Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Жаш лидерлер Кыргызстандын жаркын келечегине ишенишет


Солдон онго карай: Элнура Сулайманова, Юлия Аманбаева, Миргүл Каримова
Солдон онго карай: Элнура Сулайманова, Юлия Аманбаева, Миргүл Каримова

Кыргызстандын саясий жана социалдык турмушунда активдүү роль ойногон жаштардын саны күн санап өсүүдө. Мындай жаштар өлкөдө болуп жаткан окуяларга сырттан байкоо салууну каалашпайт. Июль айынын башында Чехиянын ордо калаасы Прагага Лидерлердин жайкы мектебине Кыргызстандан үч студент келишти. Элнура Сулайманова, Миргүл Каримова жана Юлия Аманбаева – Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери. Прагага келген кыргызстандык студенттер “Азаттык” үналгысынын баш кеңсесине да баш багып, гендердик саясат, Европа менен Азиялык жаштардын ортосундагы айырма, Кыргызстандын саясий турмушундагы окуялар тууралуу пикирлери менен бөлүшкөн.

“Азаттык”: Мен алгачкы суроону Элнура Сулаймановага бергим келип турат. Элнура, мына ошентип Прагага да келип калган экенсиңер. Сапарыңардын максаты тууралуу толугураак айтып бересиңби? Бул биздин жаш угармандарга кызык болсо керек деп ойлойм.

Элнура Сулайманова: Адегенде "Азаттык" үналгысынын кеңсесине чакырганыңар үчүн силерге ыраазычылыгымды билдирем. Абдан толкунданып, ыраазы болуудабыз. Прагага сынакты жеңип алып келгенбиз. Бул сынакты эки университет уюштурган: Прагадагы Карл университети жана АКШдагы Жоржтаун университети. Эки университет Лидерлердин Жайкы мектебине 28 өлкөдөн 128 студентти тандап алды. Бул мектептин максаты - болочок лидерлерди тарбиялоо. Бул жаш лидерлер өз өлкөлөрүндө жаңы нерселерди киргизип, элдин пайдасына иштешмекчи.

“Азаттык”: Элнура, сен Борбор Азиядагы Америка университетинде кайсы факультетте окуйсуң?

Элнура Сулайманова: Эл аралык мамилелер факультетинде 3-курсту аяктадым. Буюрса, бир жылдан кийин университетти аяктап, колума диплом алып, Кыргызстанга пайдасына тийген адис болом деген нийетим бар.

“Азаттык”: Элнура, мына силер Лидерлердин Жайкы мектебине келген экенсиңер. Бул мектепте силер лидерлик сапаттарды мыкты өздөштүрөрүңөргө көзүм жетет. Азыркы мезгилде Кыргызстанда лидер айымдар аз деп ойлойм. Буга макулсуңбу?

Элнура Сулайманова: Туура айтасыз. Лидер айымдар өтө көп деп айта албайбыз. Бирок, байкасаңыз керек, өз максатына умтулган айымдар чыга баштады. Көп болбосо да бар. Бейөкмөт уюмдарда иштеген айымдар да көп.

“Азаттык”: Сенин баамыңда, лидер айым кандай болушу керек? Мына силер да келечекте өзүңөрдү ушундай ролдо элестетесиңер. Анан лидер айым кандай сапаттарга ээ болушу керек деген пикирдесиң?

Элнура Сулайманова
Элнура Сулайманова:
Лидер деген ким? Лидер, менин оюмча, бул - эл алдында жүргөн киши. Кандайдыр бир тоскоолдук чыкса, ошондон жол таба билген, жардам бере алган киши. Айымдар үчүн лидер болуу кыйын го деп ойлойм.

“Азаттык”: Азия өлкөлөрүндө, Кыргызстанда аялзатынын лидер, жол башчы болушу үчүн шарттар түзүлгөн деп ойлойсуңбу? Же мурдатан калыптанып калган көз-караштар аялзатынын топ элден суурулуп чыгышына тоскоол болуп жатабы? Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан гендердик саясатка көзүң толобу?

Элнура Сулайманова: Бир жагынан карап көрсөң, аракет кылган айымдар чыгып жатат. Аларга кандайдыр бир шарттар түзүлгөн. Албетте жакшы билим алып, аракет кылса чыга алат. Саясатта да өзгөрүүлөр бар. Мисалы, өкмөттө айымдарга квота бөлүнгөн, Жогорку Кеңеште депутат айымдар бар.

“Азаттык”: Угармандардын эсине сала кетсем, студияда менин жанымда үч жаш студент кыздар отурушат. Алар болочокто лидер болуп, көч башында турууга умтулушат. Элнура, жигиттер лидер кыздарга кандай карайт деп ойлойсуң? Же баш көтөрбөй, үн чыгарбай, айтканына көнгөн кыздарга артыкчылык берилеби?

Элнура Сулайманова: Антип деле эсептебейм. Андай деле болбошу керек го. Мисалы, мен көп эле жубайларды билем: аялы деле, күйөөсү деле бирдей турумду ээлешет. Балким мурда башкача болгондур. Ал эми азыр демократия, аялдар менен эркектердин укуктары бирдей.

“Азаттык”: Кийинки суроону Юлия Аманбаевага берсем. Юлия да Борбор Азиядагы Америка университетинде окуйт. Юлия болочоктогу юрист. Юлия, Прагага кош келипсиң. Бул шаар сага кандай таасир калтырды?

Юлия Аманбаева: Албетте Прага мага абдан жакты. Бул сапарды Жайкы мектептин катышуучуларынын бардыгы чыдамсыздык менен күтүшкөн жана абдан даярданышкан. Бүгүн биздин Чехиядагы биринчи күнүбүз. Бирок Праганын кооздугу бизди өзгөчө таң калтырды. Бизди кучак жайып тосуп алган кишилер үчүн да Прага бизге өзгөчө жарык көрүндү.

“Азаттык”: Юлия, буга чейин сен бир нече өлкөдө окуп келген экенсиң. Кайда болдуң?

Миргүл Каримова, Элнура Сулайманова жана Юлия Аманбаева "Азаттык" үналгысынын баш кеңсесинде
Юлия Аманбаева:
Мен бир жыл АКШда окудум. Бул студияда отургандардын бардыгы эле Америкада билим алып, андан кийин окууну Борбордук Азиядагы Америка университетинде улантууда. Биз ар бирибиз алгач чет өлкөдө өз алдынча билим алып, башка өлкөнүн билим берүү системасын көрүп, өз күчүбүздү сынайын дегенбиз. Аракетибиз, умтулуубуз болбосо, биз башка өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алмак эмеспиз деп ойлойм. Мен Пенсильвания, Питсбургда билим алдым, болочок кесибим боюнча бир топ тажырыйбага жетише алдым.

“Азаттык”: Рахмат. Эми сөз кезегин Миргүл Каримовага узатам. Миргүл, сен да курбуларыңдай эле чет өлкөдө билим алган экенсиң. Кандай тажырыйба топтой алдың?

Миргүл Каримова: Австрия, Германия, АКШда, Түркияда билим алдым. Азыр Кыргызстанда окуйм. Биринчиден, тил үйрөнүү үчүн чет өлкөдө окудум. Экинчиден, жаңы досторду табууну кааладым. Үчүнчүдөн, жаңы маданият менен таанышуу, аны жакындан билүү үчүн чет өлкөдө болдум.

“Азаттык”: Миргүл, чет өлкөдө алган билимиң сага кандай жолдорду ачып, кандай мүмкүнчүлүктөрдү берди?

Миргүл Каримова: Юлия жана Элнура айтып өткөндөй, айрымдар ойлогондой чет өлкөдө окуу оңой эмес. Ошонун артында кандай кыйынчылыктар жана жоопкерчилик турарын көптөр биле бербесе керек. Бул - стресс, убакыт көп коромжуланат, аракеттениш керек жана Кыргызстанды жакшы жагынан таанытууга аракет жасайсың. Мындан сырткары, кайсы бир өлкөгө барып, билим алуу өзүнчө бир чоң түйшүк.

“Азаттык”: Миргүл, бардык нерсе салыштыруудан билинет деп коеюшат го. Сен Европа, АКШда окуган экенсиң. Сенин оюңча, Европа жаштары менен кыргыз жаштарынын ортосунда кандай айырма бар?
"АКШ, Европа жана Кыргызстандын жаштары жашоого, билимге, келечекке болгон көз-карашы менен абдан эле айырмаланышат." Юлия Аманбаева.


Миргүл Каримова: Салыштыруу үчүн менде тажырыйба бар деп эсептейм. Менимче, Азия өлкөлөрүнүн жаштарынын дымагы күчтүү. Бирок саясаттанбы, социалдык-экономикалык абалданбы, айтор көбү жаркын келечекке ишенбейт. Менимче, бул - чоң ката. Себеби жаштар ишенбесе, анда ким ишенет? Европада, Юлия айткандай эле, окуу биринчи жана негизги максат эмес. Ушул жагынан караганда Азия жаштарынын келечеги кенен деп ойлойм. Ошон үчүн биздин жаштар билимин тереңдетип, дымагы жана эмгеги менен көп нерселерге жетише алат.

“Азаттык”: Юлия, сенде АКШ, Европанын жаштары менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгү болду. Кыргызстандык жаштар менен салыштырып көрбөйсүңбү? Эң негизги кандай айырма бар деп ойлойсуң?

Юлия Аманбаева: Мага азыр кандайдыр бир чектөөлөрдү коюп, чет өлкөлүк жаштар менен кыргызстандык жаштарды салыштыруу кыйын болуп турат. Бирок айырма сөзсүз бар. Болгондо да чоң айырма бар. Бирок мен аларды категорияларга бөлүп, чектөө киргизгим келбейт. Себеби, менимче, бардык нерсе адамдын өзүнөн көз каранды го. Бирок бир нерсени белгилеп кетким келет: АКШ, Европа жана Кыргызстандын жаштарын алардын жашоо образы айырмалап турат. Алар жашоого, билимге, келечекке болгон көз-карашы менен абдан эле айырмаланышат.

“Азаттык”: Менин оюмча, Европанын жаштарында кыргызстандык жаштарга салыштырмалуу мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Буга макулсуңбу?

Юлия Аманбаева: Ооба, чет өлкөлүк жаштарда билим алуу жана башка жагынан караганда да мүмкүнчүлүктөрү кыйла эле жогору. Биздин өлкөдө билим берүү сапаты аларга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Бирок бул окуу жайдын өзүнөн да көз каранды деп ойлойм.

Мисалы, мен АКШдагы бир нече университетти билем. Ал университеттерде Европанын жогорку окуу жайларында да билимиңди тереңдетүүгө мүмкүнчүлүктөр берилген. Башкача айтканда, сен америкалык университетке акча төлөйсүң, бирок Европанын бир жогорку окуу жайында да тажырыйбаңды жогорулатсаң болот. Бул сага дүйнөнү башка өңүттөн кароо мүмкүнчүлүгүн берет. Сен ошол университетте өткөргөн 4 жыл ичинде терең билим аласың.
"Эгерде биз өлкөбүздү өнүктүргүбүз келсе, анда кайдыгер мамиле жасабашыбыз керек."
Элнура Сулайманова.


Биздин өлкөдө болсо билим берүүнүн мындай түрү өтө деле өнүккөн эмес. Ал эми чет өлкөдө билим алган кыргызстандык жаштар бул нерсеге өз күчү, аракети, каражаты жана умтулуусу менен жеткен. Бул албетте өтө оор.

“Азаттык”: Миргүл, сен да Лидерлердин Жайкы мектебине келдиң. Өзүңдү 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын саясий турмушунда көрөсүңбү? Лидерлик сапаттар сенде канчалык бар?

Миргүл Каримова
Миргүл Каримова:
Учурда менин эң башкы максаттарымдын бири - көп тоскоолдуктарга карабастан лидер болуу. Мен 10-15 жылдан кийин саясатта ордумду таап, лидер болгум келет. Албетте Азияда жашаганыбыз үчүн бул кыйын. Бирок көп иштерди жасаган, өзүнө ишенген айымдардан болоорума ишенем. Бул үчүн билимимди тереңдетип, көп эмгектенсем, мындан сырткары аялдык милдеттеримди да ишке ашырсам - мыкты лидер айым болорума көзүм жетет.

“Азаттык”: Бир катар байкоочулар Кыргызстанда гендердик теңсиздик бар деп айтышат. Анан өзүң да болочокто саясатка аралашып, эл керегине жараган болсом деген тилегиң бар экен. Теңсиздиктен коркпойсуңбу?

Миргүл Каримова: Менимче, бул бир аз туура эмес. Себеби бизде гендердик теңдик бар. Бирок көп жакшы ишке аша элек. Мен партиялар менен да иштешкем. Менимче, бул жерде аялдардын да катасы бар. Себеби айымдар өз укуктарын жакшы билишпейт. Мурдагыдай эле салттуу, калыптанып калган ой-жүгүртүү менен жашап келишет.

“Азаттык”: Өзүң да жакшы билесиң, президенттик шайлоого талапкер катталгандардын арасында Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева да бар. Сенин баамыңда, кыргыз коому өлкөдөгү эң жогорку кызматта аялзатынын өкүлүн көрүүгө даярбы?

Миргүл Каримова: Коом даяр эмес. Саясатта, тилекке каршы, айрым эркектер аялдар менен иштешүүнү каалашпайт. Мен ушундай сөздөрдү уккам. Мындай сөздөрдү айтуунун өзү туура эмес. Кайсы бир өлкөнү сырттан карап эле көп нерсени билсе болот. Эгерде гендердик теңдик болбосо, аял менен эркек бири-бирин түшүнбөй, чогуу иштеше албаса, анда ал коомдун келечеги жакшы болбойт. Бирок, менимче, Кыргызстандын келечеги көп деле гендерден көз каранды эмес.

Аял киши болобу, же эркек болобу, негизгиси профессионалдык сапаттары болушу керек. Айтып коюшат, аялдар коомдук маселелерди жакшы чечет деп. Бирок менимче, бул нерсе жынысына карабастан, адамдын өзүнөн көз каранды. Президент болуу оңой эмес. Патриот деген сөздү көп айтабыз. Бирок чыныгы патриот өз элин ойлойт.

Элнура Сулайманова: Миргүлдүн сөздөрүнө кошулгум келет. Учурда жаштардын көбү шайлоого баргысы да келбейт. Себеби аларда ишеним жок. "Менин добушум эмнени чечмек эле?" дешет. Бирок эгерде биз өлкөбүздү өнүктүргүбүз келсе, кайдыгер мамиле жасабашыбыз керек. Өлкөнүн бардык тармагында активдүү роль ойногонго аракет кылышыбыз керек. Азыр шайлоо - эң башкы маселе деп эсептейм.

Миргүл Каримова: Айрымдар айтат “бир адам көп нерсени өзгөртө албайт” деп. Бирок ага дагы башкалар кошулса, ар бири өз ишин мыкты өздөштүрсө, өз максатына тез жетет деп ойлойм.
"Эгерде гендердик теңдик болбосо, аял менен эркек бири-бирин түшүнбөй, чогуу иштеше албаса, анда ал коомдун келечеги жакшы болбойт." Миргүл Каримова.


“Азаттык”: Туура айтасың Миргүл. Бирок, мисалы, АКШда бир добуш көп нерсени чечип коет. Ал эми жаңыдан демократияга кадам шилтеген Кыргызстанда бул канчалык реалдуу?

Миргүл Каримова: Тилекке каршы, азыр АКШ, Европа же башка өлкөлөр менен Кыргызстанды салыштырууга болбойт. Бирок салыштырып туруш керек. Биздин эгемендүүлүккө жеткенибизге 18 жыл болуп калды. Бул 18 жыл ичинде деле көп нерсеге жетүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз жетишээрлик болчу. Бирок адамдардын пассивдүүлүгү, келечекке ишенбегендиги - максаттарды ишке ашыра албай жатканыбыздын бир себеби. Өзүбүзгө өзүбүз ишенип, ишибиздин адиси болсок көп нерсеге жетебиз.

“Азаттык”: Маегиңер үчүн ырахмат. “Азаттык” үналгысы силерге ийгилик каалайт. Жайкы мектептеги окууңар көңүлдүү жана пайдалуу өтсүн. Болочок лидерлердин жолу шыдыр болсун дейбиз.
XS
SM
MD
LG