Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Нью-Йорктун метросун жардырам деген мигрант соттолууда


Нажибулла Зази
Нажибулла Зази

Нью-Йорктун метросун жардырууга камынган деп айыпталган ооганстандык мигрант дүйшөмбүдө сотто күнөөсүн мойнуна алды. Ал Пакистанда “Ал-Каиданын” лагеринде даярдыктан өткөнүн билдирди.

25 жаштагы Нажибулла Зази өзүнүн планын “Ооганстанда америкалыктар карапайым элди кордошконуна жооп болмок” деп атады. Нажибулла Зазинин ишин иликтеген тергөөчүлөрдүн айтымында, непада ал пландаган жардыруу ишке ашканда, анын күчү 2001-жылдын 11-сентябрындагы жардыруудан кем болмок эмес.

Ал былтыр сентябрда Колорадо штатында кармалган.

Ооганстандык мигрант өзү сотто сүйлөп жатып, америкалык аскерлер ооган элине жасап жаткан карасанатай аракеттерине көңүл бурдуруш үчүн ушуга барганын айтты. Зази Пакистандын Вазиристан вилоятында “Ал-Каида” террор уюмунун лагеринде даярдыктан өткөнүн да билдирди.

25 жаштагы Зазиге үч кылмыш боюнча айып тагылган. Булар: “массалык кыргынга алчу куралды колдонууга аракет кылган”, “адам өлтүрүүгө”, ошондой эле “Ал-Каидага” жардам берген” деген беренелер. Айыпталуучу булар боюнча күнөөсүн мойнуна алганын журналисттерге Американын башкы прокурору Эрик Холдер кабарлады.

АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер
Холдердин ишениминде, Зази убагында кармалбай, жардыруу болуп кеткенде, анын кесепети 2001-жылдагы жардыруунукундай оор болмок.

"Америкалыктардын өмүрү сакталып калганында калет жок. Иликтөө иштери дале улантылууда. Биз буга тийиштиги бар башка адамдарды да тапканга аракет кылып, мындан ары ушу өңдүү нерселерди болтурбаш үчүн чалгын кызматтарын да ишке таптып жатабыз", - деди АКШнын баш прокурору Эрик Холдер.

Азырынча Зазинин планына аралашкан болушу мүмкүн делгендерден Нью-Йорктун имамы жана Зазинин эки классташы кармалышты.

Нажибулла Зази өзү Ооганстанда төрөлгөн, бирок Пакистанда эрезеге жеткен. Өспүрүм курагында Нью-Йоркко көчүп келип, ушул жердеги орто мектепте окуду.

Ал сотто айткандарына караганда, эки жыл мурда ал айрым достору менен Пакистанга барган. Алар Ооганстанда Америкалык аскерлерге каршы күрөшүш үчүн талиптерге жардам берүүнү каалашкан. Анан Пакистанда жүргөн кезинде “Ал-Каиданын” адамдары аларды кайра Америкага жиберип, “ошол жакта жардыруу жасагыла” деп тапшырма беришкенин да айтты.

Тергөөчүлөр анын компьютеринен кантип бомба жасоо жөнүндө маалыматты табышканын айтышты. Мына ушундай эле ыкма менен колдо жасалган бомба 2005-жылы Лондондогу катарма-катар жардырууларда колдонулган эле.

Соттун айтымында, Зази өзүнүн күнөөсүн мойнуна алганы айыптоочу тарап менен адвокаттардын ортосундагы келишимдин негизиндеги иш болду. “Бу дегени Нажибулла Зази тергөөчүлөр менен иштешкенге дилгир экенин көрсөтөт” деп жатышат.

Эгерде ал айыптуу деп табылса, өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө отурат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG