Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Петровка тополоңунда камалгандардын соту создукту


Былтыркы жылдын апрель айынан бери экс- депутат Эркин Бөлөкбаев жана жергиликтүү эки укук коргоочу Петровка окуясынын уюштуруучулары катары камакта жатышат.

Кечээ Петровка сотуна дагы күбөлөр келген жок, буга чейин мындай көрүнүш бир нече ирээт кайталанып, соттук териштирүү кыска убакытка созулуп же артка жылдырылып калууда. 12- январь күнү түшкө чейин гана созулган соттук отурум негизинен өтүнүчтөрдү кароо менен чектелди. Алгач Э. Бөлөкбаевдин адвокаты Александр Типеров, соттун төрагасы Феликс Марлестин өзүн төмөндөгүдөй айыптап өттү:

- Сотто мыйзам бузуу адаттагы көрүнүшкө айланып баратат. Соттун төрагасы Феликс Марлес өзү одоно мыйзам бузууларга алгачкы күндөрдөн бери эле жол берүүдө. Маселен, өтө маанилүү делген өтүнүчтөр жасалып жатса дагы соттун төрагасы аны ачык боюнча калтырууда.

Мындай нааразылык пикирлер Петровка сотунун ар бир отурумунда адвокаттар тарабынан айтылып келет. Бирок Мамлекеттик айыптоочулар бул негиздеги нааразылык пикирлер мыйзамсыз деп баалап келишүүдө. Алардын бири Жакен Чукулдаев:

- Соттук териштирүү аягына чыга элек, бирок адвокат А. Типеров жогорудагыдай өтүнүч кылып, сот курамына ишенбестик билдирип жатканы туура эмес. Сиз адвокаттардын өтүнүчүн соттук териштирүү аягына чыкканга чейин ачык таштоого укугуңуз бар. Урматтуу соттун төрагасы, сиз бул аралыкта эч кандай мыйзам бузууга жол берген жоксуз.

Ал эми андан кийинки өтүнүч кылган саясатчы Э. Бөлөкбаев премьер- министр Данияр Үсөнов, ИИМнин орун басары Талант Исаев, депутат А. Попов, Чүй облус башчысы Болоткан Кумаров, мурдагы Москва районунун акими К. Сыйданов өңдүүлөрдү тезинен күбө катары сотко чакыруу өтүнүчүн жолдоду. Бирок сот төрагасы бул өтүнүчтү дагы да болсо ачык боюнча калтырды.

Камактагылардын дагы бири укук коргоочу Сапар Аргынбаев жана анын адвокаты Нина Зотова, “камалгандарга каршы көрсөтмө берген 18 күбөнүн 13-соттон качып келбей жатканы, келгендеринин берген көрсөтмөлөрү жасалма чыгып турганы, тергөө башында эле күбөлөргө карата коркутуп үркүтүү аракеттери болгонунан кабар берет”,- дешти.

Айыпталып жаткандардын жакындарынан түзүлгөн демилгечи топтун мүчөлөрү болсо, бул аралыкта сотко келбей жаткан күбөлөрдүн даректерин кыдырып жатышат. Бул туурасында Москва районунун тургуну Баялы Саркулов “Азаттыкка” буларды айтат:

- Мамлекеттик айыптоочулар сотко келбей жаткан күбөлөрдү ар кандай себептер менен жашырып жатышат. Айлабыз кеткенде өзүбүз үймө- үй кыдырдык. Көрсө айрым күбөлөргө эч ким барып, соттун чакыруусун бербептир. Кээ бирлери Кыргызстандан башка өлкөлөргө чыгып кеткен экен. Айрымдарынын жашаган дареги такыр эле туура эмес болуп чыкты. Ушундан улам, укук коргоо кызматкерлери, райондук прокуратура кызматкерлерине ишеним калбай деле калды.

Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам сот атайылап кечеңдеп, сотко күбөлөр атайын чакырылбай жатат деген коомдук пикирлер пайда болууда. Петровка соту болсо бейшемби 14-январь күнү улантылат.

XS
SM
MD
LG