Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Энергетикадагы ээнбаштыкка коммунисттер каршы чыкты


Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев.
Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясы мамлекет башчыга, өкмөткө, парламентке кайрылуу жолдоп, анда энергетика тармагында чукул кырдаал түзүлдү деп билдирди.

Коммунисттер фракциясы кайрылуусунда мындан тышкары кырдаалга тезинен баа берүү үчүн Коопсуздук Кеңештин катчысы башында турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, абалды иликтөөсүн жана анын жыйынтыгын Коопсуздук Кеңештин жыйынында талкууласын деп сунуштады. Андан тышкары кырдаалды жөнгө салуу үчүн багытына карабастан Кыргызстандагы бардык күчтөрдүн биригүүсү зарыл деп белгиледи.

Фракциянын төрагасы Исхак Масалиевдин билдирүүсү боюнча, буга энергетика тармагы өкмөттүн көзөмөлүнөн чыгып, тармак жетекчилерине тиши өтпөй калгандыгы башкы себеп болду. Ошон үчүн биринчи чара катары тармак жетекчилерин кызматтан алуу керек:

- Министр Сапарбек Балкыбековдон тышкары 6-7 акционердик коомдордун жетекчилеринин баарын бошотуш керек. Жаңы кызматкерлер, башка көз караштагы менеджерлер келсе алдыдагы 1-2 айга карата ишеним пайда болот. Жаңы иш-аракеттер болот.

Энергетика тармагында чукул кырдаал түзүлгөндүгү боюнча буга чейин президентке кайрылуу жолдоп, өкмөттү толугу менен кетирүүнү сунуштаган “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидери Амангелди Муралиевдин айтымында, коммунисттердин бардык күчтөрдү бириктирип, кырдаалдан чыгуу сунушу толук колдоо табат:

- Биздин “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы колдойт. Эмне үчүн дегенде кырдаал абдан өзгөчө болуп кетти. Энергетика тармагында эч кандай өзгөрүү болбогондугун мезгил көрсөттү. Бул элдин алдында өкмөттүн эч кандай жоопкерчилиги жок экендигинин далили.

Амангелди Муралиев мындан тышкары энергетика тармагында эмне болуп жаткандыгын так билүү үчүн көз карандысыз комитет түзүү зарыл деген ойдо:

- Көз карандысыз бир комитет түзүп, энергетика тармагын көзөмөлдөш керек. Ага жарандык коомдун өкүлдөрүн жана атактуу инсандарды кошуу керек. Анткени, энергетика тармагы азыр эч кимге баш ийбей, жетекчилери эч кимди көзгө илбей калды. Андан тышкары техникалык жана каржылык чараларды көрүү керек.

Ал эми энергетика боюнча адис Райымбек Мамыров мындай кайрылууларды айтуу кеч болуп калды деп, кыштан чыгуу үчүн башка өлкөдөн тезинен электр кубатын алып келүүнү сунуштайт:

- Азыр кыштан чыгуу үчүн өлкө боюнча 20-30 миллион киловатт саат электр энергиясын пайдаланууну кыскартыш керек деп жатышат. Бирок антип кыштан чыга албай калдык. Аны ачык эле айтыш керек. Андан көрө сырттан бир жарым миллион киловатт саат электр энергиясын тартып келүү керек. Мындан башка жол жок.

Энергетика жана отун ресурстар министрлик жетекчилеринен жаңы кайрылуу боюнча пикирин биле албадык. Ал эми Казакстандан электр энергиясын тартып келүү аракети көрүлүп жаткандыгын билдирген менен министрдин орун басары Акылбек Түмөнбаевдин буга чейин минтип алакан жайганы бар:

- Суунун келбегени күтүүсүз кырсык да! Суу келбегенден кийин электр энергиясы жетишсиз болуп жатат. Аны кайдан болсо да сүйлөшүп, киловаттын 4-5 центтен алып келели деп жатабыз. Бирок жок болуп жатат. Бизде жок деп алар да отурушат.

Мына ушундай кырдаалдан улам коммунисттер өлкөдө нааразылык күч алып, ал 2005-жылдын мартындагы абалга жеткириши мүмкүн экендигин жана ага кептелбеш үчүн президент К. Бакиев саясий чечим кабыл алышы зарыл экендигин баса белгиледи.

Экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин баамында, президент кайрылуудагы сунуштарды аткарбаса багыт башка жакка ооп кетиши ажеп эмес:

- Эгерде президент өз ордунда калгысы келсе айтылгандарды сөзсүз түрдө жасашы керек. Эгерде жасай албай турган болсо элдин баары президент алар менен бирдикте деп билет. Эгер бирдикте эмес экендигин далилдегиси келсе элдин мүлкүн ичип-жеп жаткандардын баарын кетирсин. Ошондо президент эл үчүн анча-мынча болсо да камкордук кылат деп түшүнөт элек.

XS
SM
MD
LG