Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Түркия-АКШ мамилелери кылдын учунда


Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин абалы, Армения менен Түркиянын мамилелери тууралуу темалар Батыш басма сөз каражаттарында да орун алды.

Institute for War & Peace аттуу интернет баракчада Кыргызстанда басма сөз эркиндигинин абалы тууралуу макала жарык көрдү. Анда “Кыргызстанда журналисттерге бардык жакта кысым болууда” деген пикир айтылат. “Бир учурда басма сөз эркиндиги жагынан Борбор Азиядагы эң либералдуу өлкө саналган Кыргызстанда гезиттер байма-бай жабылып, журналисттерге кол салуулар сөз эркиндигине кедергесин тийгизүүдө” деп айтылган макалада “Де-факто”, “Лица”, “Ачык саясат” жана “Репортер” гезиттеринин тагдыры мисалга тартылган.

Eurasia View аттуу интернет баракчада АКШ Баткенде антитеррордук машыгуу лагерин курууну пландаштырып жатканы билдирилет. Долбоорду каржылаган “Аскердик кызматташтык” кеңсеси 500 миң долларга бааланган долбоордуишке ашыруу иштери жакын арада башталаарын билдирген. Америкалык элчиликтин өкүлү долбоор ишке ашкан соң кыргыздарга өткөрүлүп берилээрин баяндаган. “Бул план, адистердин пикиринде, Кремл тарабынан Москванын демейдеги таасирдүүлүк аймагына АКШнын кийлигишүүсү катары бааланууда” деп жазылат макалада.

Лондондун “The Guardian” гезитинде чыккан макалада Конгресс комитетинин Түркия-Армения боюнча кабыл алган резолюциясы аймакта тынчтыктын көпүрөөсүн куруу боюнча расмий Анкаранын аракеттерине кедергесин тийгизээри айтылат. Резолюция түрк элин абдан капа кылганын белгилеген гезит, мындай чечим бир гана АКШ-Түркия байланыштарына эмес, Армения менен Түркиянын ортосундагы элдешүү жараянына да зыян алып келгенин бышыктайт.

“The Times” гезити да бул маселеге көңүл буруп, Конгресстин комитети кабыл алган токтом АКШнын Жакынкы Чыгыштагы маанилүү өнөктөшү Түркия менен мамилелерине зыян тийгизгенин жазып чыккан.

Анда Түркиянын президенти Абдулла Гүл АКШнын бул токтому аймакка тынчтык алып келүү демилгелерине кедерги боло турганын айтканы белгиленет. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Түркия бул токтомго каршы кандай чаралар көрүлөрүн тактап чыга турганын билдирип, “бул маселе биз үчүн абийир маселеси болуп калды” деген.

“Wall Street Journal” гезити Түркия НАТОдогу бирден бир мусулман өлкө экенин, анын Ирак чек арасына жакын аймагында АКШнын аскердик базасы болгонун, Ооганстандагы эл аралык коалициялык күчтөрдү жетектеп, өзөктүк чатак боюнча АКШ менен Ирандын ортосунда ырасмий эмес ортомчулук кылып келгени эске салынып, 4-мартта кабыл алынган резолюция бул эки өлкөнүн байланыштарына зыян тийгизиши мүмкүн экенин белгилейт.
XS
SM
MD
LG