Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

И. Өмүркулов: Жер басып алууга жол берген жокпуз


Бишкек шаарынын башчысынын милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов жерге муктаж адамдардын талаптары кандай чечилээри боюнча кеп салат.

- Жерге муктаж адамдарга кезек менен үйлүү болуу шарты айтылган эле, бул боюнча азыр кандайдыр бир аракеттер башталдыбы?

- Жер басып алуу азыр толугу менен токтотулду, биз мыйзам бузууга жол берген жокпуз. Мындан ары менчик үй салууга жер бөлүнүп берилбейт, себеби шаардын ичинде жарандарга берүүгө жер жок. Биз көп кабаттуу гана үй курууга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз. Кооператив аркылуу, же болбосо көп кабаттуу үйдү курууга катышкандарга мүмкүнчүлүк болот.

- Кезекке туруу маселеси тууралуу айтсаңыз. Сиз өткөндө 1994-жылдан бери шаарда жашагандар гана кезекке тура алаарын айттыңыз эле?

- Албетте мындай кезекте тургандар көп, ондон ашык категория бар: бул бюджеттик тармакта иштегендер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ооган согушуна катышкандар, көп балалуулар дегендей, эми алардын ар биринин өзүнүн кезеги бар. Бирок алардын көбүнүн жанагындай кооператив аркылуу, же болбосо курууга кошулуу мүмкүнчүлүгү жогуна байланыштуу алар кезекте кала берет. Ал эми мүмкүнчүлүктөрү бар шаардын тургундарына ошондой шарт болот.

- Мисалы, мыйзамдуу түрдө жер, же үй алабыз деп он жылдап кезегин күтүп тургандар эмне болот?

- Жок, бул жерде экиге бөлүнүш керек: мамлекеттен бекер үй, кезекке байланыштуу дегендер өзүнчө, кийинки жер басып алып, шаар жетекчилигинин алдына талап коюп аткандар экинчи маселе.

- Экинчи маселе эртерээк чечилип, мурдагы күтүп жүргөн кишилер үйсүз калдык деп кандайдыр бир араздашуу чыгып кетпейби?

- Бүгүн биз жер басып алгандарга жер берген жокпуз, ошондуктан андай нааразычылык болбош керек. Эгерде үлүштүк негизге мурункулар болобу, кийинкилер болобу катышса мүкүнчүлүктөрү бар. Ал эми мурун көп жылдардан бери кезекте тургандар, албетте, кийинки жылдары социалдык турак-жай курулбагандыктан аларга үй алганга мүмкүн болгон эмес. Кудай буйруса азыр бийлик өзгөрдү, Убактылуу өкмөт да ошол маселелерди коюп атат. Эмдиги жылдан баштап республикалык бюджетте социалдык турак-жай курууга албетте каражат каралыш керек.

Кийинки жылдан баштап ушундай катмарга сөзсүз түрдө үй куруп беришибиз керек, болбосо биздин жарандарга кылган мамиле туура эмес болуп калат. Ошон үчүн ошондой ыкма менен үйлөрдү курууга биз мүмкүнчүлүк түзөбүз. Жогоруда айткандай, эгерде республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп бериле турган болсо жылына бир канча үйлөрдү курууга мүмкүнчүлук болот. Албетте көбүрөөк кургандан кийин таратып бере алабыз.

- Үлүштүк негизде деп атасыз, андай негизде болгондо үй алуучулар каражаттын канча пайызын өздөрүнүн мойнуна алат?

- Үлүштүк кошулууга Мэрия тараптан беш жылга 40 пайыз ссуда берүүгө шарт түзүп берип атабыз. Калган 60 пайызын өздөрү кошуп куруш керек. Эми ал негизинен шаарда каттоодо турган жарандарга байланыштуу.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG