Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Баткен: кыргыз-өзбек чегиндеги кырдаал курч бойдон


Кыргыз-өзбек чегине чогулган Баткендин Согмент айылынын тургундары, 2010-жылдын 28-майы.
Кыргыз-өзбек чегине чогулган Баткендин Согмент айылынын тургундары, 2010-жылдын 28-майы.

Өзбекстан Баткендин ичиндеги Сох анклавына кошумча аскерлерди, десанттык бөлүгүн жана милиция күчтөрүн киргизгени кабарланууда. Бул арада кыргыз тараптан чогулган тургундар Сохту Өзбекстан менен байланыштырган негизги жолду тосуп чыгышты.

Учурда Сохтун Хушяр айылы менен чектешкен Баткендин Согмент, Чарбак айылдарында жергиликтүү тургундар топтолуп турушат. Аймактагы кабарчыбыздын болжолунда, Өзбекстан тарапта үч жүздөй, кыргыз тарапта эки жүз чакты эл чогулган. Алардын ортосун эки өлкөнүн чек арачылары менен милиция кызматкерлери тосуп, кырдаалга көз салып турат.

Баткендин Чарбак айылы өзбек айылдарынын курчоосунда калып, айылды кыргыз тарап менен байланыштырган жол жабылган. Айыл тургундары азык-түлүктөрү күн санап азайып баратканына кооптонушууда.

Кыргыз-өзбек чегиндеги мындай чыңалган абалды жөнгө салуу үчүн кечээ Баткен жана Сох райондорунун акимдери жолугушкан. Бирок андан абал өзгөргөн жок.

Бул арада Кадамжайдын Жаш-Тилек айылына чогулган кыргыз жарандары Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган негизги жолду тоскону кабарланууда. Алардын саны болжол менен беш жүз чакты.

Ошол эле учурда Сох анклавына Өзбекстандын башка аймактарынан кошумча күчтөр киргизилген. Маселен, Өзбекстан районунун ички иштер бөлүмүнөн 60, Фергана облустук ички иштер башкармалыгынан 50 милиция кызматкери бул аймакка жөнөтүлгөн. Ошондой эле Кува-Сай аскердик бөлүгүнөн дагы жоокерлер келип, Хушяр айылы менен Согмент айылы чектешкен жерге аскердик оор техникалар орнотулганын, 700дөй чек арачы, мындан тышкары десанттык бөлүктүн 300дөй аскерлери киргенин жергиликтүү тургундар айтып жатышат. Бирок бул маалыматты азырынча расмий тараптар такташа элек.

26-майда кошуна эки элдин ортосунда чыр чыгып, чоң чатакка айланып кете жаздаган. Кырдаалды жергиликтүү бийликтер эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салабыз дешкени менен маселе толук чечилбей кала берген.

Чыр жайыт талаштан чыгып, 26-май түнү Өзбекстандын Хушяр айылынан өтүп бараткан кыргыз атуулдарына тиешелүү 3 жеңил унааны кошуналар таш бутага алышып, 3-4 саат барымтада алып отурушкан. Эртеси күнү ага нааразы болгон кыргыз айылынын тургундары чек арага топтолушкан эле. Ошондон бери да өзбек тарап кыргыз жарандарына ыдык көрсөтүүсүн улантып, кыргыз тараптан талкаланган автоунаалардын саны онго жеткени кабарланууда. Учурда Баткен облусунун тургундары Сох анклавына кирбей өтүүчү айланма жолдор аркылуу катташууда.


Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун ичинде жайгашып, Ош-Баткен жолу аны кесип өтөт.

XS
SM
MD
LG