Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:40

Америкалык интернет компаниялар жабык өлкөлөрдө иштей алат


Гугл компаниясынын электрондук байланыш символу
Гугл компаниясынын электрондук байланыш символу

Гугл компаниясы АКШ өкмөтүнүн Иран, Куба жана Суданга компьютердик программалар менен интернеттеги түрдүү кызматтарды экспорттоого кеңири жол ачкан чечимин кубаттады.

АКШнын каржы министрлигинин интернет кызматтарын экспорттоодогу чектөөлөрдү азайтышы – кара тизмедеги өлкөлөрдүн катардагы жарандарынын дүйнөлүк Интернет торуна кошулуу, анда күндөлүк, же блог ачуу, электрондук кат-кабар жөнөтүү, же социалдык чаттарда эски-жаңы тааныштар менен баарлашуу мүмкүндүгүн кеңейтет. Бирок Америка өкмөтүнүн мындай чечими Иран, Куба, Судан өңдүү өлкөлөрдүн Интернетти көзөмөлдөшүн жок кыла албайт, жада калса аны чектей да албайт. Ошентсе да, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон чечим Иран өңдүү жабык өлкөлөргө дүйнөлүк интернет желеси аркылуу маалымат таратуу ишин жакшыртат деген үмүтүн айтты.

- Интернет эркиндигин, адамдардын өз оюн эркин билдирүү укугун урматтоо менен, биз Ирандын жарандарына Интернеттеги түрдүү кызмат-каражаттарды сунуш кыла турган компанияларга лицензия берүүнү чечтик. Ирандыктар өз ара байланышып, өз өлкөсүндө эмне болуп атканы тууралуу маалымат алалсын деген ниеттен.

Гуглдун электрондук байланыш кызматы – gmail – Иранда буга чейин эле колдонулуп келатат. Өткөн айда бирок, дал ошол gmail байланышы Иранда улам үзгүлтүккө учурап, атайын тоскоолдуктар коюлганы кабарланган.

Гугл жана башка интернет компаниялар буга чейин АКШ өкмөтүнүн кара тизмесиндеги өлкөлөрдө өз ишмердигин жайылтпай, Вашингтондун андайга тыюу салган чечимине кылчактап келген. Өткөн жайда Ирандагы президенттик шайлоонун тегерегинде катардагы ирандыктар Интернеттеги twitter жана youtube өңдүү порталдар аркылуу байланышып, нааразылык акцияларын уюштурууда кеңири колдонгондуктан, Вашингтон мындан ары Интернеттеги эркиндикти камсыздоо – тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт болот деп жарыялаган.

Гугл компаниясынын Европа, Африка жана Жакынкы Чыгыш боюнча басма сөз өкүлү Билл Эчиксон жаңылыкты алар шыктануу менен кабыл алышканын белгиледи.

- АКШнын каржы министрлигинин бул чечими бизди абдан кубандырды, анткени сөз эркиндиги чектелген Иран жана башка өлкөлөргө Интернет байланышы боюнча программаларды жана кызматтарды сатып, экспорттоого жол ачылат. Биз мындай жабык өлкөлөрдүн жарандары өз мекендештери жана чет өлкөлүктөр менен байланыша алгандай шартты түзүү керек деп көптөн бери айтып келатканбыз. Эми колубуздан келген байланыш куралдарын ал жактарда жайылтууга киришебиз.

Шейшембиде Женевада өткөн адам укуктары боюнча эл аралык форумда Гуглдун байланыш бөлүмүнүн башчысы Роберт Бурстин авторитардык өкмөттөрдүн Интернетти чектөө ыкмаларын жоюу жолдорун атайын адис инженерлер изилдеп жатканын билдирди. Атүгүл, биздин адистер андай ыкмаларды тапты, азырынча ачык айта албайм, мындай иште абайлабаса болбойт, деп кошумчалады Гуглдун өкүлү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG