Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Улутташтырууда унутулуп калган банк


Убактылуу өкмөттүн кезектеги декрети менен “Азия Универсал банкы” улутташтырылып “Кыргызөнөржайкурулуш” банк тагдыры арасат калышына капа болгон банктын акционерлери менен мурдагы кызматкерлери нааразылык иш-чарасына чыкты, 5-июль.
Убактылуу өкмөттүн кезектеги декрети менен “Азия Универсал банкы” улутташтырылып “Кыргызөнөржайкурулуш” банк тагдыры арасат калышына капа болгон банктын акционерлери менен мурдагы кызматкерлери нааразылык иш-чарасына чыкты, 5-июль.

Мурунку бийлик тушунда К.Бакиевдин каржылык кеңешчисине айланып алган «Азия Универсал банкына» көптөгөн каржылык мекемелердин катарында «Кыргызөнөржайкурулуш» банкынын кошулуп кетиши чоң талаш-тартыш деле жараткан эмес.

Апрелдеги бийлик алмашуусунан кийин аталган банктын кантип жана кандайча “Азия Универсал банкына” өтүп калышы Бишкектин райондор ортолук, андан соң шаардык сотунда тергелип, бирөөнүн мүлкүн ээсине кайтаруу зарылдыгы ырасталган.

Сот чечими же убактылуу өкмөт декрети: кимиси улук?

Бирок Бишкек шаардык сот чечими чыгардан бир күн илгери Убактылуу өкмөттүн кезектеги декрети менен “Азия Универсал банкы” улутташтырылып “Кыргызөнөржайкурулуш” банк тагдыры арасат калды. Буга капа болгон банктын акционерлери менен мурдагы кызматкерлери Улуттук банк, Адилет министрлиги, Жогорку сот имаратынын алдына нааразылык иш-чарасына чыгышты. “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын мурдагы директорлор кеңешинин мүчөсү Марс Осмоналиевдин ырасташынча, банктын тартылып алынышына 2008-жылкы Улуттук банк менен Социалдык фонддун жетекчилигинин салымы зор. Максим Бакиев менен Михаил Наделдин коррупциялык схемасынын негизинде “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы Социалдык фонддун каражатын убагында кайтара албады шылтоосу менен банкрот деп жарыяланып, ага убактылуу башкаруу киргизилген. Бул иштин башында Улуттук банктын, Социалдык фонддун а кездеги жетекчилери турушкан.

- Ушу банкты тартып алышкан. Эми бүгүнкү күндө К.Бакиев, Бакиевдердин баары кеткенден кийин мыйзам чегинде сотко, райондор ортолук сотко кайрылдык. Ал жерден жалпы жамааттын атына чечип берди. Андан кийин тигил тарап - М.Надель тарап Бишкек шаардык сотуна арыз беришти. Ал жерден да 8-июнда сот болуп, талашты биздин пайдабызга чечип берген. Эми бүгүнкү күндө Улуттук банк Жогорку сотко кайрылып, ушул банкты өздөрүнүн ээсине бергенге бут тосуп жатышат.

Адилет министрлиги арасат абалда

Антип орто жолдон сот чечими менен ээсине кайтарылчу ири банк тагдырынын арасат калышына ушул жылдын 8-июнунда Бишкек шаардык сотунун “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын 2008-жылдын 1-январына карата активдерин кайтарып берүү чечиминен озунуп 7-июнда Убактылуу өкмөттүн “Азия Универсал банкын” улутташтыруу жөнүндө кезектеги декрети чыгып, ансыз да тагдыры арасат каржы мекемесинин ээсине кайтарылышы бүдөмүк калды. Банктын директорлор кеңешинин айрым мүчөлөрү бул иш Убактылуу өкмөттүн кээ бир өкүлдөрүнүн “Кыргызөнөржайкурулуштун” ээсине кайтарылышына каршы дегенге өтүштү. Кыргызстандын Адилет министрлиги шаардык соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминен соң Убактылуу өкмөт декретинин чыгышы маселени татаалдаштырып жибергенин министрдин милдетин аткаруучу Аида Салянова ырастайт.

- Азыр деген мыйзамдар декрет түрүндө чыгып жатканын билесиздер. Анан жетисинде декрет чыгып жатса, сегизинде ага карабай соттун чечими чыгып жатат. Ошондон жыйынтык чыккан жок деп бул жактагы уюштуруучуңар айтып жатпайбы. Андай эмес.

А.Салянова “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын ээлерине кайтарыш үчүн иралды Убактылуу өкмөт “Азия Универсал банкын” улутташтыруу жөнүндөгү декретине өзгөртүү киргизиши керек. Азырынча андай өзгөртүү киргизиле элек. Ошол себептүү тийиштүү мекемелердин Бишкек шаардык сотунун чечимин аткарышка шашылган жери жок. Ал эмес Улуттук банк Жогорку сотко Убактылуу өкмөттүн “Азия Универсал банкын” улутташтыруу жөнүндө декретин чыгарган соң “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын ээлерин кайтаруу-кайтарбоо маселесин так чечим берүү өтүнүчү менен кайрылууда.

Мурунку бийликтин каржы кеңешчисине айланган “Азия Универсал банкынын” ээси Михаил Надель ушу тапта карабашын калкалап чет өлкөдө жүрөт. Банктын Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык каражаттарынын кыйласы сыртка чыгарылып кеткен.

Өлкөдөгү эң ири каржы мекемесинин антип иши жүрүшпөй калышы жалпы эле банк системасына терс таасир тийгизерин эсепке алып Убактылуу өкмөт ага 3 миллиард сом кыска мөөнөт кредит берип, карызын жабышка мажбур болууда. Аны менен эле улутташтырылган “Азия Универсал банктын” иши жүрүшүп кетиши кыйын экенин Убактылуу өкмөт да, Улуттук банк да жакшы билишет. Лөк банктын “күп” этип кулап түшүшүн ансыз деле кыйын ахывалга капталып турган Кыргызстан экономикасынын көтөрүшү кыйын.

XS
SM
MD
LG