Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:37

Э. Каптагаев: Ынтымак курултайына кошоматчылар гана чакырылат


БЭКтин төрагасынын орун басары Эмил Каптагаев Президент К. Бакиев чакырып жаткан Ынтымак Курултайы коомдогу ынтымактын курултайы болоруна ишенбейт. Анын айтымында, бул курултайга бийликтин айтканын эки дебей колдоп келаткан кошоматчылар гана чакырылат.

- Эмиль мырза, президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын элине телекайрылуу жолдоду, анда ынтымак курултайына чакыруу маселесин айтты. Ушул президенттин кайрылуусуна сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул Ынтымак курултайы деп айтылганы менен түзүү формуласына караганда кадимки эле жылына 2-3 жолу өткөрүлүп аткан, президенттин айтканын айткандай колдогон активдин эле жыйналышы болот. Анткени айыл өкмөттөн бирден киши, Бишкектен 10 киши, Оштон 8 киши, 150 кишини өзүм аныктайм деп атпайбы. 20ны диний уюмдарга бериптир. Азыркы жүрүп аткан саясатка карата өз алдынча ою бар кишилер бул курултайга келбейт, киргизилбейт.

Ошол себептүү бул курултай эч кандай коомдогу ынтымактын курултайы болбойт. Экинчи жагы мени таң калдырганы - Кыргызстан калк ассамблеясына кирген отуздай этникалык топтордун өкүлдөрү унутта калыптыр, негизи президенттер аларды унутпай бир колтугуна кыстара жүрчү эле. Ошол улуттун өкүлдөрүнө бирден орун берип койсо болмок. Алардын деле лидерлери президенттин айтканын айткандай колдоп келатышпайбы. Ошондо менин оюмча азыркы бийликти толук колдой турган жыйналыш болот деп ойлойм.

- Эмиль мырза, президент өзүнүн кайрылуусунда бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес деп айтты. Ушул айтканына кандай баа бересиз?

- Дегеле биздин коомдогу түзүлүш, жалпы мамлекетте азыркы абал демократия түспөлүндөгү абал болуп атпайбы. Айтканы демократия, жасаганы тоталитардык диктатура болуп атат. Айтканы жакшылык, жасаганы кишилерди соттоп, сабап, өлтүрүп атат. Мына ушул эки ачакей саясат болуп, чынында демократия түспөлүндө жалпы саясат ошондой болуп аткандан кийин майда-чүйдө нерсенин кереги жок деп айтып атканы, балким, туурадыр ага.

- Ынтымак курултайына эл-жер деп күйгөн жалын жүрөк азаматтарды, журтуна кадыры өткөн акылкөй карыяларды шайласаңыздар деп өтүнөм деди. Балким ушул Ынтымак курултайынан кийин ынтымак күчөр?

- Ошол кирген кишилердин атын азыр деле четинен чыгарып айтып берсе болот. Ал баягы гезитке, телеге чыга калып, "мен бул жактамын, колдойм, Курманбек Салиевич мени көрбөй атасыз" деп жүргөн эле кыргыздын чалдары кирет, башка эч ким кирбейт.

- Рахмат маегиңизге.


XS
SM
MD
LG