Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Жоготуулардын азайчу түрү көрүнбөйт


Камбар-Ата - 2 ГЭСи
Камбар-Ата - 2 ГЭСи

Быйылкы жарым жылда электр энергиясынын жоготуулары 1 миллиард ашуун киловат саатты түздү. Бул өндүрүлгөн электр энергиясынын 26,7% жолдон жоголуп, же уурдалып кеткенин туюндурчу сан.

Республикада жарым жыл ичинде 7 миллиардга бираз жете бербеген киловат саат электр энергиясы өндүрүлгөн.

Жетинин бири же эмнеликтен жоготуулар арбын?

Электр энергиясын жоготуулардын жарым жыл ичинде 26% ашып кетиши азырынча Энергетика министрлигин гана ойлонтуп жаткан шекилдүү. Буга чейин өндүрүлгөн электр энергиясынын теңине жакыны жоголуп, уурдалып кетишин башынан кечирген кыргызстандыктар үчүн жоготуунун жетиден бир бөлүккө чыгышы ашкан чоң жаңылык деле эмес.

Анын үстүнө энергетикалык жоготуулар мурунку бийликтердин жанында жүрчү “энерготөбөлдөрдүн” атына байланып, уурдап-тоноолорго ошолор, жогорку бийликке жолдуулардын гана тиешеси бардыгы айтылып келчү. Быйылкы бийлик алмашуусунан кийинки энергетикалык жоготуулардын азайгандын ордуна дагы көбөйүп баратышы коррупциялык схеманын жоюла электигин көрсөтүүдө.

Амангелди Муралиев
Жакында кышка даярдыктын кам-чомун талкуулаган жыйында өкмөт башчынын 1-орунбасары Амангелди Муралиев жоготуулар жалгыз эле электр энергиясында гана орун албастан, жылуулук, газ тармагында деле абал жакшы эместигин белгилеп, кышка даярдыкты ойлогондор аз экенин баса белгилеп айтты.

- Биз бардыгын жасашка аракет кылганыбыз менен каржылык камсыз кылуу ойдогудай эмес. Ошондуктан Каржы министрлиги да бышып жетилген маселелерге жооп бериши керек. Энергетиктерге эмнеге көңүл бурушу керектигин айта кетейин. Биринчиден, бөлүштүрүү компанияларында жоготуулар көбөйүп баратат. Экинчиден, акыларды чогултуу да начарлоодо. Бул айрым энергетикалык ишканаларды тийиштүү каржылоого акча чогултуу үчүн керек .

Акча жок, жок акча

Өкмөт башчы орунбасары өзгөчө басым жасап жаткан маселе ушу тапта курулушу арасат калып жаткан Камбар-Ата -2 ГЭСин аягына чыгарыш үчүн табылчу каражаттан улам чыгууда. Курулуштун 1-агрегатын ишке киргизүү аземи жуп Кыргызстандын эгемендик күнүнө тушташ өткөрүлгөн ири ишкананын калган эки агрегатына кайдан акча табуу керектиги ушу тапта өкмөттү ойлонткон суроолордун бири. Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашов бюджет таңкыстыгы опсуз коркунучтуу чекке жеткенин белгилеп, жыл аягына чейин абал дагы оорлошу мүмкүн экендигин ырастоодо. Өкмөттүн резервинде турган каражат да толук сарпталынып, непадам четтен инвестиция келбесе жалаң салык менен бажы төлөмдөрүнөн түшчү киреше чоң таңкыстыкты жаба албайт.
Камбар-Ата-2 ГЭСи

Өзбекстандан келчү кымбатбаа газдын 25% өткөн жылы жоготууга чыгарылып, калктын “көгүлтүр отун” карызы 19 миллион долларга жеткен. Аны бюджеттик ссуда эсебинен жаап, өкмөт быйылкы жылга деле 240 миллион кубометр газ сатып алуу келишимине жетишкен. Быйыл болсо “Кыргызгаздын” Өзбекстандан келчү кымбатбаа “көгүлтүр отунга” карызы 1 миллион 576,1 миң долларга жетти. Калк болсо 162,3 миллион сомдук карызын жаба элек.

Электр энергиясындагы жоготуулардын төмөнкү көрсөткүчү “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомуна тийиштүү. “Түндүкэлектр” ААКнын пресс-кызматынын жетекчиси Гуля Мураталиеванын ырасташынча, компания техникалык, коммерциялык жоготууларды азайтуунун аракетин көрүүдө.

- Мына 8 айдын жыйынтыгы боюнча жалпы жоготуулар “Түндүкэлектр” ачык акционердик коому боюнча 23% десек болот. Булардын ичинен техникалык жоготуулар 12,6%, коммерциялык жоготуулар 11% түзөт. Эми мынабу жоготууларды былтыркы жылдын 8 айына салыштырсак, былтыркы жылы 8 айда биздин жоготуулар 25% болчу. Жылыш бар, эки пайызга. Бирок былтыр деле быйыл деле Энергетика министрлиги билдин алдыбызга койгон милдет жоготуулар 25% ашуун болбош керек.

Президент Роза Отунбаева Кыргызстан энергетикасы элдик көзөмөлгө - «рентгенге» коюларын жарыя кылган. «Мурдагы бийлик тушундагы коррупциялык схемалар эми иштебестигин», баалар опсуз көтөрүлбөстүгүн ырастаган. А бирок энергетикадагы жоготуулар жыл аягына чейин дагы канчага көтөрүлөрүн, жоготууларды азайтуу амалында өкмөт кандай иштерди жасай тургандыгы азырынча айтыла элек.

XS
SM
MD
LG