Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

"Ачык Орусия" кыймылы ишин токтотту


Орусиядагы оппозициячыл “Ачык Орусия” кыймылы ишмердигин токтотконун жарыялады. Мындай кадам кыймылдын тарапкерлерин бийликтин куугунтугунан коргоо үчүн жасалганы айтылды.

Кремлдин башкы сынчыларынын бири, бозгундагы ишкер Михаил Ходорковский түптөгөн “Ачык Орусия” кыймылы өлкөдөгү ишмердигин токтотконун 27-майда жарыялады.

Кыймылдын аткаруучу директору Андрей Пивоваров мындай кадамга тарапкерлерин бийликтин куугунтугунан куткаруу үчүн барганы менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, Орусияда “дурус эмес” деп таанылган уюмдарга талапты катаалдаштырууну көздөгөн мыйзамдын кабыл алынышы менен куугунтук күчөшү мүмкүн. Ал эми “Ачык Орусия” “дурус эмес уюмдардын” катарына киргизилген.

“Адамдарга сотто күнөө тагып, далилдей алышпаганына карабай айыппул салып жатышат. Мурда акчалай айыпка чыдачубуз, күрөштү улантып келгенбиз. Бирок жаңы мыйзамга ылайык, бизге кылмыш иши козголушу мүмкүн. Ошондуктан акыркы чечимди кабыл алдык” деп билдирди Пивоваров.

Өткөн аптада полиция “Ачык Орусиянын” Москва жана Санкт-Петербургдагы кеңселерине тинтүү жүргүзгөн. Ага чейин деле демократиялык кыймылдын активисттери бийликтин ар кыл куугунтугуна кабылып келген.

Орус прокуратурасы 2017-жылы кыймылды “дурус эмес уюм” деп тааныгандан кийин кылмыш жана административдик иш козголуп, куугунтук күчөгөн.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Ачык Орусиянын” ишин токтотушу тууралуу комментарий берди. Ал уюмдун жабылышы "саясий талааны тазалоо аракети" деп айтууга эч кандай негиз болбой турганын билдирди:

“Бизде саясий талаа “Ачык Орусия” менен эле чектелбейт. Ал абдан бай жана көп түрдүү. Ошондуктан, кимдир бирөөнүн кетиши саясий талааны тазалоо дегенди түшүндүрбөйт”.

Орусияда 2015-жылы “дурус эмес уюмдар” жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, мындай тизмеге кирген уюмдар жана алар менен кызматташкандар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мыйзамдын негизги максаты бейөкмөт уюмдарга басымды күчөтүү болгонун адистер айтып келет.

“Ачык Орусия” кыймылын учурда Германияда жашап жүргөн мурдагы мунай магнаты Михаил Ходорковский негиздеген. Ал түптөгөн "МБХ медиа" сайтына да жакында басым күчөп, текшерүүлөр болгон.

Роскомнадзор мекемеси жакында эле «Твиттер» социалдык түйүнүнөн "МБХ медиа" басылмасынын аккаунтун өчүрүүнү талап кылган. Мекеме өз чечимин сайт “Твиттердеги” баракчасында “Ачык Орусия” уюму тууралуу маалыматтарды жарыяланганы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG