Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

19-октябрь: Тарых барактары


Наполеон Бонапарт 1812-жылдын 19-октябрында Москваны таштап, Батышка чегине баштаган.
Наполеон Бонапарт 1812-жылдын 19-октябрында Москваны таштап, Батышка чегине баштаган.

Энесайлык кыргыз өкүмдары Еренак 1671-жылдын бул күнү «атайын» сүйлөшүү үчүн келген Красноярскилик бояриндин чокундук уулу, теги кыргыз Иван Айканды кабыл алган.

Сүйлөшүү жыйынтыгы көрсөткөндөй, энесайлык кыргыздар Красноярскинин кашында жашаган качиндик жана ариндик татарлардан албан алына тургандыгын билдирген. Еренактын аскер күчү бул убакта артып, ал түндүк тарапта орун алган орус кыштактарына олуттуу коркунуч жаратып турган. Кыргыздар тува беги Талай менен бирдикте орус кыштактарын өрттөп, империяга түшчү алык-салыкты тартып алып, орус бийлигинин таасирин кетире баштаган. Мындай кырдаал Москванын тынчын алып, чукул чара көрүү үчүн аларга каршы аскер операциясы камдалган.

Кыргыз калкынын Орусия империясынын курамына кириши менен коомдук абал өзгөрүп, бай-манаптардын эл ичиндеги таасири азайган. Бирок алар мурдагыдай эле элден салык алууну улантып, ал өз кезинде калктын адилеттик издеп орус бийлигине кайрылуусуна себеп болгон. Кыргыздардын арызы Пишпек уезддик башкармалыгында каралып, түзүлгөн кырдаалды аныктоо маселеси 1896-жылдын 19-октябрында уезддик жетекчинин жардамчысы Г. Куватовго тапшырылган. Пишпек уезддик начальнигинин билдирүүсүндө, Шабдан Жантаевдин уезддик масштабдагы кадыры, Чойбек Дыйкамбаевдин Суусамыр болуштугунда баркы бар экендиги айтылат.

Узак жылдар бою уланган А. Сыдыковду каралоо иши «өтөсүнө жетип», ага тап душманы деген жалган жалаа коюлуп, саясий ишмер 1933-жылдын май айында камакка алынган. Ага контрреволюциячыл ишкер, Социал-Туран партиясынын өкүлү деген күнөө коюлуп, тергөө иши алты айга чукул уланган. НКВДнын кампасындагы адам чыдагыс абал жана тергөө ишинде колдонулган кыйноо ыкмалары ага кырдаалды аныкташ үчүн да 1933-жылдын 19-октябрында «Түшүнүк кат» жазууга түрткү берген. Карандаш менен жазылган «Түшүнүк катта» ал үч пункт менен коюлган күнөө эч негизсиз экендигин жана анын камакка алынышы көрө албастар тарабынан жасалгандыгын билдирген.

Зам жергесинде өткөн Экинчи Пуни согушу б.з.ч. 202-жылдын 19-октябрында соңуна чыгып, ал Ганнибалдын армиясынын жеңиши менен жыйынтыкталган.

Наполеон Бонапарт 1812-жылдын 19-октябрында Москваны таштап, Батышка чегине баштаган.

Петербург Илимдер Академиясында вице-адмирал Фёдор Петрович Литке жетектеген Орус географиялык коомунун биринчи жыйыны 1845-жылдын 19-октябрында ишин баштаган.

Д. И. Менделеев 1875-жылдын 19-октябрында өткөн Петербург университетинин физика коомунун жыйынында атмосферанын жогорку катмарын изилдеш үчүн герметикалык түрдө жабылган аэростат гондоласын колдонуу керектигин билдирген.

Германия рейхстагы 1878-жылдын 19-октябрында социалисттерге каршы мыйзам кабыл алган.

Бразилиялык Альберто Сантос-Дюмон 1901-жылдын 19-октябрында 33 метрдик дирижабли менен Эйфель мунарасын айланып учкан. Ал муну менен аппарат абадан жеңил экендигин далилдеп, сыйлык үчүн 100 000 франк алган.

“Правда” гезитинин 1919-жылдын 19-октябрь күнкү санына Түркстан фронтунун саясий бөлүмүнүн жетекчиси Д. Фурмановдун фронттон жазган «Көзүбүз ачылды!» деген каты жарыяланган.

Марлон Брандо 1944-жылдын 19-октябрында биринчи жолу Бродвей сахнасына чыккан.

Советтер Союзу менен Жапония 1956-жылдын 19-октябрында бириккен декларация кабыл алышкан. Декларацияга жараша согуш токтотулуп, өлкөлөр арасындагы дипломатиялык мамиле орногон.

ГДР менен Югославия ортосундагы байланыш орногондугунан улам, ФРГ өкмөтү 1957-жылдын 19-октябрында Югославия менен дипломатиялык мамилени үзгөн.

АКШ 1960-жылдын 19-октябрында Кубага экономикалык блокада баштаган.

Ирландия калкы 2002-жылдын 19-октябрында өткөн референдумда Евробиримдикке кирүүгө макул болгон.
XS
SM
MD
LG