Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Газ чатак: ким жакындап, ким алыстайт?


Май айы үчүн Орусиядан алып жаккан газ акысын Беларус төлөгөнүн “Газпром” компаниясы тастыктап, бирок Минск май айына чейинки 192 миллион доллар карыздан кутула электигин белгиледи. Орусиянын монополисти “Газпром” Беларуска жөнөтүлгөн көгүлтүр оттун өлчөмүн 60 пайызга дейре азайтты.

Мунун алдында президент Александр Лукашенко Беларустун аймагы аркылуу Европага өтүүчү газдын көлөмүн 30 пайызга аз өткөрүү буйругун берген. Анын себебин Минск “Газпром” 200 миллион доллар карыз деп түшүндүрүүдө.

22-июнда “Газпром” 200 млн. доллар өлчөмдөгү аласасын Минскиден өндүрүү максатта көгүлтүр оттун көлөмүн үч эсеге азайткан. Беларус тарап “Газпромду” айыптап, ижара акы үчүн 250 млн. доллар карыз деп чыккан.

“Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер Беларуска жөнөтүлчү көгүлтүр отун 60 пайызга дейре азайтылганын билдирди:

- Орусия коюп аткан газга акы төлөө багытында Беларус тарап кенедей да аракет жасабады.

22-июнда А.Лукашенко Орусиянын тышкы иштер министри С.Лавровду кабыл алып, Европага карай өтүп аткан орусиялык газды тосуп салуу тапшырмасын бергенин айтты. Эртеси Миллер Европага берилчү көгүлтүр оттун өлчөм-чени азайбаган түрдө жана өз маалында жеткирилерин билдирди. Европарламенттин жетекчиси Ежи Бузектин маалымдашынча, Литва менен Чыгыш Германияда газ тартыштыгы пайда болду.

Беларус жерин айланып өтчү башка куур аркылуу Европага газ жеткирүү кебин “Газпром” жетекчилиги айткан. Украин өкмөт башчысы Николай Азаров “Батышка өтүп аткан көгүлтүр отун өлчөмүн көбөйтүүгө техникалык жактан эч кандай кыйынчылык болбойт” деп айтты.

Александр Лукашенко талапты кабыргасынан койгон маселе дагы эле ижара акысы болууда:

- Бизге “Газпром” май айын кошуп эсептегенде бүгүнкү күндө 260 млн. доллар карыз.

Германияда чыкчу “Der Tagesepigel” гезити “көгүлтүр отун кармашы – саясий тирешүү. Беларустун каршы болгонунан улам Бажы биримдиги Казакстан менен Орусия ортосунда уюшулганы менен, бирок түзүлбөгөн бойдон калды. Андан сырткары Москва Кыргызстандын Убактылуу өкүмөт жетекчиси Роза Отунбаеваны колдоого алып атканда Лукашенко тактан ыргытылган Курманбек Бакиевди канатынын алдына калкалап атат. Ушунун баары Беларусту Орусиядан алыстатып, ал эми Украинаны кайра жакындатууда” деп жазат.

XS
SM
MD
LG