Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:16

Ташкентте адам өмүрүн алган атышуу болду


Белгисиз куралчан топ менен милиция күчтөрүнүн ортосундагы атышуу Ташкенттеги ушул "Кукча" мечитинен алыс эмес жерде жүргөн.
Белгисиз куралчан топ менен милиция күчтөрүнүн ортосундагы атышуу Ташкенттеги ушул "Кукча" мечитинен алыс эмес жерде жүргөн.

Ташкентте милиция менен куралчан топтун ортосундагы атышуудан кеминде эки адам каза тапкан. Окуя өлкө Эгемендик күнүн майрамдаар алдында болду.

Ташкенттен түшкөн кабарларга караганда, атышуу ушул ишемби, 29-августта кечке жуук болгон. Өзбекстандык интернет сайттардын бейрасмий булактарга, окуянын күбөлөрүнө шилтеме жасаган маалыматтарында атышуу эки кабат үйлөрдүн бирине кирип алган куралчандар менен ал аймакты курчоого алган милиция күчтөрүнүн ортосунда жүргөнү айтылат. Атышуу орун алган райондо шаардын №1 ооруканасы жана “Кукча” деп аталган ири мечит да жайгашкан эле. Атышуу кеминде жыйырма минутка созулган.

Өзбек расмий өкүлдөрү окуя боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берише элек, бирок өзбек интернет сайттарынын биринде өлкөнүн ички иштер министрлигинин аты аталбаган өкүлү атышууну милициянын “кылмышкерлерге каршы” рейди катары мүнөздөгөн.

Ташкенттик адам укугун коргоочу, Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобу деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси Сурат Икрамов өзбек башкалаасынын атышуу болгон районуна окуядан бир сааттан кийин барган.

Ал “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кыргыз кызматынын кабарчысы менен маегинде өзбек бийликтери адам өмүрүн алган атышуу жөнүндө али ак же көк дебегендиктен шаар тургундары арасында түрдүү ушак-айыңдар жүрүп жатканын белгиледи:

- Атышуу болгон негизги жерге мен ал окуядан бир сааттан кийин бардым. Бул шаардын Шайхантаур району. Мен барганда атышуудан өлгөндөр же жаракат алгандар жок экен. Бирок милиционерлер абдан көп жүрүптүр. Ал жерге жакын жайгашкан көчөлөр, чолок көчөлөр бир чакырымдай радиуста жабылыптыр. Окуяга күбө болгон адамдардын айтымында, ал жерде эки аял өлтүрүлгөн. Милиция формачан бир нече адам жаракат алып, алар атүгүл жакын арада жайгашкан №1 оорукананга жеткирилген. Мамлекеттик структуралар азырынча эч нерсе айтпагандыктан , шаарда азыр өлгөндөрдүн, жаракат алгандардын саны, дегеле окуя боюнча түрдүү ушак-айыңдар, жоромолдор жүрүүдө.

Укук коргоочу Сурат Икрамов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, атышуу болгон жерге БТРлер да алынып келинген. Эл арасында атышуу ошол эле 29-август күнү Ташкенттин башка райондорунда болгондугу туууралуу маалыматтар айтылууда.

Окуя Өзбекстан Эгемендик күнүн жана Ташкент шаарынын 2200 жылдык мааракесин белгилер алдында орун алып олтурат. Кош майрамды утурлай өзбек расмий маалымат каражаттары башкалаада коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлашкан. Алдыдагы майрамдарга байланыштуу өзбек тарап террорчулар менен экстремисттердин өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу деген жүйөө менен 28-августтан тарта Кыргызстан менен чек арасын да жапкан эле. Адатта Эгемендик күнүндө өзбек президенти эле кайрылат, абактагыларга мунапыс берилет, майрамдык оюн-зооктор өткөрүлөт. Дегеле бул майрамды өзбек өкмөтү өлкөнүн жетишкендиктерин даңазалоо үчүн колдонот.

Буга дейре өзбек башкалаасында адам өмүрүн алган жардыруулар бир нече ирээт болгон.

1999-жылдын февралында Ташкентте өкмөттүк кеңселерди бутага алган жардыруудан 16 киши каза таап, 120дан ашууну жаракат алган.

2004-жылдын март –апрель айларында жанкечтилердин Ташкент менен Бухарада милицияны бутага алган жардырууларынан 50дөй киши каза тапкан.

2004-жылдын июлунда жакечтилер АКШ менен Израиль элчиликтерин бутага алышкан.

Өзбек өкмөтү бул кол салуулар үчүн Өзбекстан Ислам кыймылы, “Хизб-ут Тахрир”, “Ислам жихады” өңдүү уюмдарды айыпташкан.

Бул топтордун айрымдары чын эле ошол кол салуулар үчүн жоопкерчилик да алышкан болчу.

Президент Ислам Каримовдун режими маалымат каражаттарын катуу көзөмөлдөгөнүнө байланыштуу Өзбекстандын ичинен маалымат алуу кыйын. Андыктан эксперттердин көбү Ташкентте буга чейин болгон бомба жардыруулардын артында турган жагдайлар боюнча өкмөттүн да, согушчан уюмдардын да жасаган ырастоолорунан шек санашат.

Ал эми милиция менен куралчандардын кагылышуусу акыркы ирээт 25-26 – май күндөрү Ханабад жана Анжиян шаарында орун алган болчу. Ханабадда өзбек тарап “бандиттер” деп мүнөздөгөн топ милиция бекетине кол салса, Анжиянда жанкечти жардыруу жасаган. Аталган окуялардан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын бир нече күнгө жаап, расмий билдирүүдө Ханабадда кол салгандар коңшу Кыргызстан тараптан кирип келгени айтылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG