Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Бийлик саясатына макул эместердин курултайы


Азыркы бийликтин аракеттери менен макул эмес ар кандай коомдук- саясий күчтөр 17-мартта Элдик курултай өткөргөнү жатат. Бул жөнүндө курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаева "Азаттыкка" билдирди.

- Роза айым, 1-2 күн болуп калды Кыргызстанда Ынтымак курултайына жанаша дагы бир экинчи курултай өтөт деген маалымат тарап атат. Аны уюштуруучу топтун башчысы катары сиздин атыңыз аталып атат. Ушунун чоо-жайы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- Биз көрүп атабыз бийлик Ынтымак курултайы деп кандай ишти жүргүзүп атканын, кантип делегаттарды шайлап атканын. Ал жөнүндө элде толук маалымат бар окшойт. Бизди эч ким чакырган жок, оппозиция менен сүйлөшөм деген жок, же болбосо үндөрү, ойлору жакпаган элди эч киргизбей эле, эски адаттагыдай дүжүрлөрдү чакырып, ушундай курултайды өткөрөбүз деп бийлик ишти алып келе жатат.

БЭК 23үндө бийликтин курултайы болсо, биз дагы бийлик менен макул эместердин курултайын өткөрөбүз деп чечкен эле. Бирок азыр болсо бейөкмөт уюмдар, жалпы коомчулук, ар кандай интеллигенциянын өкүлдөрү бизге келип курултай деген идея чындап эле элге керек болсо, курултай элди жаңы ойлорго алып келип, консенсус, же макулдук коомдо түзүлөт десе, анда биз чогулалы деген сөз айтып жатышат. Ошондон улам атайын уюштуруу комитети түзүлүп, ошонун төрайымы кылып мени дайындап коюшту.

- Демек сиздердин камылгалар БЭКтин алкагынан тышкарыбы?


- Бул БЭКтин алкагынан тышкары, азыркы бийликтин аракеттери менен макул эместердин баарынын курултайы болуп атат. Биз 17-мартта өткөрөбүз деп чечтик.

- Анын максаты эмне, кандай маселелер талкууланат?

- 17-мартта биздин курултай тике карама-каршылыкта болбойбуз. Ошол жерден балким чечебиз курултайга катышабыз деп. Анткени бизден тышкары жасап атышпайбы. Биз курултайыбызды өткөрөбүз, анан ошол жерден чечебиз, барабызбы, же жокпу курултайга дегендей. Биз чындап эле барабызбы, барбайбызбы, ошого чейин да биз бийликтин иш аракеттерин байкайбыз.

Биздин күн тартибибиз белгилүү, жанагы эле төрт маселе. Биринчиси, тарифтер бүгүнкү жүрөктү өйүп аткан. Экинчиден, стратегиялык объекттердин менчиктештирилиши. Үчүнчүдөн, Конституцияны өзгөртүү маселеси. Ошондой эле саясий репрессияларга каршы туруу деп, биз төрт маанилүү маселени курултайдын күн тартибине чыгарып атабыз.

- Азыр уюштуруу маселелери кандай чечилип атат?

- Биз азыр спорт сарайын ижарага алуу боюнча суранычыбызды жолдоп атабыз. Биз облустардан, ар бир айыл өкмөттөн экиден төрт адамга чейин өкүлдөрдү чакырабыз. Биз бейөкмөт уюмдарды баарына өзүбүздүн чакыруубузду жолдойбуз. Ошондой эле ЖОЖдорго, интеллигенцияга, студенттерге дагы биз атайын чакыруу беребиз.

- Бийлик өкүлдөрүнөн дагы чакырылабы?

- Бийлик өкүлдөрүн да чакырабыз, келсин, элдин көйгөйүн, оюн уксун.

- Роза айым, дагы бир суроо. Бийликтин курултайы деп атпайсыздарбы, Ынтымак курултайы алдын ала чакырылды да 23-мартка деп. Эмне үчүн сиздер ушул курултайдын алдында чакырып атасыздар?

- Биз эмне себептен алдын ала чакырып атабыз, талкуулап атабыз бул маселелерди ошол ынтымак курултайы элдин үнүн уксун деп. Алар элди четке чыгарып атышат. Бизде болсо ар кыл позициялар, ойлор чагылдырылат. Мына ушул ойлордун баарын сыйдырсын өздөрүнүн курултайына, ошону уксун деп биз алдын ала өткөрүп атабыз.

- Рахмат сизге.

XS
SM
MD
LG