Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

БЭК: Бийлик Д.Садырбаевге куран окутууга да кийлигишип жатат


Дооронбек Садырбаев оппозициянын алдыңкы катарында жүргөн
Дооронбек Садырбаев оппозициянын алдыңкы катарында жүргөн

Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл (БЭК) белгилүү кинорежиссер, коомдук ишмер, маркум Дооронбек Садырбаевди эскерүү иш-чарасын өткөрүү бийлик менен оппозициянын тирешүүсүн жаратканын билдирди.

Ушул тапта Ноокенде Дооронбек Садырбаевди эскерүү иш-чараларын уюштуруунун камында жүргөн Азимбек Бекназаровдун «Азаттыкка» берген интервьюсунда бийлик оппозиция өкүлдөрүн эгер ашка келсеңер Дооронбек Садырбаевдин иниси Кубанычты камайбыз, ага иш козгойбуз деп опузалашкан:

-Бүгүнкү күнү Дооронбек Садырбаевдин жакындарын, эжелерин жана бир тууган инисин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коркутуп, анын ашын оппозиция тараптагылардын өткөрүүсүнө мүмкүндүк беришпей жатышат. Докемдин эжелери ыйлап « мындай ишти өткөрбөй эле койбойлубу» деп суранышкандыктан биз кеңешип, Докемдин инисин каматып жибербейли деп, башка жерде, башка жагдайда эскерели деген чечим кабыл алдык.

Бул жагдайдын чын-бышыгын билүү үчүн Жалал-Абад губернаторунун орун басары Дамира Алимжановага кайрылганыбызда, Дооронбек Садырбаевди эскерүүгө оппозиция өкүлдөрүнүн келишине бийлик тарабынан эч кандай каршылык болбогонун “Азаттыкка” билдирди.

-Эскерүүсүн өткөргөнү жатса биз эмне үчүн тоскоолдук кылышыбыз керек. Ар кимдин жарандык өз укугу. Ага эч кандай тоскоолдук, андай- мындай жөнүндө сөз дагы жок. Жалпы бийлик деп жалпылап мындай-тигиндей деп сүйлөй беришет. Оппозиция “бул аким же тигил жетекчи тоскоол болуп жатат, мындай кылды, тигиндей деди”, деп, аты-жөнүн айтышсынчы.

Көзү тирүүсүндө Дооронбек Садырбаев азыркы бийликти сынга алып, ага оппозицияда болуп келген. Акыйкаттын айкын тарапкери болгон Дооронбек Садырбаев 2008-жылы каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча ал ууланып калышы ыктымал эле.

Былтыр ал каза болгондо мамлекеттин башчылары ага топо салганга келишкен эмес. 30-майда Дооронбек Садырбаевдин көзү жумулганына бир жыл толот. Анын атын түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чаралар бийлик тарабынан андан бери жасалган жок.

БЭКке мүчө Социал-демократтар партиясынын саясый кеңеши Петрова айылындагы окуянын шалтоосу менен камалган Сапар Аргынбаев менен “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевди бошотуу талабын коюуда.

Партиянын тараткан билдирүүсүндө Петровка айылындагы элдин толкундоосуна тартип коргоо органдары менен кылмыш дүйнөсүнөн аралашып кеткени башкы себеп болгону айтылат.

Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын депутаты Роза Отунбаеванын айтымында, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин оппозицияны айыптаган билдирүүлөрүнө карабай, Президент негизги күнөө жергиликтүү активисттерде эмес, жергиликтүү бийликте экенин билдирген.

-Ошого байланыштуу КСДП саясий кеңеши Сапарбек Аргынбаевди жана Эркин Бөлөкбаевди тезинен бошотуу талабын коет. Саясий ишмердүүлүгү үчүн айыптоого жол берилбеш керек. Анын аягы коомдук-саясий жаңжалдарга алып келиши ыктымал. Петровкада Сапар Аргынбаев менен Эркин Бөлөкбаев элди ынтымакка чакырып, тынч, сабырдуу болууга үндөп жүрүшсө, аларга күнөө тагып, камап кылмыш ишин козгоп жатканы туура эмес. Бул бийлик акты кара кылып, абдан шек санай турган сабатсыз иштерди жасап жатканына эч кандай күмөн жок.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун пикиринде, Сапарбек Аргынбаев менен Эркин Бөлөкбаев массалык башаламандык уюштурду деген күнөө менен камалышты, азыр бул ишти Улуттук коопсуздук комитети тергеп жатат.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы жабык мекеме болгондуктан жетекчилердин улуксатысыз эч бир маалымат беришпесин айтып, бул ишке акыркы чекитти сот коёрун билдирди.

Петрова айылындагы окуяга байланыштуу камакка алынган Сапарбек Аргынбаев менен Эркин Бөлөкбаевдин иши бүгүн Биринчи май райондук сотунда каралат.

Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов президент Курманбек Бакиевдин үч жыл аралыгында демократия куруу убадасы абсурд экенин айтып, өлкөдө айрым саясатчылар куугунтукка алынып, журналисттер сабалып, мамлекеттик ишмерлер табышмактуу өлүмгө кабылып жаткандыгына тынсыздануусун билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG