Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Кар көчкүлөр, тайгак жолдор азабы


Өлкө аймагында кардын көп, калың жаашы менен Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол техникалары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Учурда кыш өкүмүн сүрүп, айрым аймактарда кар калың жаап, жолдор тайгак болду. Мурдакыдан жолго туз, кум аз себилгендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар.

Кыргыз автожолдору мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Ызатбек Токтомамбетов өлкө аймагына жааган калың кардан негизги жолдор учурунда тазаланып, беш жүздөн ашуун кубаттуу техника иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

-Өлкө аймагында кардын көп жаашы менен Транспорт жана коммуникация министрлигинин беш жүздөн ашуун жол техникалары, бир жарым миңдей кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Кара-Кулжа -Алайкуу автожолунда бүгүнкү күнгө чейин беш кар тазалоочу машина иштеп жатат. Биздин ишкана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте бул участкага дагы үч спецтехника жөнөтүк. Транспорт жана коммуникация министрлиги автожолдогу кырдаалды баалап, ПЛУАД-6 жана ДЭП-30га дагы эки агрегат алып келүүнү тапшырып, ал милдетти аткарууга аракет кылуудабыз. Тазалоо иш чараларына начар аба ырайы жана кар көчкүнүн жүрүшү тоскоолдук кылууда. Каракол-Эңилчек, Барскоон-Акшыйрак, Сөөк-Каракол, Түп-Кеген жолдорунун карын тазаладык. Мырзаке-Алайкуу жолдору убактылуу жабык. Ошондой болсо дагы калың кардан сырткары ызгаардуу шамалдын натыйжасында айрым ашуу жолдорун тазалоо кыйынга турууда. Мындан сырткары өлкө аймагында жолдун карын тазалоочу техникалар да жетишсиз.

Бишкектик айдоочу Нурлан Токтогуловдун айтымында учурда Бишкектин борбордук көчөлөрунө гана кум, туз себилип, башка четки жолдорго каралбай кум, туз себилбей, таңкысын тайгак болуп, кырсыкка кириптер кылууда.

Айдоочулардын мындай айыптоосун Кыргыз автожолдору мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Ызатбек Токтомамбетовдун четке кагып, жолго себилүүчү кум, туз жетиштүү даярдалып, себилип жатканын билдирди:

-Бишкекте эле 16 кар тазалоочу жана 15 кум жана туз себүүчү машина иштеп жатат. 670 тонна кум даярдалган, ошондой эле 183 тонна туз жолго чачуу үчүн даярдалган. Мындан сырткары да кошумча техникалар иштеп жатат. Чынында эле негизги көчөлөргө кум, туз себилгени менен башка четки көчөлөргө жетише албай жатабыз.

Кыйма-чийме жолдордун сапатынын начардыгы кырсыктардын дагы бир негизги себептеринин бири катары аталып келет. Мындай көз караштагыдардын бири - Бишкектин тургуну Алмаз Кудайбергенов:

-Жолдун көпчүлүк бөлүгү уңкур-чуңкур болуп атпайбы. Бул жердеги чоңдор оңдоп атабыз дегени менен борбордук жолдор оңдолуп, башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Боом капчыгайы, Нарын тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат, демек автожолдор кууш, жаман. Менин оюмча жол кырсыгынын чыгышына негизинен кан жолдордун талапка жооп бербегени себеп болууда.

Айдоочу Исмаил Исраиловдун пикиринде, Транспорт министрлиги жол салыгын алгандан кийин кышкысын жолдордун кесилиштерине кум, туз сээп, карын тазалап, бир тараптуу жолдорду, ыкчам жүрүүчү кан жолдорду көбөйттүүгө аракет кылса.

Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин басма сөз кызматынын башкы адиси Абдишарип Бекиловдун айтымында адам курмандыктарын жана материалдык жоготууларды болтурбоо максатында артиллериялык куралдын жардамы менен Бишкек-Ош автожолунун айрым айммктарында кар көчкүлөрү атайын атып түшүрүлдү.

-Премьер-министр-Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомство аралык комиссиясынын төрагасынын 15-январдагы №1-буйругу чыкты. Аталган документке ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коргоо министрлгинин артиллериялык куралдарын жардамы менен Бишкек-Ош автожолунун 121-138 км жана 198-265 км кар көчкүлөрүн атып түшүрүп, жолду тазалоо иштерин жүргүздү.

Бишкек-Ош автожолунун айрым кооптуу аймактарында 26-январга чейин жолдор убактылуу жабылып, артиллериялык куралдарын жардамы кар көчкүлөрүн атып түшүрүү, жолду тазалоо иштери жүргүзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG