Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

И. Масалиев: Конституциялык реформа туура жолдо баратат


Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев жаңы жыл алдында “Азаттык” менен баарлашып, жыл ичиндеги окуяларга, асыресе кезектеги конституциялык реформага карата көз карашын билдирди. Анын пикиринде, формалдуу түрүндө Конституцияны өзгөртүү процесси туура эле жол менен баратат.

- Исхак мырза саламатсызбы, узап бараткан жыл эмнеси менен эсиңизде калды?

- Эми бул жылы жашыра турган эч нерсе жок. Кыргызстанда президенттик шайлоо жылы болду, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо башталды, Жогорку Кеңештин 70 жыдыгын белгиледик. Менимче Камбар- Атадагы плотинаны жабуу үчүн жардыруу болду. Ушулар негизги окуялар деп эсептейм.

- Адам укуктарын басмырлоо, журналисттерге кол салуулардын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Бул жерде жашыра турган эч нерсе жок, маселе бар. Бирок бүгүнкү күндө ушул бийлик түзүлүп атканы, орногону көптөн бери биз демократия, адам укугу деген сөздөргө ар кандай пикирлер болуп турат. Бул жерде жок деп айта албайбыз. Мен ойлоп атам, бийлик канчалык бекемдегенде ушул түшүнүктөрдө ар кандай бир формада өзгөртүүлөр болуп атат.

- Жаңы жылда 2010-жылы конституциялык реформа ишке ашыш керек, ал ишке ашкандан кийин президент, парламенттин легитимдүүлүгү жөнүндө маселе чыкпайбы, ошол жаңы Конституцияга алардын ыйгарым укуктары туура келеби дегендей?

- Бизге жөнөтүлгөн Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор, менин пикирим боюнча - парламент жөнүндө, президент жөнүндө конституциялык негиздерге түздөн түз тиешеси жок. Ошондуктан легитимдүүлүк маселеси боюнча андай талап пайда болбойт окшойт.

- Кокус чыкса ал маселе кандай чечилиш керек?

- Референдум өткөндө 2007-жылы өтмөк, эрежелеринде так жазылып калган. Ушул главаларга Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен өзгөртүү киргизе алат, же 100 000 шайлоочунун демилгеси менен өзгөртүү киргизсе болот. Ошондуктан бир топ саясатчылар ушул жагын эске албай айтып жатышат. Менин оюмча бүгүн формалдуу түрүндө Конституцияны өзгөртүү жолу туура эле болуп турат. Анын мазмуну боюнча сүйлөшсө, чырылдашса болот.

- Жаңы жылдык каалоолоруңуз?

- Жаңы жылда жакшылык каалайм. Себеби жаңы жылда ар бир адам өзүнө жаңы максаттарды коюшат. Кийинки жыл ийгиликтүү болсун, түшүмдүү болсун, мындан да жакшы жыл болсун деген каалоо-тилектерди бүткүл элибизге каалайм. Үмүттөрү ишке ашсын деген оюм бар. Эмне болсо да мамлекетибиз өнүгүп, элибиздин жашоо-шарты жаңыланып, жакшы болсун деген тилегим бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG