Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Борбор Азияда бийликтер кабарчыларга кастык кылууда


Кыргызстан: маалымат эркиндигинин проблемаларына арналган талкуу.Декабрь,2008-жыл.
Кыргызстан: маалымат эркиндигинин проблемаларына арналган талкуу.Декабрь,2008-жыл.

Жаңы жылдын алгачкы аптасында Борборазиядагы үч өлкөдө үч журналист камакка алынып, бирөө токмок жеди. Эл аралык байкоочулар регион дүйнөдөгү ашынган авторитардык аймактардын бирине айланды деп эсептешет.

“Азаттыктын” Түркмөнстандагы кабарчысы Осман Каллыев жакында эле абакка жатып чыкты.Ал азыр үй камагында отурат.“Кайда барсам да артымын аңдып жүрүшөт. Коңшуларга кирип чыксам, Каллыев эмнеге келди, эмне сөз айтты деп баарын терип-тепчип сураштырып турушат”, - дейт кабарчы. Бийликтер анын уулун жана кош бойлуу келинин да жумуштан бошотуп коюшту.

“Азаттыктын” дагы бир кабарчысы Довлетмурат Йазгулиев жаңы жыл алдында аялы экөө тергөө мекемесине чакыртылып,бир нече саат сурак беришти. Бийликтер ага чет элдик радио менен кызматташканы үчүн түрмөгө кесилип кетиши мүмкүн экенин эскертишти.

Ал эми Тажикстанда “Азаттыктын” кабарчысы Абдумумин Шерхановду сомодой үч жигит көчөдө сабап кетишти. Алардын бири өзүн милиция кызматкери деп атаган. Кийин экөө кармалды.

Казакстанда болсо “Алматы апталыгы” гезитинин редактору Рамазан Эсергеровду кан басымы жогорулап, жүрөгү ооруп клинкада жаткан жеринен кармап барып, камап салышты. Журналистти кайсы бир макаласында мамлекеттик маанилүү маалыматты шардана кылып жиберген деп айыпташууда.

“Аны жалгыз орундуу,көөдөй капкараңгы, суук камерага жалгыз отургузуп коюшуптур. Бөйрөгүнө суук тийип, үшүгөндөн колдору көгөрүп кетиптир. Бул аз келгенсип,колуна кишен салып коюшуптур. Эмне үчүн минтишет? Журналист,гезиттин редактору болгону үчүн аны ушинтип басынткысы, кордогусу келишеби?” – дейт кабарчынын аялы Раушан Эсергерова.

Бул окуялар үч башка өлкөдө болсо да медиа чөйрөсүндөгү укук коргоочулар аталган төрт фактыны бир жүйөө - региондо сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени менен байланыштырышат.

“Борборазияда бийлик өкүлдөрүнүн же жергиликтүү аткаминерлердин быкыйын чукуп, былгыма иштерин ашкерелеп койгон макалалары үчүн эле журналисттер токмок жеп, ыдык көрүп калары калетсиз көрүнүш”, - деп белгиледи Париждеги “Чекарасыз кабарчылар уюмунун өкүлү Элза Видал.

Аталган уюм журналисттердин укуктарын коргоодо Евросоюзду борборазиялык өкмөттөргө кысым жасоого чакырып,ак мокоп келатат. Медиа активисттери Батышты жана Евросоюзду геосаясий кызыкчылыктардан, мунайга жана газга байланышкан мүдөөлөрдөн улам региондогу өкмөттөрдү сынга алгандан тайсалдап,адам укуктары, сөз эркиндиги жагынан бул аймакта түзүлгөн кырдаалга көз жумуп жатышканы үчүн айыптап жүрүшөт.

Эл аралык Freedom Hous уюму өзүнүн жаңы отчетунда Борбор Азияны дүйнөдөгү ашкере авторитардуу аймактын бири деп атады. Докладда мындай баадан буга чейин регионду Кыргызстан “калкалап” келген болсо, былтыр ал да коңшу өлкөлөрдүн жолуна түшкөнү белгиленип, Өзбекстан менен Түркмөнстан азыркы замандагы эң репрессивдүү режим бойдон калганы айтылат.

XS
SM
MD
LG