Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Кагылышууда каза болгондор - 81


Роза Отунбаева каршылык акциясында жабыркаган адамдын акыбалын сурап жатат
Роза Отунбаева каршылык акциясында жабыркаган адамдын акыбалын сурап жатат

7-апрелдеги кагылышуудан каза болгондордун саны 81 ге жетти. Бүгүн таңында жаракат алган эки оорулуу көз жумду. Көпчүлүк оорулуулардын жаракат алган жерлеринде кабылдоо жүрүп баштагандыктан, абалы оорлошкон оорулуулар көп. Республика боюнча ооруканаларга ар кандай жаракаттар менен кийинки күндөрү түшкөндөрдүн саны да өсүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин калк менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Динара Сагымбаеванынын “Азаттыкка”бүгүн берген соңку маалыматы боюнча 7-апрелдеги кагылышуулардан каза болгон адамдардын эсеби 81 ге жетти:

- Бүгүн каза болгондор 81 болду. Эки адам түнүндө кайтыш болду. Бири Травматология жана ортопедия улуттук борборунан, дагы бири №1-ооруканадан.

Республика боюнча ооруканаларга ар кандай жаракаттар менен кийинки күндөрү түшкөндөрдүн саны да өсүүдө. Жаңы түшүп жаткандарды каттоо жаңы тизме менен жүргүзүлүүдө:

- Ооруканаларга кийинки күндөрү оорулуулардын түшүүсү өсүп жатат. Биз буларды аянттарда ок жегендерден өзүнчө тизме менен каттап жатабыз жана жаракаттарды кай жерден, кандай себептен алышканын тактоодобуз.

Кыргыз травматология жана ортопедия улуттук борборунда учурда кагылышуудан жаракат алган 134 киши жатат. Аталган борбордун директору профессор Сабырбек Жумабековдун айтымында мында жаракат алып түшкөндөрдү дарылоонун биринчи этабы аяктап, экинчи этабын баштоо зарылдыгы турат. Дарылоонун экинчи этабында сөөктөрүнө доо кеткен 100 дөн ашык кишиге операциялар жасалмакчы.

Травматология жана ортопедия Улуттук борборунда 7-апрелдеги кагылышуудан келип түшкөндөрдүн арасында бүгүн 11-апрелде таңында 23 жаштагы Тойбаев Кайрат аттуу жигит каза болду. Бул жигиттин каза болушу – борбордогу биринчи жоготуу болду,- деди Сабырбек Жумабеков:

- Биздин борбордо алдыңкы үч күндө жоготуу болгон жок эле. Тилекке каршы бүгүн таңкы саат 5 де Тойбаев Кайрат деген балабыз канча аракет кылганыбызга карабай, кете берди.

7-апрелдеги кагылышуудан кийин агасын издештирип, Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнөн тапкан Майрам Беделбаева агасынын сакайып кетишине чоң үмүт артат:

- Ок агамдын башына тийген экен. Доктурлар эч кандай маалымат айтыша элек. Реанимацияда жатыптыр. Терезеден карасам, мени карап башын ийкеп койду. Айыгып кетсе эле болду.

Улуттук хирургия борборунда учурда ички органдардын жаракаттары менен 43 адам жатат. 10 адам бул борбордон каза болду.

Аталган борбордун боор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилековдун пикиринде, ок тийип жаракат алган көп оорулуулардын организминде бир аз убакыттан кийин кабылдоо жүрүшү мүмкүн. Мындай көрүнүш, албетте, адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу:

- Ок тийген эле жерин жаралабай, башка жакын турган органдарды да жаралап кетет. Октун заары бир аз убакытта кабылдоону пайда кылып, башка органдарга зыянын тийгизиши мүмкүн.

Кыргызстан аза күтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

XS
SM
MD
LG