Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Пакистан: качкындардын саны 2 миллион 300 миңге жетти


Пакистандын Сват өрөөнүнөн жана ага чектеш аймактардан үй-жайын таштап качкандардын саны 2 миллион 300 миңге жетти. Бул тууралуу БУУнун өкүлдөрү жана Пакистандын бийлиги кабарлашты. Маалым болгондой Сват өрөөнүндө бир жарым айдан бери жоокерлер менен талиптер ортосунда уруштар жүрүүдө. Кечээ (24-майда) Пакистандын Куралдуу күчтөрү Сват өрөөнүндөгү Мингора шаарындагы өзөктүү райондорду өз көзөмөлүнө алганын кабарлаган. Исламабад менен "Талибан" кыймылы быйыл февралда келишим түзүп, козголоңчулар Сватка шариат эрежелерине негизденген башкаруу системасы киргизилсе куралдарын таштаганга милдеттенишкен. Бирок алар келишимди бузуп, өздөрүнүн амирине караган аймактарды кеңейткенге киришкен соң өкмөт аскери операцияларды баштаган.

XS
SM
MD
LG