Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Диний кырдаал боюнча сурооңуз барбы?


TV Azattyk
TV Azattyk

«Ыңгайсыз суроолор» сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы диний кырдаалга арналат. Бул ирет көрсөтүүгө өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев жана эксперт, саясат таануу илимдеринин доктору Орозбек Молдалиев катышмакчы.

Орозбек Молдалиев, саясат таануучу


Бул меймандарга бере турган сурооңуз болсо, анда жарыябыздын астындагы шерине бөлүгүнө алдын-ала жазып койсоңуз болот. Аты-жөнүңүздү, электрондук дарегиңизди жана телефон номуруңузду да жазууну унутпаңыз. Бул маалымат сиз менен кайра байланышуу үчүн керек. Сиздерден курч жана багыттоочу суроолорду күтөбүз.


Каныбек Осмоналиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору
Сиздерди ар аптанын шаршемби күнү Бишкек убакыты боюнча саат 21:00де "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүн көрүүгө чакырабыз.

Шериктерибиз “Манас жаңырыгы” (Бишкек) жана “Керемет” (Ош) сыналгы компанияларынын каналдары аркылуу обого чыгып жаткан бул апталык сыналгы берүү Кыргызстандын жалпы саясатындагы, реформа кыймылындагы, адам укуктарын сактоо жаатындагы, социалдык, экономикалык жана маданий турмушундагы маанилүү, ургаалдуу жана көйгөй маселелерди ырааттуу чагылдырат.
XS
SM
MD
LG