Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

К. Апас: Азыр элдин жини кайнап турат


Россияда жүргөн кыргызстандык ишмер Кубанычбек Апас Бишкекте болуп жаткан курултайлар жана бийликтин саясаты жөнүндө "Азаттыкка" өзүнүн ой-пикирин бөлүштү.

- Март айынын акыркы күндөрүндө бийликтин, оппозициянын курултайлары болуп атат. Дегеле курултайлардын жүрүшүнө сиздин бааңыз кандай болуп атат?

- Мен ушул курултайды көрүп ойлодум да, канча курултай, мына 11-курултай, анан 17-курултай, анан 57-курултай, жыйынтык жок болуп атат. Ошондуктан мен айткан сөзүмөн уюштуруучулар коркуп атышат. Кубанычбек Апастын көзү ачык деп мага сөз берген жок.

- Жети талап коюшпадыбы, ушул талаптарды сиз канчалык орундуу же орунсуз деп ойлойсуз?

- Мен ойлойм, бул абдан туура коюлган талаптар. Азыр элдин баарынын жини кайнаган кез. Бирок мен ойлойм, эч качан Бакиев администрациясы бул талаптарды ишке ашырбайт. Бүт баары жооп алыш керек, сот болуш керек Кыргызстанда. Кыргыз элибиз азыр жаны өкмөттү шайлап, татыктуу президентти коюш керек.

Гуревич сыяктуу эл аралык аферисттерди Америкадан алып келип атышат. Италияда болсо ага кылмыш иши козголуп отурат. Ошондуктан алар бир млрд. долларды Кыргызстандын бюджетинен ташып, жок кылды. Ошондуктан бул бийликке ишеним көрсөтпөй, эл өзү чыгыш керек.

- Анткен менен азыр реалдуу бийликтин башында президенттик шайлоо менен келген Курманбек Бакиев туруп атат. Ал кишинин демилгеси менен Ынтымак курултайы өтүп жатат. Андан кандай тыянак чыгышы мүмкүн, Кыргызстандын өнүгүшүнө кандай пайда алып келет деп ойлоп атасыз сиз?

- Бул Бакиевдин иш чарасы. Ошондуктан Бакиев кыргыз элин алдоо үчүн азыр ушул курултайды өткөрүп атат.

- Кыргызстандын тышкы саясатында азыр бир топ маселелер козголуп атат, анын ичинде Орусия менен Кыргызстандын мамилеси, Казакстан менен Кыргызстанды мамилеси жөнүндө сөз жүрүп жатат. Бажы биримдигине байланыштуу да болуп атат. Сиз кандай ойлойсуз, Бажы биримдигине киргенге Кыргызстан даярбы, эмне тоскоолдук болуп атат?

- Бажы биримдигине киргенге Кыргызстандын азыр акысы жок. Анткени Дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Ошону бузганга такыр болбойт. Ошондуктан бажы деген болбойт го.

- Транзиттик жүктөрдүн бардыгын Казакстан тосуп, Кыргызстанга киргизбей жатат, реалдуу түрдө бул бизнеске таасири тийип атат. Ушул маселени кантип чечиш керек?

- Азыр биздин өкмөтүбүз жана казак өкмөтү бир компромисске келиш керек, бир токтом чыгарыш керек. Орусия менен ошондой эле эки тараптуу компромисс кылып, келишимдерди түзүш керек. Орусия-Кыргызстан мамилеси боюнча мен мындай деп айтам. Бакиев убада берген АКШ базасын чыгарабыз деп бүт дүйнөгө. Бирок аткарбай койду.

Россия болсо 2 млрд. доллар беребиз ГЭС курганга деп, жазда авансты берип алып, анан аткара албай калды. Бакиев Орусияны алдады. Ошого Путиндин жини келип сүйлөшпөй койду. 1 млрд. 700 млн долларды бербейбиз, силер "нечестный партнерсуңар" деп уруша кетиптир.

Эми биздин өкмөтүбүз Пекинге барат, ал жактан дагы сатылат. Ушундай көп векторлуу саясат Кыргызстанга болбойт экен. Бул биздин элибизди маскара кылып жатат. "Шектүү Кыргызстан" деп баары айтып атат, Франция, Германия.

Эч ким азыр Бакиев режимине олуттуу карабай калды. Ошондуктан мен ойлойм, азыр кыргыз эли накта оппозиция болуп атат, ошондуктан азыр кыргыз элине татыктуу лидер керек. Силердин баарынарды чакырам, жакшы ойлонуп үчүнчү жолу эч качан адашпагыла.

- Сизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG