Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:18

К. Байболов: Акыркы шайлоолор өзгөчө жүзү каралык менен бурмаланган


Баш прокурор Кубатбек Байболов 2007 жана 2009-жылдагы бурмаланган шайлоолор боюнча козголгон кылмыш иштери азыр да шайлоону бурмалоого камынып жаткан атка минерлер үчүн эскертүү экенин айтат.

- Эмне үчүн башкы прокурор болоруңуз менен 2007 жана 2009-жылдагы шайлоолор боюнча кылмыш иштерин козгодуңуз? Кээ бир саясатчылар бул иштерди келечеги жок популисттик кадам катары сындашууда.
...азыр дагы айрым партияларды көздөп, шайлоолорду бурмалайбыз деп камынып жаткан мамлекеттик чиновниктер өтө көп. Бул дагы аларга кайсы бир деңгээлде эскертүү болуш керек, мыйзамдан чыксаң жоопко тартыласың деген.

- Акыркы шайлоолорду алып келе турган болсок, бул өзгөчө жүзү каралык, өзгөчө жырткычтык менен бурмаланган шайлоолор. Жөн гана акыркы документти ой келди жазып салып, сотуңарбы-мотуңарбы, билгениңерди кылып алгыла деген шайлоо болгон. Бийликке кошомат кылып, байдын дөбөтүндөй лакылдап, жасоолдой болуп дүкүлдөп, шайлоону бурмалап жүргөн эргулдар акыры болсо да мыйзам алдында жоопко тартылыш керек болчу.

Экинчи себеби, азыр дагы айрым партияларды көздөп, шайлоолорду бурмалайбыз деп камынып жаткан мамлекеттик чиновниктер өтө көп. Бул дагы аларга кайсы бир деңгээлде эскертүү болуш керек.

- Демек, бул шайлоо алдындагы мыйзамсыз аракеттерге карата эскертүү экен да?

- Ооба. Мыйзамдан чыксаң жоопко тартыласың деген эскертүү.

- Сиз башкы прокурордун кызматына дайындалганда вице-премьер-министр Азимбек бул алмаштырууну жактырбагандыгын ачык айткан эле. Сиздин буга карата ой-пикириңизди коомчулук уга элек. Сиздердин ортодо кандайдыр бир тирешүү барбы?

- Бул ушак деңгээлиндеги сөздөр. Мен имиштерге комментарий бере албаймын да.

- Анда эмне себептен сиз ушул убакка чейин ошол имиштерди төгүндөп же аларга бөгөт койгон жоксуз?

- Мамилебиз кадимкидей эле. Менин маселен Бекназаровго эч кандай дооматым жок. Ал эми прокуратурадагы айрым кызматкерлерге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мүлктү бөлүштүргөндөрдүн арасына кирип кеткендиги тууралуу маалыматтар бизде бар. Биз аларды иликтеп бүткөндөн кийин сөзсүз түрдө чара колдонобуз. Эгерде Акаев менен Бакиевдин прокуратуралары көбүнчө саясий иштер менен алагды болсо, акыркы беш айдагы прокуратура мүлктү мыйзамсыз бөлүштүрүүгө бир топ алагды болуп кеткендиги тууралуу маалыматтар бизде жетиштүү.

- Оштогу жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларды тергөө иштерине кайрылсак, Азимжан Аскаровдун адвокаты жаңы баш прокурор ишти акыйкат караганга, сот чечимин кайра караганга, балким, жардам берет деген үмүтүн билдирди. Сиз Азимжан Аскаров жана аны менен кошо айыпталгандардын ишине карата кандай ойдосуз?

- Оштогу тополоң окуяларга байланышкан 12 гана иш калды. Тергеп-тергеп, бардык иштерди сотко өткөрүп жатабыз. Сот процесстери дагы башталып жатат. Ал эми Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу болсо, албетте, мыйзам ченеминде биз айып койгонбуз. Соттун биринчи инстанциясы карап чыгып, ага абдан катаал жаза берди. Мен ишти иликтеп чыгып, ушул кишиге байланышкан бөлүгү өтө катаал болуп калгандыгы тууралуу айтып кете алам. Албетте, айыпты коюуда бир аз өзгөртүү болушу мүмкүн, бирок негизинен анын күнөөсү далилденди. Бир гана бир аз катаалыраак болуп калганбы деген маанайдабыз. Бирок иш соттун чечимине гана байланыштуу болот.

- Июнь айында болгон кайгылуу окуялар үчүн азырынча жалаң гана өзбек улутундагылар соттолууда, этникалык чыр-чатакты караган соттор бир гана улутка каршы болуп жатат деген билдирүүлөр өлкөнүн эл аралык беделине доо кетирүүдө. Эмне үчүн ушундай болуп жатат?

- Бул жагынан дагы айрым мүчүлүштүктөр бар, дээрлик жок деп айтуу туура эмес болмок. Бирок биз мындан аркы көзөмөл жана тергөө иштерибизде мына ушул жагдайларды эске алуу менен ишти улантабыз.

- Сиздин экинчи демилгеңиз тууралуу да талкуулар көп. Башкы прокуратура Консоттун мурдагы судьяларын жоопко тартуу максатында тергөө иштерин баштады. “Азатыкка курган маегинде” Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү Курманбек Осмонов аталган демилге тууралуу “Конституциялык соттун чечимине укуктук баа бере турган орган – прокуратура эмес” деп айтты. Сиздин пикириңиз?

- Эми Осмоновдун логикасы боюнча Конституциялык сот билгениндей мамлекеттик конституцияны, мамлекеттин негизин талкалоого жардам берсе болот экен дагы , ал эми бирден бир мыйзамды көзөмөлдөгөн мамлекттик орган - бул прокуратура аларга кылмыш ишин козгой албайт экен.
Бул иштер акырына жетээр жетпеси ал – менин ишим. Ал мага жүктөлгөн. Мен акырына жеткирем.

Же Конституциялык соттун судьялары дээрлик мыйзамдын үстүндө турат, булар мыйзам алдында эч бир убакта жооп бербейт деген жобо бар бекен?

Ошол эле консоттун өзүнө байланышкан мыйзамда Конституциялык соттун судьяларына каршы кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой алат деген жобо бар.

- Сиздин кадамдарыңызды “кезектеги саясий оюндар, бул – куру чечендик” деп сындагандарга кантип жооп берээр элеңиз?

- Акырына жетээр жетпеси ал – менин ишим. Ал мага жүктөлгөн. Мен акырына жеткирем.

- Көптөрдү түйшөлткөн дагы бир ой бар. Эмне себептен Аскаровдун үй-мүлкү конфискацияланды?

- Ал мыйзамда көргөзүлгөн жобо. Айрым беренелер боюнча оор кылмыш жасагандардын мүлкү конфискацияланат.

- Шайлоо өнөктүгү боюнча негизинен кандай арыздар түшүп жатат?

- Арыздар бар. Бирок жалпы жонунан баягы одоно мыйзам бузуулар тилекке каршы каттала элек?

- Эмнеге тилекке каршы деп жатасыз?

- Себеби адамдар арзы жазуудан дээрлик коркуп калышкан да. Көз көрүнө кылмыш жасалып жатса дагы арыз жазгылары келбейт. Биздин болсо шаабыз жетпейт, арыз жок болсо. Маселен, мен көрүп атам, туура эмес жарнактар, пара берген учурлар да болуп жатат, бирок далилдеп калууга биздин алыбыз жетпей жатат.

- Сиз ушул кызматта турган кезиңизде кайсы кылмышщ иштерин “жактырып”, эмнеге биринчиликти бересиз?
...Демократияны көздөгөн жаңы күчтөр келе турган болсо, башкача өнүгүү болот. Ошондуктан бардыгы элдин колунда.

- Эң негизгиси коррупциялык иштер. Мамлекеттин негизин талкалап жаткан коррупциялык иштерди ачуу. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик мүлктү талап-тоноо.

- Ушул жерден суроо туулат. 3-сентябрда экономикалык мунапыс жарыяланып, анын мөөнөтү 1-октябрда аяктайт. 2 гана аткаминер келсе, аларга да мунапыс четке кагылды. Эксперттер башынан эле бул чарадан майнап чыкпасытыгн айтып келишкен. Демек мындан ары экономикалык кылмыш жасагандарга катуу чаралар көрлөт, туурабы?

- Айрымдарынан биз баш тарттык, айрымдары өздөрү мүмкүнчүлүктү пайдаланган жок. Экономикалык кылмыш жасагандар өз жазасын алат. Мамлекет тарабынан белгилүү өлчөмдө ишара жасалды.

- Шайлоодон кийинки пландарыңыз кандай?

- Мамлекеттик бийликке кимдер келет – ошого көз каранды. Эгерде жанагы кой терисин жамынып, азыр асмандын башын айтып, бийликке умтулуп аткан өткөн замандын зөөкүрлөрү келе турган болсо, анда бир беткей өнүгүү. Демократияны көздөгөн жаңы күчтөр келе турган болсо, бул башкача өнүгүү. Ошондуктан бардыгы элдин колунда.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG