Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Р. Жээнбеков: АКШ базасы кетсе Кыргызстан биротоло дүйнөдөн тосмолонот


Кыргызстандын АКШ базасынын чыгарылышы боюнча президент Бакиевдин билдирүүсү тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна “Ата Мекен” партиясынын АКШдагы бөлүмүнүн башчысы Равшан Жээнбеков жооп берди.

- Равшан мырза, президент Курманбек Бакиевдин АКШ базасынын Кыргызстандан чыгаруу чечими боюнча америкалык коомчулукта маалымат бар бекен? Кабарыңыз барбы?

- Бүгүн түштөн кийин бир аз маалымат тарады. Бардык эле маалымат каражаттары айтып чыгышты. Бирок маалымат гана таратышты. Ал эми алардын реакциялары эртең эртең менен белгилүү болот деп ойлоп атам.

- Сиз үчүн базаны чыгаруу күтүлгөн чечимби?

- Күтүлбөгөн чечим эмес. Бул - мурдатан келаткан логикалык кадамдардын жыйындысы. Анткени Петреус (АКШ аскер күчтөрүнүн БА аймактык башкы командачысы-авт.) Бишкекке келгенде биздин президентибиз кабыл алган жок. Бул америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу жөнүндөгү негизги ойдун башталышы болчу. Бирок бул маселе мурдатан эле көтөрүлүп келаткан. Буга карата менин божомолум мурда эле бар болчу.

- Чын эле бир катар саясатчылар айткандай Бакиев бул чечимди каражаттын айынан аргасыз чыгардыбы, же Орусиянын таасирине биротоло кирдиби? Бул Кыргызстанга эмне берет?

- Менин оюмда бүгүнкү күндөгү социалдык-экономикалык абал, дүйнөдөгү каржылык кризис биздин президентибизди ушул абалга алып келип койду. Анткени жакында боло турган саясий кризистер жана андан ары улана турган кыйынчылыктардын бардыгы Бакиевди ушундай кадам жасоого түрттү.

- АКШ Ооганстандагы коопсуздукту күчөтөм деп аткан кезде базаны чыгаруу маселесинин көтөрүлүшү бул өлкөгө деле кыйынчылыктарды жаратса керек. Маселен, Тажикстанга же Өзбекстанга калтыруу ыктымалдыгы барбы?

- Менин 100 пайыз ишенимим бар, Америка Кошмо Штаттары, анын президенти, өкмөтү буга даярданып келген, Кыргызстандагы жагдайды беш колундай жакшы билишет. Ошон үчүн Американын буга чейинки Пакистан менен, Тажикстан менен, Казакстан жана Өзбекстан менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн бардыгы, эгерде Кыргызстан Американын авиабазасын чыгара турган болсо аны ошо жакка көчүрүү боюнча буга чейин чаралар көрүлгөн. Мен андан да ашык айта алам, азыркы күндө Америка үчүн Кыргызстандан базаны чыгаруу, албетте, кандайдыр бир кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн, бирок Америка үчүн бул трагедия деле эмес. Алар же Тажикстанга же Өзбекстанга же Казакстанга көчүрүү боюнча менимче, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп койгон.

- Президенттин Москва сапарында Кыргызстан 2 млрд. доллар алары, АКШ базасын чыгарары тастыкталды. Мындагы утуш жана утулуштар кайсылар?

- Стратегиялык багытта Кыргызстанга бул 2 млрд. доллар эч кандай жардам бербейт. Бул акчаны аларыбыз дагы күмөн, мен буга толук ишене албайм, ала турган болсок дагы аны биздин өкмөт натыйжалуу иштете албайт. Анткени элдин ишеними бийликке жок. Биздин бийликтин элди башкарып, ушул алган кредиттерди натыйжалуу иштеткенге мүмкүнчүлүктөрү дагы, ресурстары дагы жок.

- Парламент макулдук берип, база чыгарыла турган болсо АКШ менен Кыргызстандын мындан аркы алакалары кандай өнүгөт деп ойлойсуз?

- Өкмөт чечим кабыл алган күндө да база жакын арада чыкпайт деп ойлойм. Базаны чыгарууда АКШ өкмөтү дагы эки-үч жылга өзүнүн талаптарын коюушу мүмкүн. Карап көргүлө, кийинки төрт жылдын ичинде Кыргызстанга батыш мамлекеттеринин биринен же АКШдан расмий сапар менен адамдар келдиби? Же биздин мамлекеттен расмий визит менен бирөө-жарым бардыбы? Бул биздин жаңы бийлигибиз акыркы төрт жылда Кыргызстанды тосмолоп салганы көрүнүп турат. Эгерде америкалык авиабаза чыгып кете турган болсо Кыргызстан толугу менен тосмолонуп калат дагы дүйнөдөгү Түндүк Корея өңдүү мамлекеттердин бирине айланат.

- Равшан мырза, АКШдан телефон аркылуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп бергениңиз үчүн ыраазчылык билдиребиз.

XS
SM
MD
LG