Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Ж. Акматов: "Бул бийликке ода ырдай турган жыйын болот"


Президент март айына белгилеген Ынтымак курултайына татыктуу адамдар чакырылып жатабы? Көз карандысыз эксперт Жеңиш Акматовдун баамында, андай эмес. Анткени, курултайга жогорку уюштуруу комитети түзгөн тизмедеги адамдар келе тургандыгы азыртан эле көрүнүп калды.

- Сиз мурда БШКнын мүчөсү катарында бир топ шайлоолорго күбө болдуңуз эле. Мына азыр учурда Ынтымак курултайына жер-жерлерде делегаттарды шайлоо иш чарасы жүрүп атат. Сиз кандай дейсиз, чындыгында эле президент айткандай Ынтымак курултайына татыктуу адамдар шайланып келиши мүмкүнбү?

- Жок, буга менин чоң күмөнүм бар. Азыркы эле башталган иш-чаралардан байкасак болот. Буга ар бир айылдык округдан бирден делегат деди эле, азыр болсо уюштуруу комитети ар бир айылдык округдан алганда эки миңден ашып кетет экен деп, ошондуктан ар бир район боюнча өзүнчө курултайларды өтүп, анан ошолордон республикалык курултайга делегаттар шайланат дейт. Жогорку уюштуруу комитетинен тизмеси түзүлүп, ошол тизмедеги адамдар шайланып келет деген ойдомун.

- Айрым бир угармандарыбыз айтып атат, Ынтымак курултайына баягы эле дүжүр адамдар барышы мүмкүн деп. Сиз кандай ойлойсуз?

- Мен буга толук эле кошулам. Өткөндө Азимбек Бекназаров кайсы бир гезитке интервью берип, бул курултай жөнүндө оюн сураса, Кыргызстандын 750 дүжүрүнүн ачык өңүн көрөсүңөр дептир. Мен ушул ойду колдоп кетким келет.

- Жеңиш мырза, ал эми ушул Ынтымак курултайы бул бийлик менен элдин ортосунда кандайдыр бир көпүрө боло алабы?

- Кимдин шайланып келатканы азыр эле эл баамдалып жаткандай, бул эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болмок турсун, кайра мени кооптонтот. Түркмөнбашы “Халк Масликаты” деген уюм түзүп, өзүнө “Түркмөнбашы” деген атты ыйгартып, түбөлүк президент болот деген чечим кабыл алдырткан. Ушул жерге келген биздин кээ бирки ашынып кеткен биздин дүжүрлөрүбүз ушундай идеяны көтөрүп жибереби деген кооптонуу бар менде.

- Демек анда ынтымак курултайы бул элдин көйгөйү эмес, бийликти сактап калуунун куралына айлынып кетиши мүмкүнбү?

- Бул менин оюмча бийлик колдоп, мактай турган, одаларды аткара турган гана жыйын болот го.

- Ал эми сиз мурдагы БШКнын мүчөсү катары угармандарга кандай сунуш айтат элеңиз Ынтымак курултайына шайланып аткан делегаттар тууралуу?

- Бул эми башталып атпайбы айылдык округдарда. Ошол жерде көп деле алардан көз каранды болбойт, бирок активдүүлүгүн көрсөтүп, элдин көйгөйүн, азыркы чыныгы турмушту билген, өз ою, оозунда сөзү бар адамдарды делегат кылып шайласаңар деп кайрылгым келет. Бирок аны деле өткөрбөйт го, көрүп атпайбызбы, андай адамдарды курултайга делегат кылып жергиликтүү бийлик жибербейт го.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG