- Кубан мырза, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарында, маселен Түркмөнстандын, Кыргызстандын президенттери менен жолугушуу учурунда адам укуктары тууралуу маселе козгоду. Ушул жолугушуудан кийин адам укуктары жаатында жакшы жакка өзгөрүү болушу мүмкүнбү?
- Албетте, БУУнун алдындагы алган милдеттенмелерди аткарууга ниети бар бийлик адам укуктары жаатында алга жылууларды жасашы толук ыктымал. Бирок аны тез арада аткарылат деп айтуу кыйын. Эгерде сүйлөшүлгөн маселелер аткарылбай турган болсо, БУУнун баш катчысынын сапарынан натыйжа чыгарбаса, анда Кыргызстандын бедели дагы түшөт.
- БУУнун баш катчысы Борбор Азиядагы суу, энергетика маселесин чечүүдө өлкө жетекчилерин диалогго чакырып, маселени биргелешип чечүү зарылдыгын билдирди. Борбор Азия мамлекеттери БУУнун сунушун кабыл алат деп ойлойсузбу?
- Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, БУУ ортомчулук кылган ар бир карама-каршылык, чыр-чатактуу маселелер болгондо өлкө жетекчилиги БУУнун сунушун эске алышы зарыл. Эгерде БУУнун сунушун четке кагып, көзгө илбестен өзүм билемдик кылган мамлекет жетекчилери болсо, анда алар кийинки саясий өнөктүктө, эл аралык деңгээлде урмат сыйга ээ болбой калат.
- Борбор Азия дүйнөлүк бейпилдикти сактоодо негизги ролду ойнойт. БУУ Борбор Азия өлкөлөрүн терроризм, баңгизаттарды ташууга каршы жана башка маселелерде биргелешип күрөшүүгө үндөдү. Өз ара чыр-чатактары көп бул мамлекеттер ушундай көйгөйлөр менен күрөшүүдө бир бүтүмгө келе алышабы?
- Өзгөчө баңгизат боюнча дүйнөлүк деңгээлде жүргүзүлүп жаткан аракеттер, аны менен күрөшүү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн биринчи кезекте маанилүү. Ошого жараша бул жаатта Борбор Азия мамлекеттери биргелешип иштей турган мезгил келгенин баары эле түшүнүп турат. Бирок негизги каршылык, азыр Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын өз ара пикир келишпестиги дүйнө коомчулугуна маалым, анын ичинде бул маселеге БУУ дагы тынчсызданып келет. Ушул маселе боюнча БУУга кошулуп супер державалар дагы "биргелешип аракет кылбасаңар, анда чатагыңар улана берет" деп баш ийдирүүгө үндөш керек болуп турат. Тилеке каршы азыр Борбор Азиядагы жетекчилер жок дегенде биргелешип баңгизат ташууга каршы да күрөш жүргүзбөй жатышат.
- Сиз Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарын кандай бааладыңыз?
- Жалпысынан алганда бул Кыргызстан үчүн абдан чоң ийгилик деп айтсак болот. Бирок Пан Ги Мун мырза бир эле Кыргызстанга эмес, бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттерин кыдырып жатпайбы. Демек бул Кыргызстандын тышкы саясаттагы өзү аракеттенип жеткен ийгилиги эмес. Бул сапарды Кыргызстандын жеке ийгилиги дебестен, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү проблемалар дүйнөлүк деңгээлге жетти деп түшүнүш керек.
- Баш катчы ишемби күнү президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен жолугушуп, парламентте да сөз сүйлөдү. Жолугушууда адам укугу, сөз эркиндигинин абалы тууралуу айтылыптыр. Эми кыргыз бийлиги мындан кандай жыйынтык чыгарышы керек?
- Кыргыз бийлиги бул жолугушуудан бир эле жыйынтык чыгарышы керек. Бул - буга чейинки түзүлгөн кырдаалды оңоп, сөз эркиндиги, адам укугу же демократиянын өнүгүү деңгээли болобу бийиктикке карай умтулушу керек. Азыркы кырдаалды оңдоого аракет кылышы зарыл. Ошондо гана дүйнөлүк коомчулук, БУУ дагы кыргыз бийлигин абалга адекваттуу карап, оң жолго түшүүгө ниети бар экенин түшүнөт.
- Маегиңизге рахмат!