Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Достум Кабулдагы жардыруудан аман калды


Абдул Рашид Достум Кабулдун аэропортуна келген учур. 22-июль, 2018-жыл.
Абдул Рашид Достум Кабулдун аэропортуна келген учур. 22-июль, 2018-жыл.

Ооганстандын борбору Кабулда, эл аралык аба майданындагы жардыруудан кеминде он төрт кишинин өмүрү кыйылды. Ал үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды. Кандуу окуя Ооганстандын вице-президенти, улуту өзбек колбашчы Абдул Рашид Достум Түркияда бир жылдан көбүрөөк бозгунда жүрүп, Кабулга кайтып келген учурда болду.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Кабулдун эл аралык аба майданынын кире беришиндеги жардыруу генерал Абдул Рашид Достумдун автокербени ал жерден саналуу мүнөт мурда кетер замат болду.

Таасирлүү колбашчынын жана вице-президенттин өкүлдөрү учактан түшкөндөн көп өтпөй чопкутталган унаага түшкөн Достум жардыруу учурунда жабыр тартпаганын ырасташты.

Кол салуу үчүн дароо эле “Ислам мамлекети” (ИМ) тобу жоопкерчилик алды. Анын билдирүүсүнө караганда, ИМ тобунун жанкечтиси Достумдун Ооганстанга кайтышын майрамдап жаткан жамаатты бутага алган.

Кабул аэропортунун кире беришинде жанкечти өзүн жардыргандан кийинки көрүнүш. 22-июль, 2018-жыл.
Кабул аэропортунун кире беришинде жанкечти өзүн жардыргандан кийинки көрүнүш. 22-июль, 2018-жыл.

Ооган ички иштер министрлигинин өкүлдөрү тактаган соңку маалыматтарга караганда, жардыруудан кеминде он төрт кишинин өмүрү кыйылып, дагы элүү чакты киши жарадар болду.

Ооганстандагы өзбек азчылыгынын лидери, таасирлүү аскер колбашчысы жана вице-президент Абдул Рашид Достумду тосуш үчүн 22-июлда Кабулдун аба майданына жүздөгөн адамдар чогулган.

Ал Түркияда бир жылдан ашуун өз ыктыяры менен бозгунда жүргөн соң кайтып келди.

Достум Ооганстандан 2017-жылы май айында "саясий атаандашын уурдоого, уруп-сабоого, кыйноого, зордуктоого буйрук берди" деген айыптоолор чыгып, Ооганстандын Башкы прокуратурасы да бул боюнча кылмыш ишин ачкандан кийин кеткен.

Мунун алдында Жаузжан провинциясынын экс-губернатору Ахмед Ишчи 2016-жылдын 25-ноябрында уурдалып, адегенде Достумдун өзүнүн, андан кийин анын жан-жөкөрлөрүнүн ур-тепкиси менен зордук -зомбулугуна бир нече күн бою кабылганын айтып чыккан.

Ахмед Ишчи денесиндеги тактарды көрсөтүүдө.
Ахмед Ишчи денесиндеги тактарды көрсөтүүдө.

- Мени жертөлөөдө төрт жолу ур-токмокко алгандан кийин Достум өз адамдарына мени жерге жыгууга буйрук берди. Алар жаткырып алып, сабай башташты. Анан Достум командирине тогуз жан сакчысы менен кошо мени зордуктоого буйрук берди, - деген Ахмед Ишчи абактан 2016-жылдын 13-декабрында бошонгон соң.

Достум өзү мындай дооматтарды четке кагып, кийин Ооганстандан Түркияга чыгып кетишин саламаттыгына жана үй-бүлөлүк себептерге байланыштырган.

Эми вице-президент Түркиядан мекенине кайткан соң ага расмий айып коюлар-коюлбасы анык эмес. Ооган өкмөтүнүн өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна “укуктук маселелер мыйзамга ылайык чечилет” деп маалымдаса, президенттик кеңсенин басма сөз өкүлү Харун Чахансори вице-президент дарыланып келген соң, эми ишин кадыресе уланта аларын билдирди.

Абдул Рашид Достум Кабулдун аэропортуна келген учур. 22-июль, 2018-жыл.
Абдул Рашид Достум Кабулдун аэропортуна келген учур. 22-июль, 2018-жыл.

​Абдул Рашид Достум мурдатан эле Ооганстандагы эң талаштуу жана таасирдүү талаа командири эле. Анын 20 миңдей жоокери 1980-жылдары Советтик армияга каршы кармаштарга катышкан жана 1990-жылдардагы жарандык согуш учурунда Ооганстандын түндүгүн көзөмөлдөп турган.

Достумдун күчтөрү "ошол убакта зордуктоого, талоончулукка жана ырайымсыз киши өлтүрүүгө жол берген, керек болсо кылмышкерлерди танк менен тебелеткен" деп күнөөлөнүп келет.

Мындан сырткары укук коргоо уюмдары Достумду жана анын кошуундарын "2001-жылы эки миңдей талиб туткундарын атып же тумчуктуруп өлтүргөн" деп айыпташканы бар. Өзбек колбашчысы бул дооматтарды четке каккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG