Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Кыргыз тасмалары Локарно кинофестивалына катышат


Эл аралык Локарно кинофестивалы Европадагы мыкты деп эсептелген, деңгээли жогору 5 кинофестивалдын катарына кирет.

63-ирет өтүп жаткан фестивалга буга чейин Кыргызстандан Төлөмүш Океевдин тасмалары катышкан. Ал эми эгемендик алгандан кийин биринчилерден болуп режиссер Актан Арым Кубаттын тасмалары көрсөтүлгөн.

-Мени кээде "Локарно фестивалынын баласы" деп тамашалап коюшат. Анткен себеби эгемендүүлүк алгандан кийин аталган фестивалда менин “Селкинчек”, андан кийин “Беш кемпир” тасмаларым көрсөтүлгөн. Негизинен фестивалдын жетекчилиги менин эмгектериме дайыма көңүл бөлүп турушат.

Бул жолку фестивалда да уюштуруучулар Актан Арым Кубаттын “Свет аке” аттуу жаңы тасмасын башкы программага коюуну ниет кылышкан. Бирок аталган тасма буга чейин Канн эл аралык кинофестивалына катышкандыктан башка программанын алкагында көрсөтүлөт. Актан Арым Кубаттын айтуусунда, ал программага 10 миңдей көрүүчү чогулуп, кечкисин тартууланат.

Локарно кинофестивалында ошондой эле Эрнст Абдыжапаров, Нурлан Асанбеков, Марат Сарулу жана башка режиссерлордун тасмалары көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. Бул фестивалда негизинен "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" деген долбоордун бет ачары болот, деп билдирди режиссер Эрнст Абдыжапаров.

-Менден сабак алган, Садык Шер-Нияз үйрөткөн жаш режиссерлордун тасмалары кирген. Менин оюмча бул нерсени Кыргызстандагы жаш кинематографисттердин өскөнү деп билсе болот.

Бул фестиваль кыргыз кино ишмерлерине, анын ичинен жаш режиссерлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Өзгөчө байгелүү орундарга жетишип калса, алдыда дагы тасма тартканга финансылык колдоо болоорун айтат кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова:

-Фестивалда кыргыз кинорежиссерлору башка киноишмерлер менен биргеликте татыктуу орундар үчүн ат салышат. Менин билишимче биринчи орунга 50 миң доллар, экинчи жана андан кийинки берилчү сыйлыктар да чоң өлчөмдө.

Локарно эл аралык кинофестивалына Европа өлкөлөрүнөн белгилүү продюссерлер келишет. Андыктан башка дагы белгилүү кинофестивалдарга чакыруулар түшүп калышы мүмкүн деп билдирди Гүлбара Төлөмүшова.

-Тасмалардын бет ачарлары болгондон кийин атайын жолугушуулар өтөт. Ошол учурда продюсерлер жаккан тасманын авторлору менен баарлашып, андан аркы пландары тууралуу сүйлөшөт. Кээ бир учурда ошол жерден эле келишимдер түзүлөт.

Кинофестивалдын жүрүшүндө устаттык сабактар да өтүлөт. Ал жерде мыкты деген, профессионал адистер кино тартуунун сырлары менен бөлүшөт.
XS
SM
MD
LG