Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:11

Казак эл артисти Алтынбек Корозбаев концерт берет


Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, казак эл артисти Алтынбек Корозбаев жаз айларында Бишкекте жеке концертин уюштурат.

Бул концертти “Алхиса” фольклордук этнографиялык ансамбли менен бирге бир катар казак өнөрпоздору коштойт.

“Союз мезгилинде казак артистери Кыргызстанга, кыргыз артистери Казакстанга барып концерт берип турушаар эле. Кийинки кездери маданий алака солгундап, байланыш үзүлүп бара жатат. Мен ушул нерсени жандандыруу максатын аркалап жатам” -деп билдирди “Азаттыкка” берген маегинде казак эл артисти Алтынбек Корозбаев.

Ал өткөн жылы Бишкекте казак эл артисти Роза Рымбаеванын жана “МузАрт” тобунун концертин уюштурду. Эми жазында өзүнүн чыгармачылык кечесин өткөрүүнү ниет кылууда.

-Силерде “Камбаркан” деген чоң фольклордук ансамбль бар. Бизде “Альхиса” деген ансамбль бар. Ошол топту жана казактын мыкты ырчы-чоорчуларын алып келип Бишкекте концерт берейин деп жатам. Буга чеийн он беш жыл мурда Кожомкул атындагы спорт ордосунда биринчи концертимди бергем,-деди Алтынбек Корозбаев.

Алтынбек Корозбаев учурда Казакстандын улуттук аспаптар оркестринде дирижерлук кылат. Ал ошондой эле элинде композитор катары белгилүү. Анын айтуусунда репертуарында казак ырлары менен бирге кыргыздын да ыр-күүлөрү бар. Ал кыргыздан Бек Борбиевдин ырларын жактырат:

- Алардын айрымдарын ырдап да жүрөм. Алсак “”Казак кызына”, “Кокон гиляз”, “Балаң мага окшогон” деген ырлары. Ошондой эле “Тамчы” деген ырын жаздырганы жатам.


Жазда өтүүчү концертке келген ыр күйөрмандарына “Алхиса” фольклордук этнографиялык ансамбли да казак композицияларынан тышкары кыргыздын ыр-күүлөрүн тартуулайт. Алтынбек Корозбаевдин айтуусунда аталган ансамблдин репертуары азыр деле кыргыз чыгармаларынан кур эмес, эми ал тизмени дагы бир катар композициялар толуктамакчы.

-Кыргыздын чыгармаларын жакшы билем, жакшы түшүнөм. Эми кыргыздын белгилүү композиторлорунун чыгармаларын ансамблдин репертуарына киргизейин деп жатам.
XS
SM
MD
LG