Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Өмүрбек Текебаев: Ач көз капитализмден - жаңы социализмге


Өткөн жумада Россиянын “Справедливая Россия” партиясынын курултайы болуп, ага “Ата мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев башында турган делегация конок катары катышып келди. Эки партиянын лидерлеринин жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сөз болду. Буга байланыштуу Өмүрбек Текебаевди “Азаттык” кепке тартты.

- Өмүрбек мырза, алгач “Справедливая Россия” партиясынын курултайы жана анын учурундагы жолугушуулар тууралуу айтып берсеңиз?

- Жакында Москвада “Справедливая Россия” – “Адилет Россия” партиясынын төртүнчү съезди болуп өттү. Съезддин алдында эл аралык социалисттик форум болуп, ага 28 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Бул съездде “Справедливая Россия” Совет Федерациясынын төрагасы Миронов жетектеген партия өзүнүн жаңы программасын, жаңы концепциясын жарыялады.

Ал концепция “Жаңы социализм” деп аталат. Мына ошентип официалдуу түрдө Россиянын официалдуу бийлигинин деңгээлинде жаңы социализм идеологиясы айтылды. Өзгөчө Советтер Союзунун мурунку өлкөлөрүндө социализм жок болгон эски нерседей болуп көрүнүп келген. Бирок акыркы он жылдагы дүйнөлүк жана регионалдык кризистер фундаменталдык базар, радикалдык рынок экономикасы туура эмес экендигин көргөздү.

Рынок экономикасынын родинасы болгон Американын президенттери дагы тобо дешип, азыр социалисттик, социал-демократиялык методдорду өз өлкөсүндө пайдаланып жатат. Мына ушунун өзү социал-демократиялык, социализм традициялары жаңы заманда жаңыча керек экенин коом, тарых далилдеди.

-“Справедливая Россиянын” лидери Сергей Миронов партиясынын максаты социлизмди куруу деп атады. Сиздердин партиянын максаты да ушундай. Сиздер курууну каалаган социализм СССРдин убагында социализмден эмнеси менен айырмаланат?

- Жок, бул социализм 70-жылдардагы Европадагы социализмден дагы айырмаланат, анткени 21-кылым бул жаңы кылым. Бирок анын негизги максаты ач көз, тойбос капиталдан качышыбыз. Бүгүнкүгө чейин Бакиевдин желеги дагы ушул, мамлекет шал туруп, колунан келбеген кожоюн, коом өзүн өзү башкаралбайт, жеке кызыкчылык гана башкарат деп туруп идеологиянын туу чокусуна жеке кызыкчылыкты койгон.

Мына биз азыр “Ак жол” жетектеген партия РЭСтерди, Бишкек ТЭЦин, Бишкек суусун, Бишкек газын, жер байлыктарын баарын сатыш керек деп атат. Анткени жеке менчик гана, жеке кызыкчылык гана коом үчүн прогресс алып келет деп атат. Ал эми социалисттер айтат: жок, жеке кызыкчылык эмес, жеке кызыкчылык менен бизнес коомдун көзөмөлүндө болуш керек, байлык менчик ээсине гана эмес, жалпы коомго иштеш керек, бизнес социалдык жоопкерчилик болуш керек деген негизги принциптерди коет. Бул ушунусу менен бүгүнкү ачкөз, тойбос капитализмден айырмаланат.

-“Справедливая Россия” бийликтеги партия. Анын лидери Россиянын Федералдык Кеңешинин төрагасы. Сиздер оппозициядасыздар. Кыргызстан менен Россиянын бийлиги болсо достошуп жатканын айтууда... Кызматташуулар кандай болот?

- Ушул кезге чейин Россия өзүнүн эл аралык мамилелеринде, өзгөчө СНГ өлкөлөрү менен эл аралык мамилелеринде өзүнүн моделин кармап келген. Ал модель бийлик менен гана сүйлөшмөй болгон, оппозиция менен таптакыр контакт болгон жок. Бул окуя Россия өзүнүн кыркы карым-катнашында моделин өзгөртүп жатат.

Анткени анын айланасында демокартиялуу өлкөлөр пайда болду. Бул Прибалтика, Украина, Грузия, Молдова. Россияда анын эски модели иштебей калды, бийлик менен гана сүйлөшүп, эли менен сүйлөшпөй коюшту. Ошондуктан менин оюмча Россия дагы өз мамилесин өзгөртүп, Кыргызстанды бийлеген үй-бүлөнүн өкүлдөрү менен гана сүйлөшпөстөн, кыргыз элинин өкүлү болгон оппозициянын өкүлдөрү менен жана башка социалдык-саясий топтор менен байланыш кармап туруу жагына өтөт болуш керек деп ойлойм. Мына ушул жагы менен бул жолугушуу символикалык мааниге ээ.

-Өмүрбек мырза, Манаста Транзиттик борбор түзүүнү курултай кандай кабыл алды?

- Россияда көптөгөн кылымдык мамлекет башкаруу тажрыйбасы, сырткы саясатты жүргүзүү маданияты бар. Алар эч качан оюн "балп" эттирип айтпайт, анткени биз официалдуу адамдар менен жолуктук. Алардын баары бул маселени айланып өтүштү. Бирок негизинен башка коллега официалдуу адамдар менен жолуктук.

Украинадан ж.б. өлкөлөрдөн келген коллегалардын айтышы боюнча, албетте, бул жакшы эмес, алдап кетти деп атышат. Алдап кетти деп ачык да айталбайт, анткени оозэки жүзүндө биздин президент менен Россиянын президенти эмне деп сүйлөшкөнүн билбейбиз. Официалдуу каагаз жагын карасаң баары жайында, биз суверендүү өлкөбүз, каалагандай чечимди кабыл алабыз. Бирок иш жүзүндө бул Россия менен болгон бейформал сүйлөшүүлөр деп бизге Украинанын социал-демократтары айтышты.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG