңиз аба күчтөрүнүн эң чоң базасы жайгашкан. 2001-жылы АКШ башындагы көп улуттуу күчтөрдүн терроризмге каршы операциясынын натыйжасында талип өкмөтү кулатылгандан кийин Баграм акырындап Пентагондун авиабазасына айландырылган.

АКШ жана Ооганстан Парван провинциясындагы абак жайды алты айдын арасында ооган бийлигине тапшырып берүү тууралуу келишимге быйыл 9-мартта кол коюшкан. Түрмө ээлигин өзгөрткөнү менен быйыл келишимге кол коюлгандан кийин кармалган 50дөн ашуун чет элдиктин жана бир нече жүз оогандыктын тагдыры боюнча тил табыша албай жатышат. Америкалыктар кылмыш жасады деп шектелген кээ бир туткундар бейадилет соттолушу мүмкүн деп кооптонушат.

Мурда АКШ аскерлери Баграм түрмөсүндөгү туткундарды уруп-сабайт делип Ооган бийликтери тарабынан сындалган. Бирок аны далилдеген маалыматтарды жарыялаган эмес.

Сөз болуп жаткан келишимге кол коюлганга чейин отургузулган туткундардын 99 проценти Ооган полициясына өткөрүлүп берилгенин НАТОнун өкүлү Жэмми Грейбил дүйшөмбү күнү билдирип, кылмышкер деп шектелген кээ бирөөлөр АКШлык аскерлердин карамагында калганын кошумчалады. Анын айтышынча, америкалык кеңешчилер абактын ишине көмөктөшүп кала беришет жана АКШ аскерлери калган туткундарды 2013-жылдын 9-мартына чейин кармап турат.

XS
SM
MD
LG