Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Нобел сыйлыгынын химия боюнча ээлери аталды


Нобел сыйлыгынын химия боюнча быйылкы лауреаттары, 7-октябрь, 2009-жыл
Нобел сыйлыгынын химия боюнча быйылкы лауреаттары, 7-октябрь, 2009-жыл

Нобел сыйлыгы химиядагы жетишкендиктери үчүн америкалык 2 илимпоз – теги индиялык Венкатраман Рамакрисхан жана Томас Стейц менен израилдик профессор Ада Йонатка ыйгарылды.

Окумуштуулар рибосоманын структурасын изилдеп чыгышкан. Алардын ачылышы жаңы антибиотиктерди ойлоп табууда колдонот.

Академиянын билдирүүсүндө белгиленгендей, рибосомалар ДНК кодун чечмелөөгө шарт түзүшөт. Рибосома – бул тирүү клетканын туруктуу бөлүгү. Ал генетикалык маалыматка негизделип, белок менен аминокислотанын биосинтезине катышат.

Нобел аптасы башталгандан бери бул - үчүнчү жеңүүчүлөр. Кечээ физика, анын алдында медицина тармагындагы сыйлыктын ээлери аталган.

Британиялык Чарлз Као оптика буласын маалымат өткөрүүдө колдонуу жаатындагы изилдөөлөрү жана америкалык Жорж Смит менен Виллард Бойл дигиталдык камераларда колдонгон сүрөт схемаларын ойлоп тапкандыгы үчүн жогорку сыйлыкка татышты. Медицинада болсо хромосомдордун теломераза ферменти тарабынан корголушун изилдеген америкалык 3 окумуштуу жеңүүчү деп аталды. Алардын ачылышы рак дартын дарылоодо, адамдын улгайшына алып келген процесстерди жакшырак түшүнүүгө чоң салым кошту.

Нобел сыйлыгы физика, химия, медицина жана физиология, экономика, адабият жана тынчтыкты коргоодогу жетишкендиктер үчүн жыл сайын ыйгарылат. Сыйлыкты швециялык илимпоз Алфред Нобел 1895-жылы негиздеген.

Адегенде анын каалосу менен түзүлгөн тизмеге 5 тармак гана камтылган. 1969-жылы болсо Швеция банкынын демилгеси менен ага экономика кошулган. Нобел фонду мындан ары башка тармактарды кошпоону чечкен. Бирок соңку кездери бир катар окумуштуулар лауреаттардын тизмесин кеңейтүүнү сунуш кылышууда. Нобел фондунун башкаруучулар кеңешинин төрагсы Михаил Сулман сыйлыкты реформалоо көп каражат жана убакыт талап кыларын белгилеп, аны ушул эле бойдон калтырууну колдоорун ырастады.

8-октябрда болсо адабият боюнча сыйлыктын быйылкы ээси белгилүү болмокчу. Адатта лауреаттардын ысымдары акыркыга чейин жашыруун кармалат. Бир нече жылдан бери сыйлык теги индиялык жазуучу Салман Рушдиге берилет экен деген айың кептер айтылып жүрөт. 1989-жылы Ирандын жогорку лидери Аятолла Рухолла Хомейни Рушдинин “Шайтандын аяттары” деген жыйнагы мусулмандарга акаарат келтирет деп, аны өлүмгө өкүм кылган. Андыктан көптөрү жогорку сыйлык жазуучунун өмүрүн ого бетер коопко кептеши мүмкүн дешет. Жеңиши мүмкүн деген талапкерлердин арасында Филипп Рот, Жон Апдайк, Варгас Льос аталууда.

Ал эми бир катар сынчылар лауреат жазуучунун адабий таланты үчүн эмес коомдук-саясий позициясына карап тандалат дешет.

Жеңүүчүлөргө дипломдон тышкары 10 миллион швед кронасы же 1 миллион 400 миңдей доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат. Ал азем салт боюнча Нобелдин өлгөн күнү – 10-декабрда Стокголм менен Осло шаарларында өткөрүлүп жүрөт.
XS
SM
MD
LG