Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Нуралыктар жаңы конуштуу болушат


Алайдын Нура айылы.
Алайдын Нура айылы.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов былтыркы зилзадан толугу менен кыйрап калган Алайдагы Нура айылынын тургундары менен жолугушту.

Жергиликтүү калктын айтымында, кыргыз өкмөтү былтыркы зилзаладан толук кыйраган Нура айылын 15-августка дейре калыбына келтирүүнү убада кылган. Бирок ал сөз аткарылган жок. Каргашалуу кырсыктан кыштактагы 152 кожолук турак жайынан ажыраган, тактап айтканда 780 киши башкалкасыз калып, дагыле өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу 107 контейнерде жансакташууда. Мындан тышкары жыйырма чакты түтүн жайлоодон түшпөй, ошол жакта тиричилигин улантууда.

Аталган айылдын тургуну Эркинбай Белеков маалымдашынча, Нурага суук эрте түштү. Ошон үчүн жердештери айталаада калбайбызбы деп чочулаганчалык бар:

- Төрт айдан бери жерпайын эми түптөгөн үйлөр бар. Мына, суук түшө баштады. Кудай билет, ал турак жайлар качан тапшырылат? – деп суроо таштады Эркинбай Белеков. - Мончо, жол-пол жана суу түтүктөрү жакшы эле, өзгөчө кырдаал министрлигинин шарапаты менен бүтүп калды.

Ал эми кыштактын 200дөн ашуун жаштары зилзаладан кийин Ош шаарынын тегерегинен жер тилкесин ажыратып берүүнү бийликтен талап кылып келатат. Бул туурасында Сары-Таш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, генерал Мониев атындагы орто мектептин мугалими Асылкан Абдырахманова мындайча баян этти.

- Жер маселеси боюнча кышта президент Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаевге кайрылуу жолдогонбуз. Мына, айылдын бүтүшүнө мамлекет башчысы келет деп үмүттөнүп турабыз. Ушу проблемага чекит койбосо, арыздануу токтобойт. Себеби, бүгүнкү күнгө дейре Ош шаарынын четинен жер сураган даттануубузга жооп жок.

Кепке кошулган Мырзайым Маткасымова республикалык «Аят-пресс» гезитине Улуттук Илимдер Академиясынын сейсмология институтунун директору Канат Абдырахматов маек куруп, Нурада кыйраган айылдын ордуна кайрадан үй куруп жатканы туура эместигин, ал жер өтө опурталдуу экендигин, кырсык дагы кайталанаарын баса белгилегендигин жарыя кылды.

- «Мынабул саздак аймак. Эл шейит кеткен жерге адамдарды отурукташтырганга болбойт. Кытайда даярдалган үйлөр баары жараксыз» деп бардыгын ачык жазыптыр. - Мырзайым Маткасымова муңайган маанайда сүйлөдү. – Канат Абдырахматовдун жазганына караганда, эки жылдан кийин Нурада катуу жер титирейт экен. Анда дагы үйлөр кадимкидей учат имиш. А киши мурунку зилзала тууурасында да алдын ала айткан турбайбы. Коркуп олтурабыз, мобул үйлөрдү неге салдырдык деп атабыз. Бизге окшогон карылар калып, эми жаштар кокуйлайбы. Өзү былтыр эле көчүш керек болчу. Президент Бакиев түзүк эле айтты. «Кеткиле, чогуу бир жерге отурукташтырабыз!» десе, малды карап өлүп калбадыкпы.

Эл көйгөйүн тыңдаган биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов өз кезегинде суроолорго жооп кайтарып жатып, нуралыктар 25-сентябрда жаңы конушка көчүп кирээрин убада кылды:

- Турак жайлардын сексен пайызы бүтүп калды. Жыйырма пайызы он-он беш күн ичинде аяктайт, -
деди өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Бабанов. – Жанагы үйлөрдү кураардын алдында архитекторлор, сейсмологдор, ошондой эле башка тиешелүү адистер айылдын ордун терең изилдеп туруп, анан тендер жарыялаган. Үйлөрдүн сейсмикалык жактан туруктуулугу 9 баллга чыдайт. Мындан тышкары курулуштун жүрүшү мен жетектеген мамлекеттик комиссиянын такай көзөмөлүндө турат. Бардык аракеттерди жасап жатабыз. Мен ойлойм, мындан ары Нурада жер титирөө коркунучу болбойт. Ал эми зилзаладан жабыркагандар жерди бир гана Ош шаарынан сурашкан жок, Бишкектин тегерегинен да сурап атышат. Ачыгын айтып коеюн, биз бул маселени чечип бере албайбыз. Ар айылга жер бөлүүгө киришсек, биздин мамлекетте анча кишиге жер жетпейт.

Өмүрбек Бабанов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Нура айылын калыбына келтирүүдө анча-мынча мүчүлүштөр бар, ал маселелер өкмөттүн дүйшөмбү күнкү жыйынында каралып, чечилмекчи.

Ошентсе да, Нура кыштагынын бир катар жашоочулары үйлөрдүн курулушу азыркыдай ыргакта улантылса, жакын арада бүтпөй тургандыгын айтышууда. Алар бийликтин убадасынан жалкып калгандыгын, ошон үчүн Президентке өзүнчө өкүл жөнөтүшөөрүн, эгерде чукул чаралар көрүлбөсө, нааразычылык акцияларын уюштурушаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG