Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Орусия: 7 аптага созулган аптап


Токойдогу өрттү өчүрүү аракеттери.
Токойдогу өрттү өчүрүү аракеттери.

Орусияда буга чейин болуп көрбөгөн күн ысып, токой менен талаа өрттөнүп, бул апаат эми гана басаңдай баштады. Буга чейин Москва шаарын басып калган кара түтүн тарагансыды. 11-августка караган түнү катуу жааган жаан жана анын артынан соккон салкын жел түтүндүн тарашына шарт түздү.

11-августта синоптиктердин маалымдашынча, Москвада абанын температурасы 32-34 даража болгон. Кайсы бир жерлерде жаан жаады.

7 аптага созулган ысык Орусиянын тарыхында буга чейин болуп көргөн эмес. Себеби бул күндөрү расмий эсепке ылайык, өрттүн зыяны 18 миллиард долларга жеткени такталды. Бул болсо өлкөнүн ички дүң продукциясынын 1 пайызына тете.

Жети аптага созулган ысыктан Москвада набыт болгондордун саны демейдегиден эки эсеге өстү. Саламаттыкты сактоо башкармасынын жетекчиси Андрей Сельцовскийдин айтымында, шаардагы моргдордогу 1300 орун дээрлик сөөктөргө толгон. Аптаптын бийлик үчүн таалими болдубу деген суроого көчөдөн жолуккан карыя “буга окшогон өрт от тутантуу эмес, аны өчүрүүдө техника сындан өттү. Менимче, өрнөк болду” деп жооп кайтарган.

Карапайым калк мындай ысыктан эми каатчылык башталат деп кооптонууда. Себеби 5-августта өкмөт буудай, арпа, кара буудай, жүгөрү, унду 2010-жылдын 15-августунан тарта 31-декабрга чейин экспорттого тыюу салды. Анын эртеси өкмөт башчы В.Путин эгинди сыртка сатпоо чечими жакында алынбайт деген пикирин айтты.

Ал эми чет элдик адистер, маселен, Жер саясаты институтунун президенти Л.Браундун (Lester Brown) айтымында, Орусия бул жылы 94 миллион тонна эгин алууну болжолдогон, бирок 65 миллион тонна гана эгин жыйналары күтүлүүдө. “Апааттын Орусия үчүн таалими болдубу” деген суроого көчөдөн жолуккан жигит “менимче техника жетишпейт, адистер жокко эсе болду, өрт мынчалык кулач жайбашы керек эле” деп жооп кайтарган.


Абанын катуу ысышы июль-август айларына туура келип, орус калкын кыйнады. Окумуштулардын баасында Москвада июлдагы абанын ысышы демейдеги Цельсия өлчөмүнөн 8 даражага ашып түшкөн. Экинчиден, бир эле жерде жети апта бою күндүн мынча ысышы жер шарында болуп көрбөгөн. Буга дейре Москвада 37 даражага жете күндүн ысышы 1920-жылы августта гана болгон экен. Быйыл болсо бир аптанын ичинде Москвада ысык 37 даражага жетиши жана андан ашышы беш жолу катталган.

11-август таңында токойдон өзүнөн өзү чыккан өрттөрдү өчүрүү Ыраакы Чыгышта 389 гектар жерден 10 гектарга чейин азайганы дайын болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү билдирди.

“Коммерсант” гезити жазганга караганда Москва обулусу боюнча ала келгенде токойдо өрттөнүп аткан 70 жер бар. Шатура, Егорьев, Орехово-Зуев райондорундагы токойлордо кырдаал оор деп бааланууда. Липецк, Тула, Белгород, Тамбов жана Иванов облустарында, Мордва, Марий Эл жумуриятарында, Ульянов, Курск, Оренбург облусунда жана Татарстан жумуриятында өрт өчүрүлдү.

Ошол эле учурда Рязан жана Нижегород облустарында өрттү өчүрүү мүмкүн болбой жатат. Андан сырткары дагы 6 аймакта жагдай оор жана ал жерлерге өзгөчө кырдаал киргизилген. Алардын арасында Озерск жана Серов аттуу эки жабык шаар бар. Челябинск облусундагы Озерск шаарында өлкөдөгү эң ири өзөктүк отун калдыгын сактоо жана кайра иштеп чыгуу борбору жайгашкан. Ал эми экинчи шаарда алгачкы советтик атомдук жана водороддук бомбалар жасалган Бүткүл орусиялык физика институту бар.

Орусия: токойдо өрт, шаарда түтүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG