Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Аалым деп кимди айтуу керек?


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

"Аалым" деген термин тууралуу кеп кылууга убакыт жетти. Мен аалым болбой эле койгонго макулмун. Бирок кимди аалым дейбиз анда? Аалым деген киши ээ болушу керек болгон нормалардын бүткүл мусулмандар тарабынан кабыл алынган орток бир стандарт барбы?

Себеби, аалым ­- бул эл ээрчиген адам. Демек, бул жоопкерчиликтен улам мындай кишилер акылы тунук, дурус кулк-мүнөздүү жана дагы тескери жолго үндөбөгөн киши болууга тийиш. Жөнөкөй тил менен айтканда, аалымдын жазгандары жана айткандары илим-билимге, универсалдуу адептик нормаларга (этикага) төп келиши шарт.

Аалым сөзүнүн тарыхы

Аалым деген - бир нерсени билген (билүүчү) деген эле маанини билдирет. Андыктан, сөздүк маанисин эске ала турган болсок, чарбаны билген, дыйканчылыкты билген, физика илимин билген киши менен диний илимдерди билген адам. Айрыма жок, булардын баарын аалым деп атаганга болот. "Аалым" деген сөз терминдик мааниге ээ боло электе, сөздүк мааниси эле колдонулуп келген учур да болгон.

Ислам тарыхында аалым деген сөздүк мааниси менен чектелбей, бир терминге айлана баштаган учур төмөндөгүчө өнүккөн:

Алгач түрдүү илим бутактарын терең изилдеген, билген адамдарды аалым деп атап келишкен. Мисалы, хадис илимине өзгөчө баа берген катмар үчүн хадис илиминде тереңдеген киши (б.а. "мухаддис") аалым деп эсептелчү экен. Астрономия илимине баа берген катмар үчүн бул жактын кыйыны аалым дегендей эле кеп. Байкасаңыз, бул учурда деле тийиштүү багытта канчалык тереңдеген соң аалым деп эсептелиши тууралуу орток бир стандарт көрсөтүлгөн эмес.

Ислам тарыхында бир топ нерсенин нугун өзгөрткөн, маанилүү бурулуштардын бири ­илимдердин классификациясы болгондугу маалым. Б.а. мурда илим аттуунун баары бирдей кабылданып келсе, ал бурулуштан кийин илимдерди "диний" жана "байистүү" деп экиге бөлүшкөн.

Бул жерде дүйнө илими дегенде диний маңызга ээ болбогон бардык илим назарга тутулган. Ушундайча "аалым" деген терминдин аныктамасы тарыхта экинчи жолу тарыган. Ал учурдан тартып диний илимдерде гана терең билими барлар аалым саналып, байистүү тармакты канчалык тереңдетип окуса да аалым деп эсептелбей калган.

Кошумчалай кетчү нерсе, илимди диний жана диний эмес деп экиге бөлгөндөн тарта мусулман дүйнөсү үчүн өтө көп терс натыйжаларга себепкер болгон жана болуп келе жатат.

Аалым түшүнүгүнүн дагы бир жолу тарышы – наамдын шарттарынын ичине "адеп-ахлак" критерийи кириши менен ишке ашкан. Башкача, айтканда, ал күнгө чейин диний илим тармактарынын биринде көп окуган, илимий даражага жете алган кишилер аалым деп эсептелсе, бул жолкусунда алган илимине амал кылып-кылбашы да көңүлгө алына баштаган. Ушундайча, тийиштүү тармактарды жакшылап окуп, жаттап алып бирок адептик жүрүм-туруму начар, алган илимин жашоосунда практикалабагандар "аалым" деп эсептелбей калган.

Бүгүн кимди аалым деп атоого болот?

Демек, бүгүнгө чейин бул терминдин маңызы үч жолу тарыган. Анда бүгүн "Аалым - диний илимдердин бир же бирден көп багытын терең өздөштүргөн жана ага амал кылган, адептүү киши" дегенге болот.

Дароо белгилеп кетчү жагдай, аныктаманын ичиндеги "терең өздөштүрүү", "адептүү" деген критерийлердин маңызы тууралуу бүгүн бүткүл мусулман ааламы бирдиктүү ойдо экенин айтуу мүмкүн эмес.

Муну бир кемчилдик катары кабыл албоо зарыл. Мындай жагдай бул иштин табиятында бар. Алсак, учурда магистирдик же докторлук диссертацияны коргоонун талабы дүйнөдөгү бардык жогорку окуу жайларда бирдей деп айтуу өтө кыйын. Кайсы бир ЖОЖ тарабынан башка бир катар университеттердин дипломдору кабыл алынбай калышы буга мисал боло алат.

Темага кайта турган болсок, аалым түшүнүгүнүн маңызы канчалык тарыбасын, дагы деле ичинде ачык-айкын болбогон жана жалпы мусулман катмар тарабынан кабыл алынбаган нормалар бар. Бул боштуктарды ар ким ар кандай кылып толтурулуп келе жаткан болушу толук ыктымал. Бир кишинин билимин (толук болбосо да) белгилүү деңгээлде өлчөй алуу мүмкүн. Бирок бир кишинин канчалык адеп-ахлактуу экенин өлчөө мүмкүн эмес. Анткени, адеп-ахлактуу болуу - кишинин жан дүйнөсү, дээринин тереңиндеги ой-пикири менен байланыштуу нерсе. Аны сырттан көрүү, көзөмөлдөө мүмкүн эмес.

Демек, аалым болуунун шарттарындагы "адептүү болуу, окугандарына амал кылуусу" деген нормалардын стандартынан сөз кылуу мүмкүн эмес. Бул деген сөз, мусулман ааламында "аалым" атка конгондор өлкөдөн өлкөгө, элден элге, түшүнүктөн түшүнүккө карап өзгөрө берери анык.

Биздин өлкөдө учурда аалым барбы, бар болсо канча киши? Ушул суроо көпчүлүккө кызык болсо керек. Жогорудагы тыянакка таянсак, бизде да диний аалымдар бар десек болот. Анткени, биздин өлкөдө узак жылдар бою (салыштырмалуу) сапаттуу билим берген медреселер жок эмес. Мындан сырткары, эгемендүүлүктү алган соң, университеттердин ичинде да диний билим берген окуу жайлар ачылган. Мына ошолордон идиректүү, такшалгандары чыгып жатса керек.

Аалым тууралуу эки жаңылыш түшүнүк

Сиз да байкагандай, практика жүзүндө бир кишинин аалым деп аталып калышы дайыма эле анын илимий даремети менен белгилене бербей турганы маалым болуп калды. Анын үстүнө учурда бул макамдар - бейрасмий наамдар. Кээде көпчүлүк тарабынан жактырылган, диний лидер катары көрүлө баштаган кишилер деле аалым атка конуп кетиши мүмкүн окшойт.

Биздин өлкөдөгү диний тармактын абалына бул өңүттөн кыскача токтололу. Менин байкоом боюнча, биздин өлкөдө "аалым" деген түшүнүккө байланышкан эки чоң маселе бар:

Биринчиси, учурда аалым менен аалым эмес кишилер так айырмаланбай калды. Жеке пикиримде, "бул киши аалым, тигиниси аалым даражасына жете элек" деп так кесе айтуу кыйын. Бирок биздин өлкөдө деле аалым деп аталып келген кишилердин бүт баарын жогорудагы талаптарга толук жооп берери күмөн. Өзгөчө соцтармакта аалым катары көп таанылып жүргөн кишилердин баарынин диний тармактын жок дегенде биринде терең билими бар, такыба адам деп айтуу оңойго турбаса керек.

Биздин өлкөдө көпчүлүк тарабынан аалым деп таанылгандар адатта мечиттин трибуналарында насаат айткан жана анын видеосу интернетте кеңири тараган кишилерден турат. Бул бир илимий тереңдиктин көрсөткүчү эмес го акыры. Колду жүрөккө коюп туруп айта турган болсок, диний насааттарда илимий тереңдикке малынган нерселер айтылбайт эмеспи? Мечитте айтылган насааттар - диний билими терең кишилерге өтүлгөн илимий доклад эмес да.

Бул жагдай, кадимки молдокени, шайыкты (диний насаат айтуучу ) же үстүрт диний билими бар кишилер деле белгилүү бир катмарга жагып калып, аалым деп аталып келе жатканын көрсөтүп турат. Анткени, учурда аалым деп аталып жүргөн кишилердин көпчүлүгүн, эл алардын илимий тереңдигинен эмес, айткан диний насааттарынан, сукбаттарынан гана тааныды.

Экинчи маселе, аалымды дин тууралуу бардык маалыматтарды ийне-жибине чейин билет деп кабыл алып алганыбыз. Аныгында, аныктамада көргөндөй, аалым диний дисциплиналардын биринде, эгер дареметтүү болсо бир канчасында гана тереңдей алган киши.

"Аалымдарга" кайрылуу

Демек, эл жаңылыштык менен аалым эмес кишилерди аалым деп эсептеп, болгондо да илим аттуунун барын жеп-жутуп койгон киши катары кабыл алышы мүмкүн экенин көрдүк. Бул нормалдуу көрүнүш, элди айыптоого негиз жок.

Бирок бул жерде эл тарабынан "идеалдаштырылган аалым" атка конгондордун бир канчасын айыптоого негиз барбы дейм. Анткени, көпчүлүк адашып аалым деп атап алган учурда: "Жакшы ой-пикириңиздер үчүн ичим жылыды. Бирок мен аалым эмесмин жана мени идеалдаштырбагыла",-деп айтып коюуш этикалык милдет. Куран дал ушул этика тууралуу төмөндөгүнү табыштайт:

Баарыбызга маалым болгондой, Христиан теологиясында Иса менен апасы Мариям, жалпысынан Кудай катары көрүлөт. Ислам теологиясында болсо, алар кадимки эле пенде деп эскерилет. Курандын Маида сүрөөсүнүн 116-аятында "Кыямат күнү Алла мындай дейт: Оо, Мариямдын уулу Иса! Сен адамдарга мени жана апамды Алладан башка эки Кудай деп тааныгыла" деп айттыңбы? Иса болсо мындай дейт: ...Акым жок нерселерди айтпаймын, мен үчүн бул мүмкүн эмес. Эгер мен антип айткан болсом, сен аны билмексиң. Сен менин ичимдегини да билүүчүсүң..." деп өтөт.

Куран бул жерде өтө сонун логиканы берүүдө. Мындайча айтканда, Курандын аяты - "Сага тиешелүү болбогон зоболону сага беришсе, алба!" деген принципти буюруп жатат.

Демек, учуру келгенде пайгамбарды суракка алган Кудай, акыл-парасаты, илим деңгээли жетпесе да калың катмардын күүсүнөн улам кымыйып "аалым" аталып жыргагандарды суракка албайбы? Айтыңыздарчы, өздөрү сиздерден дин үйрөнөм деп оозуңузду тыңшаган көпчүлүктүн, сизди "Диний илими күчтүү экен. Демек, аалым экен!" деген сөзүн этибарга алуу канчалык туура?

Жалпак тил менен айтканда, диний илими жок кишилердин ою менен аалым белгиленип б.а. "Ушул кишинин диний илими терең!" деп баа берилип жатканы канчалык логикалуу?

Аалым болуу - агартуучу, элге туура жолду көрсөтүүчү болуу дегендик да. Демек, аалым болуу жоопкерчиликтүү даража эмеспи? Анткени, аалым адамдарга кантип жашаш керектигин үйрөтөт эмеспи? Дал ушунтип тандалган аалымдын айтканынан чыкпай жашап, бирок бактылуу жашай албай жаткан катмардын калыңдап кеткени ойлондуруш керек эмеспи?

Учурда мусулман ааламы белчесинен баткан кризиске, ушундай аалымдардын да очойгон салымы болбосун? Бир эле мисал, 1575-жылы Стамбулда падыша Мурат III колдоосу менен "Такиюддин бин Мааруфи" обсерваториясы курулган. Бул обсерватория, өз учурунда дүйнөнү таң калтырган Мырза Улукбектин обсерваториясынын илимий ийгилигин дагы да өнүктүрүү максатында курулган.

Бирок көп өтпөй, дүйнөгө жугуштуу оору тарап, пандемиялык абал жарыяланган. Кызыгы, бул абал ошол доордун аалымдары тарабынан обсерваторияны куруу менен шариятка каршы келип, "Кудайды кыжырдантып, жугуштуу оору жөнөтүп адамзатты жазалап жатат" деп жоромолдонгон. Натыйжада, обсерватория саналуу гана жыл иш алып барган соң, дин адамдары падышаны көндүрүп, замбирек менен аткылап талкалашкан.

Бул - ислам маданиятынын тарыхындагы эң чоң жоготуулардын бири катары тарых барактарында калды.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Демек, аалымын калайыкка туура багыт бериши эбегейсиз мааниге ээ. Аалым айткан нерсесинин же берген багытынын натыйжасына жооп бере ала турганчалык терең ойлонуп, даанышмандык менен сөз сүйлөөгө милдеттүү. Жогорудагы окуядагы аалымдар жоопкерчилик сезбей өкүм бергендин канчалык оор жоготууларга алып келерин, учурдун аалымдарына эстеткенге өтө сонун өрнөк болуп бере алат.

Элмурат Кочкор уулу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG